Видео: Волан-де-морт Бишкекке кантип келип кеткен

«Гарри Поттерде» Волан-де-Морттун ролун аткарган британиялык актёр Рэйф Файнс — Кыргызстандын аймагында болуп кайткан дүйнөлүк кино жылдыздардын бири. Ал эми Kloop.kgнин башкы редактору — андан интервью алган жалгыз жергиликтүү журналист.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: Бул видео орус субтитрлери менен коштолгон. Эгер сиздерде анын котормолору көрсөтпөсө плеериңиздерди тууралап алыңыздар.

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендердин эскерүүсү:

Файнс Бишкекке келген убакта Kloop.kg ачыла элек болчу. Ал 2003-жылдын 6-октябрында келген.

Ал кезде мен — Kloop.kgнин келечектеги негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин менен бирге — Балдар медиа-борборунда журналистика боюнча окуп жүргөнбүз. Долбоордун өнөктөшү БУУнын Балдар фонду (ЮНИСЕФ) болгон.

Файнс ЮНИСЕФтин элчиси катары Кыргызстанга гуманитардык миссиянын алкагында келген, ошондуктан анын бул сапары тууралуу эч жерде айтылган эмес — актёр анда ЮНИСЕФ кызматташкан бир нече уюмга баруу менен гана чектелген.

Рэйф Файнс Москва жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Рэйф Файнс Москва жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Качан Балдар медиа-борборунан бизге Файнстын келе тургандыгын айтышканда биз баарыбыз тең: «А ал ким?», деген суроону узатканбыз.

Ал кезде Рэйфтин өзү «Гарри Поттердин» төртүнчү бөлүгүндө Волан-де-Морттун ролун аткара тургандыгын билсе керек — ал катышкан тасманы тартуу иштеринин башталаарына жарым жыл калган болчу. Бирок анда анын ысымы бизге эч нерсе жөнүндө айткан эмес.

Ошондуктан биз уят болбойлу деп, жалпы жамаатыбыз менен бирге ошол кезде Файнстын катышуусундагы эң белгилүү болгон «Английский пациент» деген тасманы көрүп, анын өмүр баянын тапкан жерден окуп баштаганбыз. (анда «Википедия» тууралуу эч кимибиз билчү эмеспиз).

Ал кезде Балдар медиа-борборунун жамааты улуттук телеканалдан көрсөтүлчү «Небоскрёб» көрсөтүүсүн даярдачубуз жана албетте мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Файнстан интервью алып калгыбыз келген.

Бирок ЮНИСЕФтин кызматкерлери жолугушууга чейин эле Файнстын дээрлик жашыруун келгендигин жана андан интервью алууга мүмкүн эмес экендигин эскертишкен.

Kloop.kgнин келечектеги негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин атайын Гарри Поттерге окшошууга аракет кылган сыяктуу.
Kloop.kgнин келечектеги негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин атайын Гарри Поттерге окшошууга аракет кылган сыяктуу.

Ал Балдар медиа-борборунда биз менен бир жарым сааттай болду — аны менен бирге ЮНИСЕФтен көптөгөн адамдар, Би-би-синин эки журналисти (алардын бирөөсү Ральфтын эжеси Софи болгон) жана «Мари Клэр» журналынын фотокабарчысы келишкен.

Биз ага «Небоскрёб» берүүсү жана ошондой эле аталышка ээ биздин даярдообуздагы журнал тууралуу айтып бердик. Андан соң өзүбүздүн эң ийгиликтүү эмгектерибиздин бир нечесин көрсөтүп, кеңсебиз (болгону үч бөлмөдөн турган) менен тааныштырдык.

Волан-де-Морт Балдар медиа-борборунун жамааты менен.
Волан-де-Морт Балдар медиа-борборунун жамааты менен.

Файнс кетүүгө камынып жатканда мен кайратымды жыйнап, андан интервью алса болобу деп сурап калдым? Күтүүсүздөн ал макул болду.

Мен буга таптакыр даяр эмес болчумун, ошондуктан суроолорду маектин жүрүшүндө эле дароо ойлоп табууга туура келген. Маек аяктап калганда мага Ринат да кошулуп, Рэйфге бир нече суроо берип калган.

Азырынча мен Файнстан белгилүүрөөк эч бир адамдан интервью ала элек болсом керек.
Азырынча мен Файнстан белгилүүрөөк эч бир адамдан интервью ала элек болсом керек.

Биз ал интервьюнун кичинекей бир бөлүгүн өзүбүздүн көрсөтүүбүздө көрсөтүп, ал күнү тартылган видеонун түп нускасы бар кассетаны араңдан зорго сактап кала алдык.

Чынын айтуу керек, ал кассетаны биз жакынкы күндөргө чейин эле жоголуп кеткен деп жүргөнбүз, бирок апрелдин башында аны Kloop.kg сыяктуу эле Балдар медиа-борборунун бүтүрүүчүлөрү тарабынан негизделген Citylab студиясынын архивинен таап алдым.

Файнс келечектеги белгилүү радио алып баруучу Яна Калининага кол тамгасын коюп берүүдө. Арткы фондо Citylab студиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири боло турган Талгат Бериков.
Файнс келечектеги белгилүү радио алып баруучу Яна Калининага кол тамгасын коюп берүүдө. Арткы фондо Citylab студиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири боло турган Талгат Бериков.

Бирок Файнс тууралуу жаркын элестер андан интервью алган күн менен байланыштуу эмес.

Мен жогоруда айтып өткөн анын эжеси Рэйфа Софи Би-би-си үчүн эртеси даярдала турган сюжетти тартууда котормочу катары жардам берип коюуумду өтүнгөн. Мен албетте макул болдум.

Биз эртеси, 7-октябрда БУУнун үйүнүн китепканасында жолугушууну макулдаштык. Эртеси  мен макулдашылган жерде болжол менен түшкө чейин Би-би-синин журналисттерин күтүп, берилүү менен бир нерсе окуп отургам.

Бир убакта китепканага кимдир бирөөнүн киргенин угуп калдым, бирок ага анча деле маани берген эмесмин. Андан соң көз кырым менен ал адамдын мен тарапты көздөй келе жатканын байкадым (бирок ал чынында башка тарабына барышы керек болчу)

Карасам — ал Рэйф Файнс экен. Ал жөн гана жаныма келип, учурашып туруп иштеримдин кандай экендигин сурады. Ал андай кылбай деле өз иштери менен кете берсе деле болмок — мен бөлмөгө Файнстын өзү киргендигин таптакыр биген эмесмин да.

Жашоомдо мен дүйнөлүк жылдыздардын бир нечесин бетме-бет көргөм — мисалы, «Битлздин» барабанчысы Ринго Старрды, легендарлуу журналист Боб Вудвордду, футболисттер Криштиано Роналдо менен Робин ван Персини, ФИФАнын президенти  Зепп Блаттерди көргөм. Алардын кээ бирлеринин колдорун кысып, суроо берип да калгам.

Бирок Файнс алардын ичинен кайсыл бир кездерде биринчилерден болуп менин иштеримдин кандай экендигине кызыккан жалгыз адам бойдон калууда.

Авторлор: Бектур Искендер жана Хлоя Гейне