Видео: Бишкектин мэри «Тазалыктын» нааразы болгон кызматкерлери менен жолукту

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын 500гө чукул кызматкери жаңы директордун дайындалышына каршы 10-апрелде митингге чыгышты. Бишкектин мэри нааразы болгондор менен жолугуп, чара көрө тургандыгын убадалады.

Жумушчулар «Тазалыктын» жаңы директорлугуна Абдукерим Сакиевдин дайындалышына нааразы болушуп, анын ордуна ишканада иш тажрыйбасы бар адамдын дайындалышы керектигин айтышты.

Ишкананын кызматкерлери «Тазалыктын» жаңы башчысы жумушчулардын штатын кыскартышы мүмкүндүгүн айтышып, чочулоолорун билдиришти.

Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов нааразы болгон жумушчулар менен жолугуп, Сакиевге өз милдетин аткаруу үчүн үч айлык мөөнөт бере тургандыгын убадалады.

Эгер «Тазалыктын» жаңы башчысы өз милдеттерин аткара албаса анын ордуна башка адам келет, деп жазган CA-News маалымат агенттиги мэрдин айткандарын.