Киевге саякат: Янукович бийликтен кеткенден кийинки алгачкы күндөр (III бөлүк)

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер президент Янукович бийликтен кеткенден кийин Украинанын борбору кандай жашап жаткандыгын өз көзү менен көрүү үчүн Киевге барган.

Макаланын:

Мындан ары баян Бектур Искендердин атынан жүрөт.

Макаланын бул бөлүгүндө саясат өтө эле аз болот. Бүгүн мен «Евромайдандагы» окуялардын кайсы тарабындагылар болбосун баатыр катары кабыл алган адамдар жөнүндө айткым келүүдө.

Дарыгерлер жөнүндө.

kyiv-feb26_0010Киевдеги үчүнчү күнүмдүн көбүн шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Михайлов чиркөөсүндө өткөрдүм. Бир апта мурун бул жер «Евромайданда» жарадар болгондор үчүн ооруканага айланган.

Тактап айтсак, «Евромайдандын» алгачкы активисттери бул жакка өткөн жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү орун алган эң биринчи чабуулдан кийин эле жардам сурап кайрылышкан жана чиркөө алар үчүн өз эшигин ачкан.kyiv-feb26_0004Алгач жарадар болгондор үчүн негизги медициналык пункт Майдандын так өзүндө жайгашкан Профсоюздар үйүндө орун алган, бирок 18-февралдан 19-февралга караган түнү  «Беркуттун» кезектеги чабуулу маалында ал имарат өрттөнүп кеткен».

Анда Профсоюздар үйүндөгүлөрдүн көпчүлүгү тирүү качып кутулганы менен өз алдынча кыймылдай албаган жарадардардын бир тобу имараттан чыгып кетүүгө жетишпей калышкан.kyiv-feb26_0019Андан соң медициналык пункт Майдандан алыс эмес жайгашкан Михайлов чиркөөсүнө көчүрүлгөн.

Чиркөөнүн аймагындагы имараттардын биринде операция жасоочу бөлмө ачылган.kyiv-feb26_0002Хирург Тарас Симощак зомбулуктар күч алган 20-февраль күнү тар операция бөлмөсүнө тогуздан керебеттерди коюууга туура келгенин айтат. Ал күндөрү дарыгерлер дээрлик таптакыр токтобостон иштешкен.kyiv-feb26_0020«Жарааттары кайсыл күндө алганына жараша  болду. Алсак, 18-19-февраль күндөрү көпчүлүгү буту-колун жулуп, көкүрөктөрүн жабырланткан гранаталардан алган жарааттары менен келип жатышкан. Ал эми 20-февралда, бейшемби күнү көзгатар мылтыктар менен Калашников үлгүсүндөгү согуштук куралдардан алган жарааттары менен келе башташкан», — деп айтып берди Симощак.

Жарадарларга жардам көрсөтүүдө дарыгерлерден сырткары медициналык кызматтын ыктыярчылары да чоң роль ойношкон. Анда аларга сөзсүз эле тиешелүү адистиктин ээси болуу шарт эмес болгон.kyiv-feb26_0009Алардын көпчүлүгү тез жардам кызматынын адистери менен бирге согуш талаасында иштешип, кээ бирде өздөрү да «Беркуттун» ок атууларына кабылып калган учурлар болгон.

«Чынында бул бийликтин жүзүн көрсөтүүдө, — деди хирург Симощак ал күндөрдү эстеп кыжырланып. — Майданда дарыгерлер кызыл крест алып жүрүшсө да эч нерсеге карабастан бардыгына ок атып жатышты».

Албетте, каршы тарапка да — укук коргоо органдарына карата «евромайданчылар» тарабынан да зомбулуктар болгондугун эч ким танбайт.

Тагдырдын тамашасы менен кээ бир жарадар болгон «беркутчулар» менен милиция кызматкерлерин да Михайлов чиркөөсүнө жеткирген учурлар болгон.

«Биздин балдар жарадар болгон милиция кызматкерлерин да алып келген учурлар болгон. Албетте мен дарыгер катары аларга жардам бердим. Андай учурларда биз биринчи кезекте аларды ооруканага жөнөтүүгө аракет кылчубуз», — деди Симощак.

