СССР кулагандан кийин Бишкек техникалык багыттагы балдар ийримдеринин дээрлик бардыгын жоготкон. Бирок бүгүнкү күндө борбордо үч клуб бар, анда мектеп окуучулары радиобашкаруудагы учактардын кичинекей үлгүлөрүн жасашат.
14 жаштагы Вадим — «Профиль» авиамодель ийримине катышкандардын эң улуусу, бул жакка келип баштаганына эки жыл болду.
«Алгач мени бул жакка досум ээрчитип келгенде мен учактарга кызыкчу эмесмин. Бирок убакыт өткөн сайын мага жага баштады. Мени ээрчитип келген досум кетип калды, а мен калып калдым», — деп эскерет ал.Ал бул жакка аптасына төрт жолу келип, келген сайын өзүнүн сүйүктүү ишине үч сааттан убакыт бөлөт.
Вадимден сырткары Ленин районунун жаштарынын чыгармачылыгы борборунун алдындагы «Профиль» ийримине дагы 10го чукул бала катышат:Борбордогу түтүктөр ушундай көрүнүштөргө ээ:Окутуу бекер болгону менен каалоочулардын саны анча көп эмес:Клуб Советтер Союзу кулагандан кийин, 1994-жылы негизделген. Андан бери анда учакты сүйүүчүлөрдүн үч мууну алмашты.Бир караганда жөнөкөй көрүнгөн учактын үлгүсүн жасоо оңой эмес. Төмөндөгү конструкцияны жасоого чебердин тажрыйбалуулугуна жараша орто эсеп менен жарым жылдан кем эмес убакыт талап кылынат:Вадим эки жылдын аралыгында эки схемалык жана эки радиобашкаруудагы учак конструкциялаган. Анын жасаган учактарынын бири:Видео: Вадим жасаган учактарынын бирин сынап көрүүдө:
Алгач ар бир бала учактын үлгүлөрүн кагаздан, анан пеноплекстен, андан кийин гана чыныгы жыгачтан жасашат. Сүрөттө пеноплекстен жасалган учак:Амир (оңдо) — ийримге катышкандардын эң кичүүсү, ал пеноплекстен учак жасоо менен алектенет жана азыртадан эле аскер техниги болсом деп кыялданат:Окутуучу Владимир Рыбалкин «Манас» аба майданында инженер болуп иштейт. Учактарсыз жашоосун элестете албаган ал клубда да сабак берет:Ал балдардын жетишкендиктери тууралуу сыймыктануу менен айтып берди — алар эмгектеринин бир катарын өз мекендеринде гана эмес коңшу Казакстандагы сынактарга алып барышкан:«Мен үчүн спорттук жетишкендиктер экинчи планга жылууда, учурда мага жаштарды көчөнүн жаман таасирлеринен алыстатуу маанилүүрөөк», — дейт ал:Баяндоо үстүбүздөгү жылдын 26-27-апрель күндөрү өтө турган Экинчи билим фестивалынын алкагында даярдалды. «Клооп» фестивалдын демилгечилеринен болгон «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондусунун расмий медиа-өнөктөшү болуп саналат.
Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Дарина Манасбекова