Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам реабилитациялык борборго жаткырылды

Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам – Жеңишбек Райымбаев Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы реабилитациялык борборго жаткырылды. Буга анын дарыланууга керектүү каражат чогултуу үчүн Бишкектеги Ош базарында акчага сүрөткө түшүп жүргөндүгү тартылган видеонун жарыяланышы түрткү болгон.

Боюнун узундугу 2 метр 30 сантиметрден ашкан Райымбаев тууралуу видео Kloop.kgнин сайтына 24-январь күнү чыгып, ага карата Интернет колдонуучулар тарабынан көптөгөн пикирлер жазылган. Алар мамлекеттен катуу оорулуу эң узун адамына кам көрүүсүн талап кылышкан.

«Комсомольская правда» гезити жазгандай, видео тасма жарыялангандан көп өтпөй Райымбаев менен социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жолуккан.

Жыйынтыгында, өлкөнүн эң узун бойлуу адамы Ош базарында болгону үч күн иштеп, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен дарылануу курсун алуу үчүн мекеменин алдындагы реабилитациялык борборго жаткырылган.

Райымбаев реабилитациялык борбордо. Сүрөт «Комсомольская правда» гезитинен алынды
Райымбаев реабилитациялык борбордо. Сүрөт «Комсомольская правда» гезитинен алынды

Эки жыл мурун дарыгерлер ал кант диабети менен ооруй тургандыгын жана денесине көптөгөн чыйкан чыгып кеткендигин аныкташкан болчу. Азыр анын бетинде жана башында айыгып кетчү шишиктер бар.

Райымбаев дарыланып жаткан реабилитациялык борбордун директорунун айтымында, бүгүнкү күндө анын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Өлкөдөгү эң узун бойлуу адам аларга ашказаны бузулуп барган, бирок дарыгер билдиргендей, учурда эч кандай деле кооптонуучу көйгөй жок.

«Азыр анда канттын курамы көп экен, кан тамырларынын оорусуна да жакындыгы бар, ага дары тамчылаткыч белгиленди. А жакынкы күндөрү толук диагноз коюу үчүн башка адистер карап чыгышат», — деп жазган «Комсомолка» борбордун директорунун айткандарын.

Ал май айына чейин дарыланууда болот. Бул убакыттын аралыгынды дарыгерлер Райымбаевдин эмне себептен өз алдынча баса албай, балдак менен жүрүүгө аргасыз болуп жаткандыгынын себептерин аныктап чыгуулары керек.

Ал өзү гезитке берген маегинде дарыланууга акча жетишпей жаткандыктан сүрөткө түшүүгө мажбур болгонун айткан.

«Бир сүрөт 100 сом болчу, иштеп тапкан акчаларыбыздын көпчүлүк бөлүгүн фотограф менен коштоп жүргөн адамдар алышчу. А менин күнүмдүк кирешем беш жүз сомдон миң сомго чейинки каражатты түзчү. Андан кийин мага ооруканага жатууну сунушташты, зарыл болгон дарылануу курсунан өтүү үчүн мен макул болдум», — деген ал.