Саруу айылынын жашоочулары Балыкчы-Каракол унаа жолун тосушту

Саруулуктар Балыкчы-Каракол унаа жолун 2-февраль күнү кечинде тосуп алышты. Айтымдарында, алар мындай кадамга 15ке чукул айылдаштары кармалгандан кийин барышкан. Милиция өз рейдин «массалык башаламандыктарды уюштурган адамды» кармоо менен түшүндүрүүдө.

Айылдыктар Ысык-Көл облусундагы унаа жолду 15 адамдын кармалгандыгына жооп катары тосуп алышкан — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Саруунун жашоочусу Замир Мендебаев билдирди.

Анын айтымында, атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери айыл жашоочуларынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

«Кечээ спецназ он мүнөттөй тинтүү жүргүздү. 15ке чукул баланы кармап кетишти. Адамдар өз балдарын издеп чыгышып, чогулушту. [...] Биз жолду Сарууда тостук, а калгандары Дархан айылында тосушту. [...] Башкы талабыбыз — биздин балдарды бошотушсун жана «Кумтөр» маселесин чечишсин», — деп билдирди Мендебаев.

Ички иштер министрлиги өз билдирүүсү аркылуу айылдын 20га чукул жашоочусу кармалгандыгы тууралуу айтылган маалыматтар «чындыкка дал келбей тургандыгын» билдирди.

Милициянын билдирүүсү боюнча, Саруудагы рейддин чыныгы себеби – үстүбүздөгү жылдын январынын ортосунан бери издөөдө жүргөн айыл жашоочусу Айбек Сарыбаев болгон. Ал өткөн жылдын 7-октябрында Караколдо өткөн митингди уюштурган жана анын жүрүшүндө өкмөт өкүлүн барымтага алган деп айыпталып жатат.

Сүрөтбаян: Сарууга ичкериден көз караш

Милициянын версиясы боюнча, колго түшүрүү маалында Сарыбаев унаасы менен ыкчам топтун кызматкерлеринен жашырынууга аракет кылган, бирок жол кырсыгына туш болуп, жыйынтыгында колго түшкөн.

«Колго түшүрүү маалында ал ОИИБнин кызматкерлери тарабынан сабалгандай көрүнсүн деген максатта өз денесине өзү зыян келтирген. Мындан улам медициналык текшерүү жүргүзүлдү», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.

Сарыбаев менен бирге милицияга айылдын дагы 6 жашоочусу жеткирилген.

Улутташтыруу үчүн чыгып жаткандар

Саруунун жашоочулары — алардын районунда жайгашкан «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өтүп жаткан митингдердин жигердүү катышуучулары.

Үстүбүздөгү жылдын октябрынын башында саруулуктардан турган топ митинг өткөрүү үчүн Каракол шаарына барышкан, анда демонстранттар тарабынан Ысык-Көл обладминистрация имаратын басып алуу аракети болуп, алар милиция тарабынан кууп таратылган.

Анда укук коргоо органдары менен болгон кагылышуудан кийин демонстранттардын 23ү кармалган, бирок кийинчерээк алардын бир нечеси бошотулган.

Өз кезегинде бул окуядан кийин эми Саруу айылынын жашоочулары эки себеп менен — «Кумтөр» маселеси жана айылдаштарын бошотуу талабы менен дайыма митинг өткөрүп келишет.

Саруулуктар кээ бир нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө Ысык-Көлдү бойлой кеткен негизги унаа жолду тосушкан, бирок алар 23-декабрга чейин — «Кумтөр» кимге тиешелүү болушу керектиги тууралуу маселе чечилгенге чейин — бул ыкманы колдонбостуктарын билдиришип, убада беришкен.

Автор: Эльмурат Аширалиев