Депутаттар: Түштүктү калыбына келтирүү боюнча мамдирекция дээрлик 570 млн сомду максатсыз пайдаланган

Парламенттик комиссия Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны дээрлик 570 млн. сомду максатсыз пайдаланган деп айыптады. Ал кезде мекемени азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.

Комиссия башчысы, оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан депутат Нарынбек Молдобаев 13-февралдагы парламенттин жыйынында Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция бөлүнгөн каражаттын кандай сарпталып жаткандыгын көзөмөлгө албагандыгын билдирди.

Анын айтымында, каражаттын сарпталышына көзөмөлдүн жоктугунан улам мамлекеттик дирекция тарабынан жалданган компаниялардын курулган үйлөрдүн сапатынан үнөмдөп, 570 млн. сом үстөк пайда алууларына жол ачылган.

«Биринчиден, аталган шаарларды калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттардын максатсыз пайдаланышы — ал акчалар координацияланган эмес жана жыйналган эмес. Экинчиден, курулуштун сапаты — долбоорлорлор, макулдашуулар жана чыгашалардын сметасы жок аткарылган», — деди Молдобаев Kloop.kgге берген маегинде.

2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин түзүлгөн Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны 2011-жылга чейин учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.

Жалпысынан түштүктү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджет менен түрдүү эл аралык уюмдар тарабынан 11 млрд сомго чукул каражат бөлүнгөн. Бирок комиссиянын маалыматтарына ылайык, болгону 4,6 млрд сом боюнча гана отчеттор жазылган.

Парламенттик комиссия тарабынан айтылып жаткан дооматтар бөлүнгөн каражатты жок кылуу менен сапатсыз курулган үйлөр гана эмес. Молдобаев ошондой эле максатсыз пайдалануулар жана мамлекеттик дирекциянын чиновниктери тарабынан жер тилкелери жогорулатылган бааларда сатылып алынгандыгын да билдирди.

Парламенттик комиссия мамлекеттик дирекциянын каражатынын сарпталышына  байланышкан маселени 19-февралда боло турган кийинки жыйында көтөрүп чыкканы жатат. Молдобаев Башкы прокуратурага мекеменин каражат сарптоосун териштирүүнү сунуштады.

Бир жылдык талаш-тартыштар

Мамлекеттик дирекция 2013-жылдын январында Сатыбалдиевдин токтому менен жоюлгандан соң ага бөлүнгөн каражаттын кандай сарпталгандыгынын айланасындагы талаш-тартыштар тынымсыз уланып келүүдө.

Бөлүнгөн каражаттын кандай жумшалгандыгын алгач Эсеп палатасы текшерип чыккан. «Азаттык» радиосунун сайтында жазылган маалыматтарга ылайык, өткөн жылдын январында Эсеп палатасы 44 млн. сомдун максатсыз пайдаланылгандыгын жана курулуп бүткөн үйлөрдүн сапаты менен баасынын дал келбегендигин аныктап чыккан.

Бирок кийинчерээк Эсеп палатасынын текшерүүчүсү Жусуп Иманалиев курулуш компаниялары менен мамлекеттик дирекциянын ортосундагы макулдашууларда мыйзам бузуулар болбогондугун, а аныкталган  учурлардын бардыгы тең — түшүнбөстүк экенин билдирген.

Мамлекеттик дирекцияга Сатыбалдиевден кийин башчы болуп барган Жусупжан Жээнбеков каражаттын бардыгы тең эле дирекциянын эсебине түз келип түшпөгөндүктөн мекеме алардын баарын көзөмөлдөй албагандыгын билдирген. Айтымында, бир катар донорлор каражаттарын өзүлөрү сарптоону каалашкан.

«Алсак, Омандын өкмөтү жалпы суммасы 243 миң долларлык курулуш иштерин баштаганы менен аларды аягына чейин бүтүргөн эмес. Калган жумушту мамлекеттик бюджеттин эсебинен бизге бүтүрүүгө туура келген», — деп билдирген ал «Азаттык» радиосуна.

Анда өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов бөлүнгөн каражаттын бардыгы тең Ош жана Жалал-Абад облустарындагы объектилерди курууга, оңдоого жана калыбына келтирүүгө жумшалгандыгын билдирген.

«Бардык иштин жөнүн билген саясатчылардын каражат кайсыл жакка жумшалгандыгы тууралуу сурагандарына таң калбай деле калат экенсиң. Албетте, булардын бардыгынын артында саясат турат», — деген ал анда «Азаттыка».

Автор: Нуржамал Жаныбекова