Михайлов чиркөөсүнүн короосунда дарыгерлер менен жарадарлар үчүн ашкана жана азык-түлүк кампалары жайгашкан атайын лагерь уюштурулган.kyiv-feb26_0006Михаил Гулак — лагердеги ашпозчулардын бири. Ал хирургдар жөнүндө айтып жатып алар «тамакты тандап жегендиктен» дарыгерлер үчүн талаа ашканасына мүнөздүү эмес тамактарды жасап берем деп тамашалады. Кечээ француздарча эт, а бүгүн — салттуу украин колбасаларын даярдаган.kyiv-feb26_0005Тынч кезде Гулак — укук коргоочу жана жактоочу. Эң таң калычтуусу ал Виктор Януковичтин Аймактар партиясынын мүчөсү. Айтымында, болжол менен Януковичтин бийликке келгенине эки жыл болгондон кийин анын президенттен көңүлү кала баштаган, а качан «Евромайдан» башталганда митингчилердин катарына кошулган.

Январда ал кан төгүлгөн биринчи кагылышуулар болгон Грушевский көчөсүнө тосмолорду орнотууга жардам берген. А айыгышкан кагылышуулар башталган өткөн аптада тамак жасоо үчүн Михайлов чиркөөсүнө кеткен.

Андан сырткары ашканада ондогон ыктыярчылар иштешет — алар санитардык-гигиеналык шарттардын бардыгын сактап, кол кап, фартук кийип тамак жасашат.kyiv-feb26_0003Михайлов чиркөөсүндөгү кампалар Киевдин тургундары алып келген азык-түлүктөргө толгон. Бишкектегилердин көбү менден «Евромайдан» кандай каржыланган деп сурап жатышат. Бул суроого так жоопту азыр эч ким бербейт.

Мүмкүн оппозициялык партиялардын артында турган бай адамдар ыктыярдуу түрдө ири суммадагы каражат бөлүшкөндүр. Бирок «Евромайдан» колдоонун эң чоң бөлүгүн — каржылык дагы, азык-түлүк түрүндө дагы — түздөн-түз Киевдин жана Украинанын башка шаарларынын жашоочуларынан алып турду.

Михаил Гулак нан сатып алып Михайловский чиркөөсүнө келген пенсионер тууралуу окуяны айтып берип жатып жашып кетти.

Кимдир бирөө тарабынан супермаркеттин өзүнөн сатылып келинген азык-түлүктүн кезектеги бөлүгү:kyiv-feb26_0007Андан сырткары Киевдин көптөгөн жашоочулары кан тапшыруу үчүн келишкен.

Кан тапшырууну каалагандардын саны ушунчалык көп болгондуктан аларды кабыл алууну токтотуп жатышат, анткени дагы эки аптага жете тургандай кан чогулган. Ошетсе да жарандар кан тапшыруу үчүн келүүлөрүн улантышууда.kyiv-feb26_0001Ал ортодо Михайловский чиркөөсүнүн операциялык бөлмөсүндө жумуш күндөн күнгө азайып барат. Катуу жаракат алгандар андан ары дарылануу үчүн ооруканаларга жөнөтүлгөн. Бир катарлары үйлөрүнө чыгып кетишкен.kyiv-feb26_0012Ошондуктан бүгүн дарыгерлерде эстеликке сүрөткө түшүп алууга убакыт бар:kyiv-feb26_0008Алардын арасында чет өлкөлүктөрү дагы бар. Алсак, молдовалык Юрий (солдо) менен Ирандан келген Наджид (оңдо):kyiv-feb26_0011Мен дарыгерлер менен өткөргөн убакыттын ичинде аларга бир гана бейтап келди — ал «Автомайдан» кыймылынын тишин дарылатып жаткан активисти:kyiv-feb26_0013Жалпысынан Киевдеги абал турукташканы менен Майдандын дарыгерлери азырынча ал жактан кетише элек:kyiv-feb26_0017Мен Крымга барып келүүгө жетишпей калганыма абдан өкүнүп жатам. Учурда Киевде деле көптөгөн окуялар болуп жатканы менен эң маанилүү окуялардын бардыгы тең Севастополь менен Симферополдо орун алып жатат.

Тилекке каршы менин кайра кетүүчү билетим эртеңки каттамда жана аны мен алмаштыра албайм. Ал эми Крымга барыш үчүн эле 15 саат жол жүрүүгө туура келет. Эгер мен бүгүнкү жалгыз авиакаттам менен пайдаланып, Симферополго учуп барсам ал жакка түндө жетем да эртең таң атпай кайра учуп кетүү керек болуп калат. Андай болгондо эч нерсени көрбөй калганы жатам.

Андан сырткары менде каражат да чектелүү — Киевге мен жеке өзүмдүн акчам менен келгем.

Ошондуктан экинчи жолу келүүгө акча чогултууга туура келет. Албетте эмкисинде өлкөнүн башка бөлүктөрүнө.

Автор: Бектур Искендер