Киевге саякат: Янукович бийликтен кеткенден кийинки алгачкы күндөр (I бөлүк)

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер президент Янукович бийликтен кеткенден кийин Украинанын борбору кандай жашап жаткандыгын өз көзү менен көрүү үчүн Киевге барган.

Мындан ары баян Бектур Искендердин атынан жүрөт.

Киевге барып келүү тууралуу ой «Евромайдан» башталгандан бери эле жүрөгүмдү өйүп келген, бирок акыркы чечимди 22-февралдан 23-февралга караган түнү — качан Украинанын Жогорку Радасы Виктор Януковичти президенттиктен кетирүү үчүн добуш берээри менен кабыл алдым.

Кимдир бирөөлөр мага «Евромайдандын» атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери менен кагылышуусу, Майдандагы уруштар сыяктуу журналист үчүн эң кызыктуу учурларын өткөрүп жибердиң деп да айтышы мүмкүн.

Ошентсе да мен алар менен анча макул эмесмин. Өткөн аптадагы окуяларды дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн журналисттери чагылдырышты жана алардын көбү Янукович бийликтен кеткен күндүн эртеси эле Украинадан чыгып кетишти.

Албетте, бул окуяда Майдан үчүн болгон күрөш эң маанилүү учурлардан болгондугу талашсыз.

Бирок ошентсе да менин көз карашым боюнча, андан кем калышпаган кызыктуу окуялар дал ушул учурларда орун алат. Киевдеги абал бир аз турукташканы менен бул жерде жакынкы жылдар үчүн өлкөнүн ички саясатын калыптандыра турган өзүнүн татаалдыгы боюнча укмуштуудай бир аракеттен, саясий оюндар орун алууда.

Мен Киевде жума күнкүгө чейин болом жана биринчи кезекте ал оюндун жаңы эрежелеринин орношун чагылдырууга аракет кылам. Аны менен катар эмнеге бул өлкөдө абал эки-үч күндүн ичинде эле ушунчалык кескин өзгөрүп кеткендигин түшүнүүгө аракет кылгым келүүдө. Эмнеге Янукович «Евромайданга» ушунчалык узак убакыттан бери туруштук берип келип, анан тез аранын ичинде эле багынып берди?

Азырынча мен бул суроолорго жооп таба элекмин, ошондуктан алгач шаардын өзүнө көз жүргүртүп карап көрөлү. Эгер Майдан менен ага жакын жайгашкан көчөлөрдү эсепке албаганда Киевде жаңы эле кандуу кагылышуулар орун алган төңкөрүш болгондугу таптакыр байкалбайт.

Шаар

Учурда шаарда кадимкидей эле жашоо уланууда.

Коомдук транспорт кадимкидей эле иштеп жатат:kyiv-feb24_1807Көчөлөр адамдарга толгон:kyiv-feb24_1809Киевдин жашоочуларынын көбүнүн маанайын ушундай кадр менен жалпылап көрсөтсө болот:kyiv-feb24_1808Киевдиктер Тимощенконун сүрөтүнүн жанында кофе ичип жатышат:kyiv-feb24_1810Майданга жакындаганда гана шаарда эң эле бир өзгөчө окуялардын болуп жаткандыгынын белгилерин көрүп баштайсың. Крещатиктеги бул жер астындагы өтмөктөн чыга бериш дагы деле тосмо менен тосулган:kyiv-feb24_1811

