Акаевдин күйөө баласынын кармалганын анын жактоочусу ырастады

Юрист Икрамидин Айткулов Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин күйөө баласы, ал жактоого алган Адил Тойгонбаев Москванын «Шереметьево» аба майданында кармалганын ырастады. Бирок жактоочу анын Кыргызстанга өткөрүлүп берилбестигин билдирүүдө.

Тойгонбаев чынында эле Орусия полициясы тарабынан 9-февралда кармалган — анын жактоочусунун айтымында, Кыргызстан аны издөө боюнча Интерполго билдирме жөнөткөн.

«Ал чынында эле аны издөө боюнча Кыргызстандын Интерполго жөнөткөн материалдарынын негизинде кечээ эки суткага кармалды», — деди Айткулов.

Анын айтымында, Тойгонбаев 9-февраль күнү Москва убактысы боюнча болжол  менен саат 14:00дөрдө кармалган.

Жактоочу белгилегендей, документтерде Тойгонбаевди кармоо жөнүндөгү соттун чечими болгон эмес.

«Качан мен анын кызыкчылыгын коргоп баштаганда иштин материалдарында камакка алуу жөнүндөгү чечим жок болчу. Ал эмес айып тагылган берене да Кылмыш кодексинен алынып салынган. Мен арыздангандан кийин оңдоп, учурдагы беренеге өзгөртүштү», — деди Айткулов Kloop.kgге берген маегинде.

Айткулов Тойгонбаев Казакстандын жараны болгондуктан Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны өткөрүп берүү талабы менен кайрылуу жолдой албайт деп эсептейт.

«Эгер ал бул жакка келип, ушул жерде болсо жазага тартууга болот. Бирок ал Кыргызстандын сыртында болсо аны кармоо жана өткөрүп берүүнү талап кылуу — мыйзамсыз», — деп эсептейт Айткулов.

Адил Тойгонбаев Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаеванын күйөөсү болгон.

2005-жылы Акаев бийликтен кеткенден кийин ал алдамчылык, өзгөчө ири суммадагы акча уурдоо, ошондой эле салык төлөөдөн качуу беренелери боюнча айыпталып, издөөгө жарыяланган.

Акаев маалында маалымат каражаттарына тымызын цензураны Тойгонбаевдин өзү жүргүзүп, президенттин үй-бүлөсүнө өлкөдөгү ири бизнести көзөмөлдөөгө да жардам берген деп айтылып келген.

Ошондой эле ал Акаевдин аракеттерин сынга алган мамлекеттик эмес сектор менен күрөшкөндүгү менен да белгилүү болгон.

Тойгонбаевдин учурундагы жашоо Акаевдин күйөө баласынын башкаруусундагы медиа-холдингде иштеп жүргөндө жазган москвалык пиар адистин блогунда кеңири баяндалган.

Автор: Шахида Дүйшеева