Москвага барып айылдашына турмушка чыккан кыз

Жал айылынын жашоочусу Мээримдин турмушка чыгуусун «кинодогудай» десек болот. Бирок чыныгы жашоо мелодрамага анча окшошпойт.

Макалынын түп нускасы Кыргызстандын жамааттык медиасынын сайтына чыккан.

Мээримдин ата-энеси ал кичинекей кезинде эле ажырашып кетишкен. Атасы аялын үч кызы менен таштап, Орусияга кеткен. Ал жактан жаңы үй-бүлө күтүп, отурукташып Орусиянын жарандыгын алган. Качан улуу кызы мектепти аяктаганда ал кызын Москвага чакырган.

Улуу кызы болсо материалдык жактан бир аз бутуна туруп алган соң сиңдисин тарткан.

Мээрим мектепти аяктаган соң анын алдында эми эмне кылуу керек деген маселе турган эмес.

«Үйдө отургам, акча иштеп табыш керек болчу. Айылда эч кандай жумуш жок, ошондуктан эжелерим Москвага алып кетишти. Өтө деле кыйынчылыктарга туш болгон жокпуз, баарын — батирди да, жумушту да атам даярдап коюптур. Кийим сатып иштедим. Биздин документтерибизди тууралып, каттоодон өткөрүшкөн, ошондуктан эч кандай көйгөй болгон жок», — деди Мээрим.

Мээрим жайланышкан батирди бир бала алыптыр. Анын акысын жалгыз төлөө кыйынга тургандыктан жанына дагы бир нече мекендешин алып алган.

Кийинчерээк ал баланын дагы Москвага Жал айылынан баргандыгы жана кайсыл бир кездерде Мээримдерге дээрлик кошуна болуп жашагандыгы белгилүү болгон.

«Алгач биз анын да Жал айылынан экениндигин билген эмеспиз. Көрсө биз кошуна экенбиз: ал жогорку көчөдө, биз төмөнкү көчөдө жашаптырбыз», — деди Мээрим күлүп.

Бара-бара жаштар жакындашып, достошуп кетишкен.

«Мусулмандарча баш коштук, бир жылдан кийин кыздуу болдук. Мекенибизге кайтып келген соң ЗАГСга кайрылдык», — деп улантты Мээрим.

Үч бир тууган тең Моквада иштеп калышып, турмушка чыгышкан. Улуусу менен ортончусу Орусиянын жарандыгын алышкан. А кичүүсү — Мээрим — албай койгон.

«Бизге орусиянын жарандыгын сунушташты, бирок биз балдар үчүн андан баш тарттык», — деп түшүндүрдү ал.

Үч бир тууган тең өз балдарын Жалдагы апасына алып келишип, таштап кетишкен.

«Балдар жок кыйын, алгачкы эки айда абдан кыйын болду, бирок убакыт өткөн сайын көнүп калат экенсиң, — дейт Мээрим. — Улуу эжем уулун алты айында, а ортончусу төрт айлык кезинде таштап кетишкен. Алар балдарына жыл сайын кезектешип келип турушат».

Мээримдин апасы Айгүл неберелерин жалгыз багат. Үй жумуштарын да өзү тейлейт.

«Балдар бир күн бою мультфильм көрүшөт же көчөдө ойношот. Майрамдарда шаарга барып келишет. Улуу неберем мектепке, ал эми кичүүсү бала бакчасына барып калышты. Мага өтө көнүштү, «апа» дешет. Улуу кызым кайын энесиникине алып барганда үч күн чыдашпайт, мага жеткирүүлөрүн өтүнүшөт, кантсе да бирин алты, экинчисин төрт айынан бери багып келе жатам да».

Эми Мээрим дагы эжелеринин жолун жолдоп кичинекей кызын таштап, Моквага иштегени кетти.

Автор: Ольга Барвинская