Видео: Калуга облусундагы жол кырсыгынан алты кыргызстандык каза болду

Орусиянын Калуга облусунда жүк унаасы менен сүзүшкөн «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен беш жүргүнчүсү каза болду. Алардын бардыгы тең — Кыргызстандын жарандары.

Кырсык 9-апрель күнү Орусиянын Калуга облусунун M-3 унаа жолунда болгон.

Калуга облусунун Жол коопсуздук кыймылы боюнча мамлекеттик инспекциясы билдиргендей, «Хонданын» айдоочусу үргүлөп кетип, унаасы карама-каршы тилкеге чыгып жүк унаасы менен сүзүшкөн.

Жыйынтыгында, «Хонданын» айдоочусу менен дагы үч жүргүнчүсү дароо эле ошол жерден каза болушкан. Дагы эки жүргүнчүсү жергиликтүү оорукана жеткирилишип, бирок алган жарааттарынын оордугунан улам алар да каза болушкан.

Жүк унаасынын регистратору тарабынан тартылып, эртеси интернетке жарыяланган видео чынында эле «Хонданын» каршылаш тилкеге чыгып кеткендигин ырастап турат.

Сокку өтө катуу болгондуктан каза болгондордун денелерин алып чыгуу үчүн куткаруучуларга унааны кесүүгө туура келген.

Автор:  Бектур Искендер