Майдан

Эң айыгышкан кагылышуулар, уруштар артта калды. Алардын кээ бир атрибуттары музей экспонаттарына айланып, адамдар алардын фонуна сүрөткө түшүп жатышат. Алсак, 18-февралдан 19-февралга караган түнү «Евромайданга» суу чачкан бул суубүрккүч. Ушул эле жүк унаасы менен демонстранттарды сүрүп чыгарууга аракет кылышкан, бирок алар жооп катары сокку берип гана койбостон, аны өрттөп жиберишкен. Эми ал жалпы элдин көрүүсү үчүн Крещатинкке коюлган:kyiv-feb24_1812Бүгүн (тактап айтканда 24-февралда) Майдандагы маанай каршылык көрсөтүүгө эмес, аза күтүүгө окшоп турат. Ошентсе да каршылык көрсөтүүгө негиз бар — алсак, «Евромайдан» Радага жаңы шайлоолордун белгиленишин күтүүдө. Бирок бүгүн бул жерде көбүнчө каза болгондорду эскерип жатышат:kyiv-feb24_1813kyiv-feb24_1817kyiv-feb24_1821Гүлдөр жана шамдар менен бүтүндөй бир килем төшөп коюшкан:kyiv-feb24_1825kyiv-feb24_1829Көпчүлүк адамдар менден коргонуу отрядында кандай адамдар бар экенин сурап атышат. Негизинен жалпы эле «Евромайдан» сыяктуу эле ал чындыгында ар түрдүү адамдардан турган топ. Анда таптакыр карама-каршы көз караштагы адамдар да кездешет. Учурда жөн гана Януковичтин режимине болгон жалпы жек көрүү сезими бар. Кийин абал биротоло турукташкандан кийин ал адамдар кайрадан бардык маселелер боюнча бирин-бири түшүнө бербей калышат.

Өз жүзүн жашырган түшүнүксүз адамдар да бар (эмнеге?):kyiv-feb24_1815Борбордогу тартиптин сакталышына салымдарын кошкулары келген Киевдин же башка шаарлардын жөнөкөй жашоочулары да бар. Алардын сөзсүз эле батышка умтулуп же Орусияны жек көрүшү шарт эмес:kyiv-feb24_1816kyiv-feb24_1820Бүгүн Майданда таптакыр коркунучсуз болду. Эгер арткы фондогу өрттөлгөн профсоюздар үйү болбогондо көпчүлүк учурларда Ураинанын борборунун күнүмдүк жашоосунун бир күнүндөй сыяктанмак:kyiv-feb24_1814Ал эмес өз жүздөрүн жашырышкан түшүнүксүз адамдар да эч кандай коркунуч туудурбайт, алсак, алардын бири мага «Украина» мейманканасынын кире беришине баруу үчүн тосмону кайсыл тарабы менен айланып өтүү керектигин айтып берди.

Ошондуктан бүгүн кандайдыр бир коркунучтун жоктугун эске алуу менен көпчүлүк адамдар бул жерге балдарын ээрчите келишкен:kyiv-feb24_1818kyiv-feb24_1823kyiv-feb24_1822Ушул эле бала башка ракурстан. Мен алардын жанында жүргөн убакыт бою анын апасы кайгыруу менен бир чекитти тиктеп турду:kyiv-feb24_1824Адамдардын көбү Майдандын чыгыш тарабындагы Институт көчөсүндө көзгөатарлардын окторунан каза болушкан. Негизинен аза тарткандардын көбү ушул жакка келип жатышат. Жогору жактан караганда бул көчө үрөй учуруучу көрүнүшкө ээ:kyiv-feb24_1826Мындагы кээ бир жазуулар да коркунуч туудурат:kyiv-feb24_1828Жалпысынан бүгүн Майдан ушундай көрүүшкө ээ:kyiv-feb24_1827

Дарыгерлер

Албетте, Майдандагы кагылышуулар маалында өзгөчө баатырлыгы менен дарыгерлер өзгөчөлөнүштү. Үрөй учурган видео тасмалардан жарадарларды алып чыгуу үчүн алардын кагылыштардын так борборуна чейин барып жаткандыктарын көрүүгө болот. Медициналык жардам көрсөтүү кызматындагы ыктыярчыларды окшош кийинген футболкаларынан билсе болот:kyiv-feb24_1819Майданга түз чыккан «Украина» мейманканасынын биринчи кабатында медициналык пункт жайгашкан, кагылышуу маалында ал жерде убактылуу каза болгондорду койчу өлүккана да болуп турган.

