Киевге саякат: Янукович бийликтен кеткенден кийинки алгачкы күндөр (II бөлүк)

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер президент Янукович бийликтен кеткенден кийин Украинанын борбору кандай жашап жаткандыгын өз көзү менен көрүү үчүн Киевге барган.

I бөлүгүн бул жерден окусаңыздар болот

Мындан ары баян Бектур Искендердин атынан жүрөт.

Киевде эки күн жүрсөң Майдандагы тосмолорго, коргонуу топторундагы адамдарга көнүп деле калат экенсиң. Бул алардын шаардын күнүмдүк турмушуна эч кандай тоскоолдуктарды жаратпагандыгынан улам болсо керек.

Киевде мамлекеттик милиция дээрлик иштебей эле. Тактап айтканда, мен шаар ичинде участкалык милиция кызматкерлерин, Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүн, жалпы эле расмий укук коргоо органдарынан эч кимди көргөнүм жок. Мындай шартта мындагы криминал менен талоончулар көчөгө чыгышып, өздөрүнүн наадандык иштерин жасап баштоолору керек эле да.

Жок, бирок андай эмес. Айталы бир жыл ичинде мен болуп кайткан кайсы гана шаар болбосун аларга караганда Киевде өзүмдү баарынан да коопсузураак сезип жатам. Бүгүн мен «Евромайдандын» активист кызы менен маек куруп, (кийинки материалдардын бири үчүн) аны метро станциясына чейин узатып коёюн деп чечтим. Түнкү саат 10дор чамасы болуп калган.

Андан соң жаткан батириме чейин жөө бардым. Жолдон супермаркетке кирдим. А качан үйдүн короосуна келгенимде — короодо ар кайсы нерселер жөнүндө сүйлөшүп отурган өспүрүм окуучуларга карап — ал эмес мага да түн ичинде көчөлөрдү кыдырып жүрүү таптакыр коркунучсуз экендиги тууралуу ойлонуп калдым.

Жалпылап айтканда, түнкүсүн Киевдин борборундагы көчөлөр болжол менен ушундай көрүнүшкө ээ:kyiv-feb25_0031Айдоочулар дагы эмнегедир жол эрежелерин бузбастан — жол чырак кызыл күйсө токтоп, жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү белгилеринен жөө адамдарды өткөрүп — унаа башкарып жүрүшөт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү шаарлардын ичинен учурдагы Киевдей сюрреалисттүү шаарлар өтө эле аз болсо керек

Карама-каршылыктар

Киевдеги карама-каршылыктар жалаң гана визуалдуу. Муну менен мен эмнени айткым келип жатат — жалпысынан абал тынч, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулук сыяктуу нерселердин эч кандай белгилери байкалбайт. Шаар өзүнүн кадимкидей эле жашоосун улантып жатат.

Ооба, Майданда демонстрациялар өтүп жатат дейт чыгарсыздар — бирок бул дагы Киевдин күнүмдүк турмушунун ажырагыс бир бөлүгү болуп калган десек болот.

Ал эми визуалдык жактан алып карасак карама-каршылыктар өтө эле көп. Кайсы гана фотосүрөтчү болбосун ал карама-каршылыктар менен өзү каалагандай манипуляция кыла алат. Мүмкүн ошондуктан кечээ бишкектик журналисттердин бири Киевдин «жарымы кыйрап калган» деп ынандырууга аракет кылгандыр.

Албетте Киевди мына бул бурчтан сүрөткө тартып койсо 90-жылдардын башындагы Балканга окшоп калат:kyiv-feb25_0005Бирок кептин жөнү ушул эле БТРдин ары жагынан мына мындай көрүнүшкө күбө болгонуңузда:kyiv-feb25_0010«Ресторан працює» деген «ресторан ачык» дегенди түшүндүрөт. Ооба, дал Майдандын өзүндө жапон рестораны! БТРден кийин эле. Ресторан ачык жана меймандарды кабыл алууга даяр. Кайсы бир Кличконун сөзүн угаар менен отуруп суши жеп алсаң сонун да.

