Оторбаев: Оппозициянын митингинен улам Бишкектин ишкерлери 100 млн сом жоготушту

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев оппозициянын 10-апрелдеги митингинен улам Бишкектин ишкерлери 100 млн сомдук зыян тарткандыктарын билдирди.

Премьердин баамында, оппозициянын митинги 100 млн сомдон ашык экономикалык зыян алып келген. Бул тууралуу Оторбаев ишкерлер коомчулугу менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Көптөгөн дүкөндөр жабылган, ишкерлер товарларын алып чыгып кетишкен. Бул иш-чарадан улам Бишкек боюнча эле кеминде 100 млн. сом зыян келтирилген деп баалап жатабыз», — деди ал.

Бирок азырынча өкмөт башчысы билдирген зыяндардын өлчөмүн кандай жол менен эсептеп чыккандыктары белгисиз.

Оторбаевдин айтымында, «саясий туруксуздук» — өлкөнүн инвестициялык климатына зыянын тийгизгендиктен ал Кыргызстандагы ишкердикти өнүктүрүүнүн эң башкы көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат.

10-апрелде бириккен оппозиция Максим Горький атындагы сейил багында миңдеген адамдардын катышуусунда митинг өткөргөн.

Анда демонстранттар бийликти стратегиялык маанидеги ишканаларды орусиялык мамлекеттик корпорацияларга сатып жаткандыгы үчүн сынга алышкан.

Алар бийликтин «Манас» аба майданынын акцияларынын көзөмөл пакетин орусиялык «Роснефть» мамлекеттик ишканасына сатуу ниетине нааразы экендиктерин билдиришти.

Партиясыз парламентарий Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз планын бир айдын ичинде алып чагаарын убадалады. Бирок алар кийинки нааразычылык акциясы качан өтөөрүн так айтышкан жок.

Авторлор:  Хлоя Гейне жана Владимир Цай