Эми бул жерде өлүккана жок, ал эми медпункттун бир бөлүгү азырынча иштебейт. Акыркы үч күндөн бери эч кандай эксцесс болбогондуктан учурда дарыгерлер ардактуу эс алууда:kyiv-feb24_1830Же тамак даярдап жатышат:kyiv-feb24_1831А булар Украина үйүндө кезметте турган дарыгерлер. Алар тууралуу кийинчерээк айтып берем:kyiv-feb24_1841

Көз караштар

Эми менин көз карашым боюнча Украинанын сыртында жүргөндөр үчүн анча түшүнүксүз болгон темага кайрылабыз.

Кыргызстанда көпчүлүк үчүн «Евромайдан» кандайдыр бир күчтүү, бекем массаны элестетет. Эмнегедир менин кээ бир мекендештериме ал масса радикалдуу улутчулдар катары да сезилет. Бирок андай эмес.

Мен жогоруда жазгандай, «Евромайданды» бириктирген жана учурда да бириктирип турган жалгыз нерсе — бул Янкуковичтин режимине болгон жалпы жек көрүү сезими. Бүттү, башка жалпы бир калыпка салуучу эч нерсе жок.

Демонстранттардын көз караштарынын диапазону дээрлик чексиздикке чейин кең. Менин пикиримде, бул токтоолдук жана тең салмактуулук жагынан алганда жакшы нерсе.

Бардыгынын «евромайданчы» деген — «улутчул» дегенди билдирбестигин түшүнүүлөрү зарыл. Чынын айтуу керек ал жакта кайсы бир деңгээлдеги радикалдуулук бар, бирок алардын митингчилердин үчтөн бирин түзөөрү факт эмес.

(Менин азиат түспөлүм үчүн эч ким, ал эмес беткап кийип жүргөндөрү да тийишишкен жок)

Мисалы, кечээ Жогорку Рада орус тилин «аймактык» статусунан ажыртты,  бирок «Евромайдандагылардын» бардыгы эле аны колдой беришкен жок. Ошондой эле Киевдин жашоочуларынын — ал эмес Януковичти жек көргөн жана Орусия бийлигин жакшы көрбөгөндөрүнүн арасында да аны колдобогондору бар.

(Ошентсе да орус тилинин «улуттар аралык сүйлөшүү тили» деген статусу сакталып калгандыгын белгилеп коюуу керек. Мындан улам бир катар ЖМКларда билдирилип жаткандай, орус тилине жалпы тыюу салуу таптакыр болбойт)

Ошондой эле Майданда башка желектердей эле үч түстөн турган Орусиянын желеги да илинип турат:kyiv-feb24_1842Мен сахнадан алыс эмес жердеги ал чатырга эмнеге орус желегин илип койгондуктарын тактай алганым жок, анткени мен ал чатырдан бир топ эле алыс жакта жүргөм. Бирок мен кайра кайрылып барып себебин аныктоого аракет кылам. Мүмкүн аны «Евромайдандын» Орусиядан барган тарапташтары алып келип белек катары беришкендир — мен так билбейм. Бирок аны алып салуу эч кимдин оюна келбегендиги бул факт.

Демонстранттар ээлеп турган имараттар

Кыргызстанда фантастикалык көрүнүш катары сезилиши мүмкүн болгон дагы бир көрүнүш — бул митингчилердин мамлекеттик мекемелерди басып алып, ага эч кандай зыян келтирбей бүтүн жана таза боюнча кармап тура алгандыктары.

Чынында эле Киевде азыр демонстранттардын топторунун көзөмөлүндө турган мамлекеттик имараттар аз эмес. Бүгүн алардын экөөсүнүн ичине кирип чыктым.

Билим берүү министрлигиндеги «каардуу басып алуучулар» (бул тамаша) ушундай көрүнүшөт:kyiv-feb24_1843Билим берүү министрлигинин имараты учурда Студенттик координациялык кеңеш менен бир катар студенттик уюмдардын убактылуу көзөмөлүндө.

Министрликтин кире беришинде коргоочулар тобу (мында кыздар менен балдардан турган өтө жаш балдар да бар) турат. Имаратка студенттик билет көрсөтүп гана кирүүгө болот.