А жапон ресторанынын жанында иштеп жаткан банк жайгашкан. Банк! Майдандабы?! Акчасы толтура банк!kyiv-feb25_0009«Динамо» стадионунун күйүп кеткен колоннадасынан трагедиялуу фотосүрөт жаратса болот. Бул сүрөт чынында эле «Киевдин жарымы кыйрап калыптыр» деген таасир калтырат:kyiv-feb25_0012Бирок кептин жөнү ошол эле стадиондун маңдайында тынч отуруп кофе ичип алсаң болгонунда — бул жерде эч нерсе болбогонсуп «Кофе Хауз» иштеп жатат. Ал эмес гирлянддарын да күйгүзүп коюшкан.kyiv-feb25_0011Ошондой эле Киевдин так борборундагы Садовой көчөсүндө турган күйүп кеткен КамАЗдан да трагедиялуу сүрөт чыгарып, ал эмес үрөй учурчу сөздөрдү да жазып койсо болот:

ААА!!!111 Киевдин жарымы кыйрап калган!!!!111
ААА!!!111 Киевдин жарымы кыйрап калган!!!!111

Андан соң Садовой көчөсү менен 50 кадам басып кара жолтой Институт көчөсүнө (өткөн бейшембиде өтө катуу кагылышуулар орун алган) чейин келип, оң тарапка бурулуп туруп мындай көрүнүшкө күбө болсо болот:kyiv-feb25_0027Мидии! В соусе шампань! Институт көчөсүндө! Бир аптага жетпеген убакыт мурун бул жерден 100 метр алыстыкта төмөндөгүдөй окуялар болгон:

Көңүл буруңуздар, видеодо каза болгон адамдардын денелери жана өтө көп кан бар! Балдарга таптакыр көрсөтпөңүздөр.

Бүгүн бул видео тартылган жер ушундай көрүнүшкө ээ:kyiv-feb25_0028Мен «мидии в соусе шампань» сыяктуу тынч жашоонун башка белгилерин да —  киевдиктердин кандай гана көз караштарды карманышпасын алардын духтардынын болуп көрбөгөндөй күчтүүлүгүнүн көрсөткүчү деп эсептейм.

Украинанын борборунун жашоочулары баарынан да өз шаарын башаламандыкка, кайгыга дуушар кылгылары келишпейт. Ошондуктан Садовой көчөсүндө өрттөлгөн дагы бир жүк унаасынын жанында камырабастан эле азык-түлүк дүкөнү иштеп жатат. Кадимкидей эле эртең мененки саат 8ден кечки 10го чейин. Ал Майданга өтө жакын жайгашкан. Бирок эч нерсе эмес, баары бир эч ким тийбейт, шаарда бир дагы мародёр жок:kyiv-feb25_0026Ошондуктан Крещатикден алыс эмес жайгашкан бул тосмонун алдындагы «Пузата хата» рестораны кадимкидей эле режимде иштеп жатат. Ал жакта адамдардын көп жүрүшкөнүн өз көзүм менен көрдүм, анткени мен бүгүн ал жакта түштөнгөм:kyiv-feb25_0002Крещатикдеги дагы бир башка тосмонун алдындагы «Макдональдс» да кадимкидей иштеп жатат. Кайсы бир Тягнибоктун сөздөрүн угуп, Биг Мак жеп алса болот. Сонун да:kyiv-feb25_0003Кайсы бир Яценюктун сүйлөгөндөрүн угуп алып Крещатикте кофе да ичип алсаң болот:kyiv-feb25_0030Президенттин милдетин аткаруучу Турчиновдун айткандарын угуп бүтсөң ошол эле Киев шаардык Радасынын жанында коргонуу топторунун мүчөсү фортепианодо ойноп жатат:kyiv-feb25_0033Массалык демонстрация маалында беткап кийген адамдын фортепианодо ойношу — бул кечээки митингчилер үчүн иштеп жаткан китепканадан да өткөн сюрреализм. Бул 2010-жылы Кыргызстанда болгон революциядан кийин кимдир бирөө Бишкек шаардык кеңешинин имаратынын алдына отуруп алып фортепианодо ойногондой эле да.

Мен бул көрүнүштү видеого тарпай коё алган жокмун (тасманын сапаты менен пианисттин ойногону үчүн кечирим сурайм, беткапчан адам колунан келишинче аракет кылды):

Мындан улам сиздерге кимдир бирөө Киевдин «жарымы кыйрап калган» деп айтса — аны учурда Киевде эмес башка жакта жүргөн жалганчы деп айта алам.

Ал ортодо киевдиктердин өзүлөрү тарыхтын кандай гана учуру болбосун жашоо үчүн кубана ала тургандыктары менен таң калтырышууда:kyiv-feb25_0017Эми саясатка кайрылары, ал жок кантип болсун.

