Киевге саякат: Майдандагы өзгөрүүлөр

2013-жылдын декабрынын башында кыргызстандык журналист Артём Слонь жаңы гана башталган «Евромайдан» тууралуу сүрөтбаян даярдоо үчүн Киевдеги Майданда болуп кайткан. Арадан үч ай өткөн соң ошол эле аянтка анын мекендеши жана кесиптеши Бектур Искендер да барды. Бул убакыт аралыгында Киевдин башкы аянты кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгон?

Макаланын бардык бөлүктөрү:

Мындан ары баян Бектур Искендердин атынан жүрөт.

Менин досум Артём Слонь Киевге «Беркуттун» жардамы менен «Евромайданды» кууп таратууга болгон бийликтин алгачкы аракети орун алган 2013-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү барган.

Бүгүнкү күндө «Евромайдандын» дээрлик бардык активисттери ал күндөр Украинанын борборундагы демонстрациялардын эң маанилүү учурларынын бири болгондугуна ишенишет.

Бул жерде айтылып жүргөндөй, Украинанын Европага багыт алган саясатын колдогон митингдерди Киевдин либералдуу көз караштагы «креативдүү жаштары» башташкан жана алгач алардын саны анча деле көп эмес болгон.

Эгер алгачкы жараат алгандар пайда болгон ошол күнү «Беркут» тарабынан катаал кууп таратуулар болбогондо «Евромайдан» өз максатына жетпей деле калмак.

Андагы чогулгандарды таратуу аракеттери Украинанын көптөгөн жашоочуларынын кыжырларын келтирип, 2-декабрдан баштап Майдандагы адамдардын саны кескин көбөйүп кеткен — эң көп дегенде 1 миллионго жакын, кеминде он миңдеген кишиге жеткен.

Дал ошол күндөрү Артём Слонь Киевде болчу — ал Украинанын борборуна ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынын чагылдыруу үчүр барган.

Анда Майдандагы кырдаал тынч болчу — аянтта Киевдин креативдүү жаштары байкалып турганы менен оппозициялык саясий кыймылдар менен «Правый сектордун» улутчулдары митингге активдүү катыша башташкан.

Слонь өз сүрөтбаянын даярдап келгенден бери Майдан революциянын мүмкүн болгон баскычтарынын бардыгын тең — активдүүлүктүн мизин кайтаруу, андан соң жаңы чабуул жасоо аракеттеринен кийинки кайрадан күч алуу, алгачкы курмандыктар, акыры жыйынтыгында президент Виктор Янукович алгач оппозициянын койгон шарттарына макул болуп, андан соң өлкөдөн чыгып кетүүсүнө алып келген кандуу кагылыштарды — басып өттү.

Мен Майданга февралдын соңунда бардым. Өткөн аптадагы кандуу кагылышуулардан кийин эми бул жер Слонь көрүп келгенден таптакыр башкача көрүнүштө.

Бул үч айдын ичинде Майдан кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду? Мен Киевдин башкы аянтын кесиптешим тартып алган өңүттөрдүн дал өзүнөн сүрөткө тарттым.

Майдандын жалпы көрүнүшү:

2013-жылдын декабрынын башында02-Majdan-Nezalezhnosti-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAИнститут көчөсүндөгү тосмолор:

2013-жылдын декабрынын башында04-Vse-na-barrikady--1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAКрещатикдеги тосмолор:

2013-жылдын декабрынын башында05-Nado-budet-i-okopy-budem-ry-t--1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAМайдандагы балаты:

2013-жылдын декабрынын башында06-Elki-Palki-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAАртта Майдандын Глобус соода борбору (оңдо) менен Октябрь ордосу (солдо):

2013-жылдын декабрынын башында07-smotryashhij-za-majdanom-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

kyiv-feb27_0013Майдандын түндүк чегинен карагандагы көрүнүш:

2013-жылдын декабрынын башында08-Styagi-revolyutsii-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

kyiv-feb27_0012Эгемендүүлүк белгисинин түбү:

2013-жылдын декабрынын башында9-...-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAЭгемендүүлүк белгиси:

2013-жылдын декабрынын башында10-Mesto-stolknoveniya-mitinguyushhih-s-pravoohranitel-ny-mi-organami.-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAЭгемендүүлүк белгисинин ички тарабы:

2013-жылдын декабрынын башында11-obshhestvennoe-pitanie-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAМайдандын көрүнүшү, арткы жагындагы имарат Профсоюздар үйү:

2013-жылдын декабрынын башында12-Hipster-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAПрофсоюздар үйүнүн колонналары:

2013-жылдын декабрынын башында13-sbory--1024x7642014-жылдын февралынын аягында

kyiv-feb27_0011Майдандын көрүнүшү, арткы жагындагы имарат почтанын шаардык бөлүмү:

2013-жылдын декабрынын башында14-prodovol-stvie-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

kyiv-feb27_0014Майдандын так борбору:

2013-жылдын декабрынын башында20-ne-zaby-vaem-derzhat-gradus-1024x7642014-жылдын февралынын аягында

OLYMPUS DIGITAL CAMERAПрофсоюздар үйү:

2013-жылдын декабрынын башында21-Pryamaya-translyatsii-s-verhovnoj-radoj-Ukrainy--1024x7642014-жылдын февралынын аягында

kyiv-feb27_0015Майдандын түндүк тарабындагы тосмолор:

2013-жылдын декабрынын башында23-Vhod-v-Evropu-1024x7642014-жылдын февралынын аягындаkyiv-feb27_0010Туура өңүттү кармоого жардам берген киевдик журналист Наталья Фоловчукка өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Автор: Бектур Искендер