Бийлик «Ала-Тоо» аянтында митинг өткөрүүгө бир айга тыюу салды

Биринчи май райондук соту Бишкектин борбордук аянтында митинг өткөрүүгө 1-майга чейин тыюу салды. Бул оппозиция жакында чоң курултай өткөрө тургандыгын билдиргенден кийин орун алууда.

31-март күнү Бишкектин бийлиги оппозициянын «Ала-Тоо» аянтында курултай өткөрүшүнө тыюу салып, акцияны өткөрүүгө Максим Горький атындагы сейил багын сунуштады.

Акция өткөрүүгө чектөө киргизилген жерлерге «Ала-Тоо» аянты жана парламент менен өкмөт үйүнүн имараттарынын айланасындагы аймактар киргизилген. Чектөөлөр үстүбүздөгү жылдын 1-майын чейин күчүндө болот.

Бийлик акцияларды өткөрүүгө каршы мындай чектөөлөрдү киргизүүнү мурунку президент Курманбек Бакиевдин убагында колдонуп келген — анда укук коргоочулар чектөөлөр Конституция менен жарандардын тынчтык жыйындарга чогулууга болгон укуктарына каршы келээрин айтып чыгышкан болчу.

Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын билдирүүсү боюнча, чектөөлөрдүн киргизилиши курултайдын жүрүшүндө Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен 2012-жылдын октябрында өткөн митингдей болуп адамдардын көптүгүнөн кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымалдыгына байланыштуу.

Администрация жетекчиси Аскербек Алиев Kloop.kgге берген маегинде «бир эле жерде ар кандай талаптар менен бир нече митинг өткөрүүгө болбой тургандыгын» билдирди. Анын айтымында, акция өткөрүүгө 31 уюм билдирме жөнөткөн.

«Ташиевдин [экс-депутат Камчыбек] тарапташтары 2012-жылдын октябрында «Ала-Тоо» аянтында акция өткөрүшкөн. Алар дагы мыйзамга каршы эч кандай аракеттер болбойт деп айтышкан. Бирок кээ бирде көп сандаган адамдар көзөмөлдөн чыгып кетишет. 3-октябрдагы митинг эмне менен аяктагандыгын баарыбыз билебиз», — деди Алиев.

Администрация жетекчиси митингдер унаа тыгындарын жаратып, шаар тургундары менен борбордун конокторуна ыңгайсыздыктарды жаратпашы керек деп эсептейт.

«Бардыгыбыз тең мыйзамды сакташыбыз керек. Эгер митингдер болсо алар парламенттин темир тосмосунан ашып өткөндөй эмес, цивилизациялуу жол менен өткөрүлүшү керек», — деди ал Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен парламент имаратынын алдында өткөн 2012-жылдын октябрындагы митингди эскерип.

Курултай жылдырылды

30-март күнү оппозициянын курултайын уюштуруучулардын бири, экс-депутат Садыр Жапаров Бишкек милициясынын митинг тууралуу өз убагында билдирүү берилбегендиги боюнча эскертүүсүнөн улам акциянын белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылгандыгын билдирген.

Жапаров өлкөнүн Конституциясына ылайык, жарандар тынчтык акциялары тууралуу алдын ала бийликке билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү эмес деп эсептегени менен митингди өткөрбөй туруу чечимине келген.

«Мыйзамдарды сактап, бизден күнөө кетпесин үчүн эртеңки боло турган Курултайды дагы бир жолу белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур болдук. Көпчүлүк элдин мыйзамдарды бузбайлы деген өтүнүчүн дагы эске алдык. Биз бир дагы жараныбыз жабыр тартып калышын каалабайбыз», — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Жапаров митинг өткөрүү боюнча шаар бийлигине билдирүү бербегендигин мойнуна алганы менен курултайдын уюштуруучуларынын бири, мурунку юстиция министри Мукар Чолпонбаев билдирүү дем алыш күндөрдүн алдында, 28-мартта жөнөтүлгөндүгүн билдирген.

«Көрсө 29-30-марттар бизде дем алыш экен. А алар [Бишкек мэриясы] эки иш күн калганга чейин бергиле дешиптир. Ошондуктан бизге митинг өткөрүүгө тыюу салышты. А адамдарга зыян келтирүү — бул менин адатым эмес», — деди Чолпонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Жапаров курултайдын качан өтөөрүү тууралуу 10-апрелге чейин кабарлана тургандыгын айтып, убада берди.

«Ата-Журт» партиясынын мурунку депутаттары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев, ошондой эле парламенттин партиясыз эркин депутаты Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция курултайда парламенттик башкаруу системасынан президенттик-парламенттик башкаруу формасына өтүүнү талап кылганы жатышат.

Андан сырткары демонстранттар «Кумтөр» алтын кенине байланышкан маселелерди козгошот.

Бул оппозициянын алгач 17-мартка белгиленген курултайынын экинчи жолу жылдырылышы. 17-мартта өтүшү керек болгон курултай «провокацияларга жол бербөө максатында» 31-мартка жылдырылган болчу.

Автор:  Хлоя Гейне