Саясат

А саясат мындай, Евромайдандагылардын таркап кетүү ойлорунда да жок.kyiv-feb25_0035Анткени украиндиктер бул жолкусунда революцияны аягына чейин жеткирүү жана дароо эле жаңы бийликтин ар бир кадамын аңдып, алардын ишине көз салып туруу чечимине келишкен. Президенттин милдетин аткаруучу Турчинов андагы чогулгандарды таркап кетүүгө чакырууга аракет кылды эле бирок алар макул болушкан жок.

Жооп катары «евромайданчылар» жаңы бийликке көптөгөн талаптарын айтышты. Алсак, алардын арасында Жогорку Радага шайлоолорду белгилөө талабы бар. Жогорку Рада, Киев шаардык радасы, президенттик сыяктуу шайлоорлордун бардыгы тең өтүп бүтмөйүнчө ал жактагылардын эч кимисинин Майданды таштап кетүү ойлорунда да жок.

Ошондуктан президенттик шайлоолор өтө турган жазга чейин жеткидей отун камдап жатышат:kyiv-feb25_0008«Евромайдандагылардын» дагы бир талабы — бул люстрация, тактап айтканда, бийликке «ал акырдан жем жеп калгандарды» жолотпоо:kyiv-feb25_0019Люстрацияга «Евромайдандын» дээрлик бардык саясий лидерлери туш келип калуулары мүмкүн. Аларга — Тягнибок, Яценюк, Кличко, Турчинов, Тимошенколорго — демонстранттардын көпчүлүгү салкын мамиледе. Майданда 2013-жылдын ноябрынын башынан бери жүргөн активис кыз Олеся мага түз эле: «Биз эмес, алар бизге келип кошулушкан», деди.

25-февраль күнү күндүз «Евромайдан» өз талаптарын айтты. Ошол эле күнү кечинде Виталий Кличко эл алдында баш ийип, көптөгөн убадаларды берди. Алардын арасында — шаршемби күнү демонстранттардын катышуусунда жана алардын көзөмөлүндө жаңы министрлер кабинетин түзүү убадасы бар:kyiv-feb25_0029Мамлекеттик мекемелердин бардыгы тең коргонуу топторунун кайтаруусунда. Алсак, министрлер кабинети:kyiv-feb25_0016Албетте, Жогорку Рада дагы. Коргонуу топторунун мүчөлөрү таптакыр агрессивдүү эмес (албетте азырынча ошондой). Мына кыздар кайсыл бир депутатка торт алып бара  жатышат, каршылык көрсөтүп, тоскоолдук кылган эч ким жок:kyiv-feb25_0018Коргоо топтору журналисттерге өзгөчө ынактарча мамиле кылышат. Болгону кандай сапаттагы бейдж (таанытма) болбосун көрсөтүп, колуңда фотоаппарат болсо болду, алар сени каалаган жериңе (албетте, Улуттук банктан башка жерге) киргизүүгө даяр. Мени ошол эле коргоочу топ Жогорку Раданын аймагына кирүүмө уруксат беришти:kyiv-feb25_0020Чынын айтыш керек ал маалда анда эч кандай жыйын өтпөй эле болчу, ошондуктан Раданын короосун айланып,  танышуу менен гана чектелүүгө туура келди. Ал жактан күтүүсүздөн Украинанын православ чиркөөсүнүн Киевдеги патриархы Филаретаны жолуктуруп калдым. Ал дагы «Евромайдандын» негизги фигураларынын бири, анткени ал башкарган мекеме ар дайым демонстранттар тарапта болуп келген:kyiv-feb25_0021Андан соң депутаттар көрсүн деп Жогорку Раданын тосмосунун ички капталына да көптөгөн жазуулар илингенин көрдүм:kyiv-feb25_0034Өтүп бара жаткан бул бала мени тартып жатат деген ой менен кол булгалады. Ал мен сүрөткө тартып жаткан тосмонун берки тарабында Раданы таратуу чакырыгы жазылгандыгын ойлоп да койгон жок:kyiv-feb25_0023Ал ортодо депутаттарды болуп көрбөгөндөй коркуу сезими курчап алгандай. Анда сенин регионал, «свободачы» же «батькивщинчи» экендигиңдин эч кандай айырмасы жок. Мына «Свобода» партиясынан депутат Юрий Михальчишин кеч киргенге чейин Раданын алдына чогулган элдин алдында отчёт берип жатат:

Мындай өзгөчө көрүнүштү көрүү керек. Камеранын улам кыймылдап турганы үчүн алдын ала кечирим сурайм, анткени аны тосмого илип коюууга туура келди:

Анан бул жерде — а «Евромайдандын», коргонуу топторунун артында кайсы күч турат? Депутаттарды ким ушундай абалда кармап турат?, — деген суроолор жаралат.

