Активист Илья Лукаш «коркутуулардан» кийин Кыргызстандан чыгып кетти

Бажы биримдигине каршы жана Украинадагы «Евромайданды» колдогон акциялары менен белгилүү активист Илья Лукаш «коркутуп-үркүтүүлөр жана басым жасоолордон улам» Кыргызстандан чыгып кетти.

Активист өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына үстүбүздөгү жылдын февралынын соңунда аны башка өлкөлөрдүн «кызыкчылыктарын таңуулап жатат» деп айыптап, сүрөтүн өрттөгөн «Калыс» кыймылынын аракеттеринен улам Кыргызстанда калуу «чынында эле коркунучтуу» болуп жаткандыгын жазды.

«Коркутуп-үркүтүүлөр, басым жасоолордон улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасызмын. Мени аткарылбай калган пландар менен кыялдар үчүн кечирип койгула. Бирок кетип калуу — бул урушта жеңилип калуу дегенди билдирбейт, мен баарыңарга кайра кайтып келем, мүмкүн жакын аранын ичинде», — деп жазган Лукаш өз билдирүүсүндө.

Активисттин айтымында, ал учурда достору жашап жаткан Украинанын Львов шаарына багыт алган.

«Өз жумушуман эптеп 300 доллар алып Кыргызстандан чыгып кеттим. Эми Львовдогу мага кайдыгер эмес, өз жардамдарын сунушташкан адамдардыкында болом», — деп билдирди ал.

Лукаш Бажы биримдигине кирүүгө каршы өткөргөн акциялары жана украинлык «Евромайданды» колдоп келгендиги менен белгилүү».

Аны андай акция өткөргөндөн кийин бир нече жолу милицияга чакырышып, Украинадагы бийлик алмаштырууну колдоо аракеттери тууралуу эскертип турууну өтүнүшкөн.

Өз кезегинде Лукаштын ишмердүүлүгү «Калыс» жаштар кыймылынын нааразычылыгын жараткан — алар активистти башка өлкөлөрдүн «кызыкчылыктарын таңуулап жатат» деп айыптап, анын сүрөтүн өрттөп, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында «батышка каршы» акция өткөрүшкөн.

Активист дарегине айтылган айыптоолорго жооп катары «Калыстын» эмне себептен дал ага каршы акция өткөрүп, анын сүрөтүн өрттөгөндүгүн түшүнбөй жатканын айткан.

«Мен эч качан Американын элчилигинде иштеген эмесмин, байланышым да жок. Менин сүрөтүмдү дал ошол жакта өрттөөнүн кандай кажети бар эле, түшүнгөн жокмун», — деди активист.
Ал аталган кыймылдын мүчөлөрү айтып жаткандай гей-активист эмес экенин кошумчалады — анын айтымында, бул адамдарды коркутуу үчүн жалган жалаа жабуу.

«Качан логикалык аргументтер түгөнгөндө жалган нерселерди арта салуу башталат [...] Бул адамдан «каракчы» издөө дегенди билдирет. Эгер мени менен бир нерсе болсо ал үчүн «Калыс» кыймылын жоопкерчиликтүү деп эсептегиле, анткени мага карата ошолор душмандыкты тутантып жатышат», — деп билдирген ал буга чейин.