«Талисман» кыргыз тасмасы кантип тартылган? [+видео]

«Талисман» тасмасынын режиссеру менен актерлору Kloop.kgге берген маектеринде кино тартуу процесси жана кандай кыйынчылыктарга туш болгондуктары тууралуу айтып беришти.

«Талисман» — бул кыргыз жана немис киночуларынын биргелешкен долбоору. Тасмада акча иштеп табуу максатында шаарга келген эки дос жөнүндө айтылат.

Анда башкы каармандардын ролдорун ырчы Мирбек Атабеков, бильярд боюнча чемпион Каныбек Сагынбаев, актерлор Айжамал Жакеева жана Мирлан Абдулаевдер аткарышкан.

Тасманын режиссерлору Талгат Асыранкулов менен Жакен Чотой. Сценарийин жазган — Цунваз Арбуду.

Жакен Чотой: «Талисман» тасмасынын сюжети Бишкекке келип, ар дайым аларга ийгилик алып келген кызды жолуктурушкан эки дос бала жөнүндө. Алар кызды өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктары, максаттары үчүн пайдалануу чечимине келишет. Андан соң алардын бири кызды жактырып, сүйүп калат. Анан достор эмнени тандап алышат? «Акча жеңеби же сүйүүбү» — идеясы ушундай.

Айжамал Жакеева: Менин биринчи тасмам  "Гу Чжун Пего кантип турмушка чыгууга болот?" тасмасы. Ага болжол менен 16 жашымда кокустан эле катышып калгам. Мен эч качан актриса болом деп ойлочу эмесмин. Аны Данияр Абдыкеримов тарткан. Андагы чыгармачылык топ 25 гана кишилен турса, «Талисманды» жаратууда 50гө чукул адам жүрдү.Skrinshot-20.03.2014-151902Мирлан Абдулаев: Кайсыл гана сценарийди албаңыз аны Голливуд эбак эле тартып койгон. Ошондуктан бир эле сценарий төрт кишиге берилип, аларды режиссер катары тартышса төртөөнүкү төрт башка тасма болуп чыгат. Тактап айткандай, ким кандай жеткирүүгө аракет кылса ошондой болот. Албетте кайсы бир жерлери, кайсы бир нерселери окшош болуп калышы мүмкүн, кантсе да биз кичинекей шаарда бирге жашайбыз да.

Жакен Чотой: Биз шаарды ушунчалык таза, жашыл жана заманбап көрсөткүбүз келген. Ага ылайыктап ошондой жерлерди тандап, ошол жерлерде тартууга аракет кылдык. Бирок тасмада Ош базарда, Чүй облусунда жана Ысык-Көлдө да тартылган жерлери бар.

Айжамал Жакеева: Биз катердин үстүндө да тарттык. Бирок өтө оор болду, анткени анын рулу таптакыр иштебейт экен, а аны башкаруу керек болчу. Бул тасмага рахмат, көп нерсени үйрөндүм. Мен эч качан парашют менен секирип көргөн эмесмин — секирдим. Катерди башкарып көргөн эмесмин — башкарганды үйрөндүм.Skrinshot-20.03.2014-152115Жакен Чотой: «Бишкек паркта» тартып жатканыбызда ал жакта бомба бар экендиги тууралуу билдирүү болду. Бизге жабдууларды калтырган бойдон бардык чыгармачыл топ менен бирге сыртка чыгууга туура келди. Камера менен эле башка актерлорду гана алып чыгууга жетиштик. Калганынын бардыгы тең имараттын ичинде калган.

Баса, ошондо Каныбек Сагынбаев өтө күлкүлүү абалда калган. Биз соода борборунда анын кийинип жаткан сценасын тартып атканбыз. Ага түнкү фланель дамбал жана көйнөк кийгизгенбиз. Дал ошол маалда бамба бар деп элдин баарын сыртка чыгарып башташты. Каныбек да ошол кийимдери менен сыртка чыкты. Сыртта бардыгы кадимкидей кийинип жүрүшсө ага жаңы гана уктап турган адамдай болуп турууга туура келген.Skrinshot-20.03.2014-152248Айжамал Жакеева: Тасмада жайындагы окуяны тартканда жеңил кийинип, жылуу көрүнгөнү менен чындыгында кеч күз болуп, кыйла эле суук болчу.

Жакен Чотой: Жаңжалсыз болбойт, бул деген жумуш да. Адамдын алын кетирүүчү өтө оор эмгек. Кээ бирде 12-14 саат бою иштеген күндөр болот. Андыктан дайыма жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Андай учурларда жалгыз гана тамашакөйлүк менен жолдоштордун колдоолору куткара алат.

Айжамал Жакеева: Үн режиссер бизге петличкаларды эртең менен тагат да кечке чейин албай жүрөбүз. А биз улам эле ал жөнүндө унутуп калып, кимдир бирөө телефон аркылуу, башкалары бири-бири менен жеке маселелери жөнүндө сүйлөшүп киришет. Анан үн режиссер келип: «Бүтү, жеке маселеңер тууралуу сүйлөшпөгүлө, мен андайларды уга албайм», дечү.[...]

Баарынан да мага ыйлаган учурду аткарган өтө оор болду. Ал учур мага жакпайт.Skrinshot-20.03.2014-152034Мирлан Абдулаев: Негизинен мен киного өзүмө  суктануу үчүн келгеним жок. «Талисман» баш болгон өзүмдүн тасмаларымдын көбүн көрө да элекмин. Тактап айтканда, мага баарынан да тасма жаратуу процесси маанилүү. Мен андан ыракат алам. А тасманы көрүүчүлөр кандай кабыл алышат бул алардын өзүлөрүнөн.

Жакен Чотой: Биз тасманы жакшы, жарык маанайдагы анча узун эмес кылып тартууга аракет кылдык. Кандай болгонун көрүүчүлөр баалашат.

Айжамал Жакеева: Эч качан бардыгына жага албайсың. Жүз адам болсо — жүз пикир болот.

Автор: Мария Гребнева