Кайрадан карама-каршылыктар

Азырынча жооп жок. Демонстранттар ар кошкон адамдардын тобунан тургандыктан алардын ичинен кайсыл бир агымды бөлүп кароо мүмкүн эместей туюлат.

Украинанын чыгыш бөлүгүндөгүлөр демонстранттардын арасында «Правый сектор» кыймылы басымдуулук кылып жатканына кабатыр болушууда. Донецкте аларды «бандеровчулар» жана «фашисттер» деп атап жатышат. Ал эми алардын өзүлөрү өздөрүн фашисттер деп эсептешпейт.kyiv-feb25_0036Бүгүн мен «Правый секторду» жактыргандар менен сүйлөшө алдым. Алардын «фашисттер» дегенге контраргументтеринин бири — бул Экинчи дүйнөлүк согуштагы украин козголоңчуларынын лидери Степан Бандердин немис концлагеринде отургандыгы.

Ошентсе да Янукович бийликтен кеткенден кийин «Правый сектордун» активдүүлүгү Украинанын чыгышы менен Крымдын жашоочуларынын көбүн кооптондуруп, алардын жек көрүү сезимдерин жаратууда.

Анткен менен чын-чынына келгенде «Правый сектор» «Евромайданда» азчылыкты түзөөрүн эстен чыгарбоо керек. Алар демонстранттардын катарына Януковичке каршы каршылык акцияларынын жүрүп жаткандыгына бир топ убакыт болуп калганда гана кошулушкан.

Учурда «Правый сектор» менен жанаша жүргөндүктөрү үчүн «Евромайданды» баштагандар (а аны оңчул эмес, либералдуу көз караштагы жаштар башташкан) кош сезимге кептелишкен.

Жогоруда сөз кылып кеткен активист кыз билдиргендей, алардын оңчул идеологиясын «Евромайдандагылардын» баары эле жактай беришпейт. Бирок ошол эле маалда «Правый секторсуз» «Беркут» демонстранттарды алгачкы чабуулу менен эле кубалап таратмактыгын мойундарына алышат.

Оңчулдар күтүүсүздөн эле чабуул маалында реалдуу сокку берген жалгыз кыймыл болуп чыга келген. Версиялардын бири боюнча, андан кийин «Правый сектор» мамлекеттик мекемелерди басып алуу ыктымалдыгы менен Януковичти катуу коркуткандыктан улам ал тез аранын ичинде оппозиция менен макулдашууга кол коюп, Киевден качып кеткен.

«Евромайдандагылардын» башкалары да мунун бардыгы үчүн «Правый секторго» ыраазы, бирок баары бир бир аз чочулап турушат.

Бул күндөрү «Правый сектордун» мүчөлөрү эч кимге тийбей, өздөрүн тынч алып жүргөндүктөрүн мойунга алуу керек. Ошентсе да алар Майданга өлкөнүн чыгышы жек көргөн Степан Бандердин сүрөтүн илишкен:kyiv-feb25_0037Бул алыс эмес жерде Донецктин жашоочуларынын чатырынын орун алуусуна эч кандай тоскоолдуктарды жараткан эмес.kyiv-feb25_0004Дагы кызыгы — Майданда Орусиянын үч түстүү желегинин илинип турушуна да таптакыр тоскоол болуп, каршылыктарын билдиришкен эч ким жок. Бул желекти «Евромайдандын» тарапташтары Москвадан алып келишкен:kyiv-feb25_0001Мунусу болсо Орусиянын Украина менен чектеш облустарынын биринен алынып келинген:kyiv-feb25_0006Анын алдында «Майдандагы Орусия элчилиги» ачылган:kyiv-feb25_0013 kyiv-feb25_0007Украинанын мындай ыксыз татаал саясатынан башың айланчудай.

Бирок мен баарын түшүнүүгө аракет кылам. Эгер суроолоруңуздар болсо материалдын алдындагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазып калтырсаңыздар болот.

Автор: Бектур Искендер