Студенттер бул имаратты бир нече себеп менен ээлеп турушат: 1) жаңы бийликтегилер партиясына, тааныш-билишине карап министрликтин жетекчилигин дайындабасын деп; 2) Янукович бийликте турганда кабыл алынбаган жогорку билим берүүнүү реформалоо жөнүндөгү мыйзамдар кабыл алынсын деп; 3) имаратты тоноп, өрттөп кетишпесин деп.

Демек, алар учурда жаңы бийликке көбүрөөк каршы турушат, анткени баары бир Киевде эски бийлик жок да.

Бүгүн эле билим берүү министринин портфелин жаңы гана бийликке келген партиялардын биринин талапкери ээлей тургандыгы жөнүндө ушак тараганда студенттик уюмдар дароо эле өз талапкерлерин талкуулоого өтүштү. Анткени аларды жаңы бийликтин талапкери канааттандырган жок.

Чынында ал талкууда мен дагы болдум.

Студенттердин идеясы — билим берүү министри болуп саясатчы эмес, «жеңишке жеткен» партиянын өкүлү эмес, бул тармактагы профессионал адам болушу керек. Ошондуктан алар талапкер катары бир нече жогорку окуу жайдын ректорлорун алып чыгышты.

Талкуу жандуу болду, бирок ошол эле маалда тынч өттү.kyiv-feb24_1835Студенттер министрликтин салтанаттуу жыйындар өтчү залын гана ээлешкен:kyiv-feb24_1836Анан коридорунда тамак даярдап жатышат:kyiv-feb24_1837Ал эми имараттын калган бардык бөлүгүн — көптөгөн кыргызстандыктар үчүн таң калаарлык көрүнөт! — алар тийишкен эмес. Ошондой эле алар ар бир иш бөлмөгө ачууга уруксат берилбеген мөөр басып, жаап салышкан:kyiv-feb24_1834Ал эми дааратканалардын эшиктеринде төмөндөгүдөй жазуулар илинип турат («не смiти» «булгаба» деген маанини түшүндүрөт):kyiv-feb24_1838Албетте студенттер бул имаратты түбөлүк башкарышпайт, алар жаңы министр дайындалаары менен бошотуп беришет.

Мен ичине кирип чыккан «Евромайданчылар» ээлеп турган дагы бир имарат — бул Майдандан алыс эмес жайгашкан Украина үйү деген аталыштагы көргөзмө борбору.

Бул имарат — демонстранттарга жылынып, тамактанып, медициналык жана психологиялык жардам алууга шарт түзүлгөн, ошондой эле башка жеке нерселер менен — алсак, каскасын боёп алууга мүмкүн болгон жай:kyiv-feb24_1839Же… китепканада китеп окуса болот!kyiv-feb24_1840Бүгүн мени баарынан да таң калтырган фантастикалык көрүнүш — бул митингчилер үчүн китепкананын бар экендиги болду окшойт.

Мен бул жерде көргөндөр албетте Киевде болуп жаткан окуялардын аз гана бөлүгү. Мен бардыгын тең туура түшүндүм деп айта албайм, бирок мен өз көзүм менен көргөндөрдү болушунча так чагылдырып берүүгө аракет кылдым.

Өзгөчө ыраазычылыкты мага жол көрсөтүшүп, бир катар жерлерге коштоп барышкан киевдик досторум Кост менен Ирага билдирем.

Мен «Евромайдандын» каршылаштарын абдан тапкым келип жатат, бирок Киевде алар өтө эле аз жана аларды табуу кыйынга турууда. Эгер кимдир бирөө алардын байланыш номурларын билсе — кабарлап коюңуздар, мен алар менен ыракаттанып маектешмекмин.

Албетте, Донецкте же  Харьковдо «антимайданчылар» аз эмес, бирок тилекке каршы ал жакка барууга менде убакыт болбойт. Украинанын аянты боюнча бир топ эле чоң өлкө экенин эсиңиздерден чыгарбагыла.

Эртең ушул эле баяндын уландысы чыгат.

Автор: Бектур Искендер