8-марттан тарта уюлдук байланышты колдонуу үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет. Ага ылайык сим-карта сатып алууда аны каттатуу зарыл болот. Kloop.kgнин редакциясы эң көп суралган суроолорго жооп алды.

  • Учурда пайдаланылып жүргөн сим-карталарды кантип каттоодон өткөрүү керек?

8-мартка чейин сатып алган сим-карталарды паспортуңуз менен байланыш операторуңуздун кеңселерине барып каттоодон өткөрүүңүз зарыл. Эгер бир жылдык мөөнөттүн ичинде каттоодон өткөрбөсөңүз сим-картаңыз жараксыз болуп калат.

Ал эми паспорту же өзүнүн ким экендигин тастыктаган документтери жок адамдар сим-карталарын жакындарынын же туугандарынын атына каттатса болот.

Алсак, телефон менен пайдаланган мектеп окуучулары үчүн сим-картаны ата-энелери өзүлөрүнө каттатып, андан кийин балдарына беришет.

  • Корпоративдик номурлардын ээлери эмне кылуулары керек?

Корпоративдик номурлар бул кызмат менен пайдаланууну каалаган уюм же мекеменин өкүлүнүн атына катталат. Андан соң компаниядагы корпоративдик номурлар үчүн жоопкерчилик алган адам аларды башка кызматкерлерине таратып берет.

  • Сим-карталар кайсыл жерлерде сатылат?

Оператордун лицензиясынын көчүрмөлөрүнө ээ атайын диллердик жайлар уюштурулат. Андай жайлар номурларды каттоого алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Алсак, эгер байланыш оператору кайсыл бир күркөгө макулдашуунун көчүрмөсү, келишим баракчасы сыяктуу ыйгарым укуктарды берсе, күркөнүн ээси абоненттерди белгилеп жазып алып, аларга номур бере алат.

Жарандан ким экендигин тастыктаган документтердин бири (паспорт/ID карта) гана талап кылынат.

  • Чет элдиктер кантип сим-карта сатып алышат?

Чет элдик жарандар сим-карталарды чет мамлекетке баруу үчүн өз өлкөсүндө берилген паспортторун көрсөтүү менен ала алышат.

  • Жарандыгы жок адамдар кантип сим-карта сатып ала алышат?

Жарандыгы жок адамдар сим-картаны өз туугандары же жакындарынын атына каттатса болот. Бирок андай учурларда эгер мыйзам бузула турган болсо, жоопкерчилик сим-карта катталган адамга тагылат.

Кайра каттоо мүмкүнчүлүгү дагы бар. Ал деген биринчи эки тарап тең арыз жазып калтырышат. Эгер документи жок киши паспортун кайра калыбына келтирген болсо, ошол номерди кийин өзүнүн атына өткөрүп алса болот.

  • Тарифтештирүүнүн эрежелери өзгөрөбү?

Жаңы эрежелерге ылайык, сүйлөшүүлөрдүн алгачкы үч секунду бекер болот.

Буга чейин сүйлөшүүлөр үчүн биринчи секунддан баштап акы алынып келген. Эми жаңы эрежелерге ылайык, сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү секундунан баштап акы алына баштайт, тактап айтканда, алгачкы үч секунд сүйлөшүү бекер болот.

  • Айыл жергесиндегилер сим-карталарын кантип каттоодон өткөрүшөт?

Айыл жергесиндеги жашоочулар өз сим-карталарын дилердик жайлардан каттоодон өткөрүшсө болот. Ал үчүн бир жыл убакыт берилет.

Материалды даярдоого Мамлекеттик байланыш агенттигинин басма сөз катчысы Нуркамал Турсунбекова көмөктөштү.