Революция-2010: Kloop.kgден видеолордун толук архиви

Kloop.kgнин редакциясы 2010-жылдын 7-апрель күнү журналисттери тарабынан тартылган видеолорду бириктирип, ал күндүн видеохроникасынын толук архивин  чогултту.

2010-жылдагы революциянын төрт жылдыгына карата Kloop.kg ошол күнү редакциянын командасы тарабынан тартылган видеолорду толугу менен жарыялоону чечти.

Биз бул видеону жарыялоо менен окуяга эч кандай баа бербейбиз — жөн гана видеоархивди толугу менен хронологиялык тартипте сунуштайбыз.

Видео Creative Commons лицензиясынын негизинде жүктөлдү жана каалаган адам аны биздин уруксатыбыз жок эле өзүнүн жеке керектөөлөрү үчүн пайдалана алат.

Сиздер 2010-жылдын 7-апрелинде эмне кылдыңыздар эле? Ал күндөгү элестөөлөрүңүздөрдү материалдын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазыңыздар.

Авторлор:  Ринат Тухватшин жана Бектур Искендер