Бишкектеги джаз фестивалы

Жыл сайын өтүүчү джаз фестивалы Бишкекте 11-апрелде старт алды. Иш-чаранын алгачкы күнү жергиликтүү жана чет элдик аткаруучулар угармандарын классикалык джаздан тарта этно стилиндеги мотивдерге чейинки өтө түрдүү чыгармалары менен кубандырышты.

Фестиваль 11-апрель күнү старт алды.

Аба-ырайынын бүркөктүгүнө карабастан түрдүү өлкөлөрдөн келген джаз аткаруучуларды угууну каалагандар залга толо чогулушту.

Көрүүчүлөрдү негизинен анча чоң эмес топко биригип келишкен жаштар менен музыканын бул түрүн чыныгы баалаган улуураак муундун өкүлдөрү түзүштү.IMG_05761Жергиликтүү джаз музыканттары Австрия, Жапония, АКШ, Германия, Өзбекстан жана Тажикстандан келишкен кесиптештери менен бир сахнада ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Хуго Зигметтин «Пассакалья» аттуу немис квартети коомчулуктун көңүлүнө абдан жакты, анткени музыканын чеберлери угуучуларга чыныгы джаз-вокалчынын сезимдерин тартуулай алышты. Залдагылардын баары алардын саксофондо аткарган күүлөрүнө кошулуп ырдашты болуш керек.

Джаз фестивалы тууралуу Кубан Макешовдун аудиорепортажын угуу:

https://soundcloud.com/kloop-1/99guikx7bq4s

Викрам Рузахуновдун кыргыз джаз триосу джаз - бул саксофондо гана ойноо эмес экендигин далилдеп, аткарган чыгармалары менен угуучулардын көңүлүн көтөрдү. Алар фортепианодо, барабандарда жана бас-гитарада төрт чыгарма аткарышты.

Көрүүчүлөр тарабынан Мария Соломондун австриялык квартети жакшы кабыл алынды. Алардын өзгөчөлүгү курамында жалаң кыздар гана ойногонунда.

«Мага негизинен жакты, бирок баарынан да немис тобунун аткарган чыгармалары абдан жакты, анткени алар ойноп жатканда үндөрдүн уйкаштыгы өзгөчөлөнүп турду. Биздики болсо албетте башкача ойношот», — деп эсептейт фестивалдын көрүүчүсү Кадыр Байматов.IMG_05481Анын пикиринде, Кыргызстанда джаз өнүкпөй эле — музыканын бул түрүн кафеде, ресторанда же үйдө гана угууга болот.

Бишкектин бир катар жашоочулары үчүн джаз фестивалына жыл сайын баруу салтка айланып калган:

«Мага фестиваль абдан жакты. Бул фестивалга мен жыл сайын келгенге аракет кылам. Биздин топторду көрүп, башкаларын угуп дегендей. Өтө кызык, энергия менен кубаттандырат. Мен үчүн жакшы салт болуп калды», — деди Бишкектин жашоочусу Айжан Усубалиева.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Кубан Макешов