Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими жокко чыгарылды

Бишкек шаардык соту митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтүн бир айдан бир аптага, 7-апрелге чейин кыскартты. Мындай чечимдин кабыл алынышына Башкы прокуратуранын доо арызы себеп болду.

Ошентип, митинг өткөрүүгө киргизилген убактылуу чектөөлөрдүн мөөнөтү бүгүн, 7-апрелде аяктады.

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө бир айга чектөө 31-март күнү, оппозициянын ири масштабдагы курултай өткөрө тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин киргизилген.

Ал чектөөлөргө ылайык, борбордук «Ала-Тоо» аянтында, ошондой эле парламент менен өкмөттүн имараттарынын алдында митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.

Бишкек райондук сотунун басма сөз катчысы Мурат Адылов Kloop.kgге берген маегинде тыюу салуунун мөөнөтү менен бирге митингди өткөрүүгө сунушталган орун боюнча да чечим жокко чыгарылгандыгын билдирди.

Биринчи май райондук соту оппозицияга акциясын шаардын борборунда орун алган Максим Горький атындагы гүлзарда өткөрүүнү сунуштаган.

«Бул боюнча да иш жүргүзүү токтотулду, тактап айтканда, соттун акциялар менен чогулуштарды кайсыл жерде өткөрүү боюнча чечим чыгарууга укугу жок», — деди басма сөз катчы.

Талаштуу чечим

Биринчи май райондук сотунун митингдерди өткөрүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизүү чечими укук коргоочулар, ошондой эле Башкы прокуратура жана акыйкатчы аппараты сыяктуу бир катар мамлекеттик органдардын сынына кабылды.

Өлкөдөгү ири укук коргоо уюмдары — «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы менен адам укуктары боюнча «Кылым Шамы» борбору — райондук бийликтин чектөөлөрүн мыйзамсыз деп атап, анын Конституциядагы «Тынчтык жыйындар жөнүндөгү» мыйзамга каршы келе тургандыгын билдирген.

Анда укук коргоо уюмдары Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими боюнча даттанууга ниеттенишип, жергиликтүү бийликтин мындай чечими боюнча тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен көзөмөлдөө органдарына кайрылышкан.

Атамбаев митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү колдоор-колдобосун так айткан эмес.
Атамбаев митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү колдоор-колдобосун так айткан эмес.

Чектөөлөрдүн киргизилишин Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев дагы сынга алган.

«Бул кадамдар ушундай эле тыюулар менен өздөрүнүн түбүнө жеткен мурунку режимдин убагына алып барат», — деп билдирди ал.

Тыюу салуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев дагы өз пикирин билдирген. Бирок ал чечимди колдой тургандыгын же ага каршы экендигин так айткан эмес.

Атамбаев өзүнүн басма сөз катчысы аркылуу митингдерге чектөө киргизген Биринчи май райондук сотунун чечимин «түшүнүктүү жана көпчүлүк бишкектиктердин пикирин көрсөтүп турат» деп эсептээрин билдирген.

Ошондой эле өлкө башчысы шаар бийлигин жарандардын тынчтык жыйындарга чогулууга болгон укуктарын сыйлоого чакырып, митингдердин көйгөйүн чечүүнүн «оптималдуураак жолун» сунуштаган.

Акцияларды өткөрүүгө каршы мындай чектөөлөрдүн буга чейинкиси бийлик тарабынан мурунку президент Курманбек Бакиевдин убагында колдонулган.

Бийликтин кооптонуусу

Бишкектин Биринчи май райондук администрациясы массалык митингдерди өткөрүүгө 31-мартта — «Ала-Тоо» аянтында оппозициянын курултайы өтүшү керек болгон күнү чектөөлөрдү киргизген.

Райондук администрация чектөөлөрдүн киргизилишин «курултайдын жүрүшүндө адамдардын көптүгүнөн Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен 2012-жылдын октябрында өткөн митингдей болуп кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүндүгү менен түшүндүргөн.

Ошондой эле Биринчи май райадминистрациясы өзүнүн пресс-релизи аркылуу оппозициянын митинги 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын төрт жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чараларга тоскоолдук кылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Администрация башчысы Аскербек Алиев митингдер унаа тыгындарын пайда кылып, шаар тургундары менен борбордун конокторуна ыңгайсыздыктарды жаратпашы керек деп эсептейт.

«Бардыгыбыз тең мыйзамды сакташыбыз керек. Эгер митингдер болсо алар парламенттин темир тосмосунан ашып өткөндөй эмес, цивилизациялуу жол менен өткөрүлүшү керек», — деген ал Kloop.kgге берген маегинде.

Оппозициянын курултайы

Бирок оппозиция митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизилгендиги белгилүү боло электе эле курултайын 10-апрелге жылдырган.

30-март күнү оппозициянын курултайын уюштуруучулардын бири, экс-депутат Садыр Жапаров Бишкек милициясынын митинг тууралуу өз убагында билдирүү берилбегендиги боюнча эскертүүсүнөн улам акциянын белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылгандыгын билдирген.

Садыр Жапаров 10-апрелде курултай өткөрө тургандыгын билдирди.
Садыр Жапаров 10-апрелде курултай өткөрө тургандыгын билдирди.

Жапаров өлкөнүн Конституциясына ылайык, жарандар тынчтык акциялары тууралуу алдын ала бийликке билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү эмес деп эсептеп, бирок митингди өткөрбөй туруу чечимине келген.

«Ата-Журт» партиясынын мурунку депутаттары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев, ошондой эле парламенттин партиясыз эркин депутаты Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция курултайда парламенттик башкаруу системасынан президенттик-парламенттик башкаруу формасына өтүүнү талап кылганы жатышат.

Андан сырткары демонстранттар «Кумтөр» алтын кенине байланышкан маселелерди козгошот.

Бул оппозициянын алгач 17-мартка белгиленген курултайынын экинчи жолу жылдырылышы. 17-мартта өтүшү керек болгон курултай «провокацияларга жол бербөө максатында» 31-мартка жылдырылган болчу.

Автор: Хлоя Гейне