Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине бийликчил талапкерлер шайланышты

Айтмамат Кадырбаев бийликчил коалициялык көпчүлүктүн депутаттарынын добуштары менен Оштун мэри болуп шайланды. Шайлоонун жыйынтыктары жарыяланаары менен утулуп калган Мелис Мырзакматовдун талапташтары Ош мэриясынын имаратынын алдында миңдеген адамдардын катышуусунда митинг өткөрүштү. Бишкекте күтүлгөндөй эле жалгыз талапкер Кубанычбек Кулматов мэр болуп шайланды.

Оштогу митингдин жүрүшү шилтеме боюнча: (Kabarlar.kg сайтынан)

Бишкектин мэрин шайлоонун толук видеосу:

Көңүл буруңуздар, видое 4 саатка созулат.

Кадырбаев Оштун мэрин шайлоодо 6 добуштук артыкчылык менен жеңишке жетти — мурунку мэр Мелис Мырзакматов 19 добушка ээ болсо, Кадырбаев үчүн Ош шаардык кеңешиндеги 25 депутат өз добуштарын беришкен. Бюллетендерди бири жараксыз деп табылды.

Ошентип, Кадырбаев Оштун жаңы мэри болуп шайланды. Бул өз кезегинде кайсы бир убактарда мэриянын имаратын басып алууга даяр болгон Мырзакматовдун миңдеген тарапташтарынын митингинин чыгышына алып келди.

Аларды Мырзакматовдун өзүнүн чыгып сөз сүйлөшү гана тынчтантты — өз сөзүндө мурунку мэр жазында «жаңы күч менен» келээрин убадалап, мэрия имаратын басып алуу эч нерсеге алып келбестигин айтуу менен чогулган тарапташтарын таркап кетүүгө чакырды.

Оштогу шайлоолор болуп жаткан маалда Бишкек шаардык кеңеши да борбордун жаңы мэрин шайлады.

Күтүлгөндөй эле борбор калаанын мэри болуп жалгыз талапкер Кубанычбек Кулматов шайланды. Ага шаардык кеңештеги 45 депутаттын 41и өз добуштарын беришкен.

Шайлоолорду өткөрүү зарылчылыгы декабрдын башында, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов менен Оштун мэри Мелис Мырзакматов биринин артынан бири кызматтарынан кеткенден кийин жаралган.

Өмүркулов ага карата жер мыйзамын бузган деген айып тагылгандан кийин кызматынан өз арызы менен кеткен.

Мырзакматов болсо кызматынан Ош мэриясынын алдындагы оппозициянын митингинде сөз сүйлөгөндөн кийин Бишкектеги борбордук бийлик тарабынан алынган.

Шайлоолордун хроникасы:

13:51 Оштогу митинг аяктап жатат. Эки булак — биздин кабарчыбыз менен Ош облустук ИИБси — аянтта 300-400гө чукул адам калганын билдиришти. Бул митингдин кызып турган маалындагы адамдардын санынан болжол менен 15 эсе аз.

13:03 Мырзакматов митингчилерди таркап кетүүгө чакырды.

12:58 Ош: Мырзакматов чогулгандарды мэриянын имаратына чабуул жасабоого чакырды.

«Мэрдин имаратын басып алуу менен ьиз эч нерсеге жетишпейбиз», — деди ал.

12:56 Ош: Мелис Мырзакматов сүйлөп жатат.

«Жазында биз жаңы күч менен келип, бардыгын өз-өз ордуларына коебуз. Же мунун Кудай жасайт», — деди ал.

12:47 Ош: Митингде сөз сүйлөп жаткандардын бири Алмазбек Атамбаевди «демократиялык өлкөлөрдөн» үлгү алууга чакырып жатышат.

«Алмазбек Шаршенович, Кыргызстан — демократиялык өлкөбү же жокпу? Сиз Түркиядан үлгү алыңыз, аларда мэрлерди эл шайлайт», — деди ал мегафонго.

12:40 Бишкек: Ал ортодо Кулматовго Бишкек шаардык кеңештеги 45 депутаттын 41и өз добуштарын беришти.

12:33 Оштогу митингден сүрөттөр. Автору Дастан Үмөтбай уулу:MG_7357MG_7359 MG_7364 MG_7380 MG_7378 MG_7377 MG_7368 MG_736712:30 Ош: Митингде сөз сүйлөп жаткандар шаардык кеңештин таркашын же алардын алдына депутаттардын чыгышын талап кылып жатышат.

12:13 Бишкек: Ошто мэр шайланып, нааразы болгондор митинг өткөрүп жатышса, Бишкекте добуш берүү жаңы гана башталды.

12:10 Ош: Митингдин кээ бир катышууучулары мэриянын имаратын көздөй таштарды ыргытып жатышат.

12:09 Ош: Митингчилер Оштун борбордук аянтына толуп кетишти, анда бир нече миңдеген адам чогулган. Биздин ал жактагы кабарчыбыздын айтымында, атчандардын саны көбөйүп жатат. Чогулгандар Мелис Мырзакматовдун утулуп калгандыгына нааразы болуп, кыжырданып жатат.

12:02 Ош: Ал ортодо Айтмамат Кадырбаев депутаттардын алдында сөз сүйлөп жатат.

12:00 Ош: Мэриянын биринчи кабатында башаламандык болууда. Мырзакматовдун тарапташтарынын бир бөлүгү мэриянын имаратына кирүүгө аракет кылып жаткандай. Азырынча милиция кысымга туруштук берүүдө.

11:53 Ош: Добуш берүүдөн кийин «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттары кайрадан жыйындар залынан чыгып кетишти. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялоого алардын эч кимиси катышышкан жок.

11:51 Ош: Боршайкомдун өкүлү Ырысбек Нурдинов шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. Айтмамат Кадырбаев жеңүүчү деп табылды.

11:43 Ош: Жыйынтыгында Айтмамат Кадырбаев 25 добушка, Мелис Мырзакматов 19 добушка ээ болду.

11:36 Ош: Бюллетендердин бири жараксыз деп табылды. Добуш берүүчүлөрдүн аз экендигин эске алсак, бул жалпы шайлоочулардын 2%ын түзөт.

11:33 Ош: Урнада 45 бюллетень болуп чыкты. Бул депутаттардын бардыгы, анын ичинде бир аз мурун нааразычылык көрсөтүп залдан чыгып кеткен «Улуттар биримдиги» партиясынын 21 депутаты да добуш бергендигин билдирет.

11:32 Бишкек: Бишкек шаардык кеңештин депутаттары добуш берүүнү баштай албай жатышат. Учурда алар жалгыз талапкер Кулматовго суроолорду берип, ага каалоо-тилектерин айтып жатышат.

11:27 Ош: Урнадан бюллетендерди алып чыгып жатышат.

11:26 Ош: Ошентип залдагы депутаттардын акыркысы добуш берди. Азыр добуштарды санап башташат.

11:17 Ош: Ошентсе да «Улуттар биримдигинин» бир катар депутаттары кайрадан залга кайтып келишип, добуш бере башташты. Алсак, биздин кабарчы Дастан Үмөтбай уулу аталган партиядан депутат Шайлообек Атазовдун добуш берип жатканын көргөндүгүн билдирди.

11:12 Бишкек: Шаардык кеңештин депутаттары тныгуудан келип, өз орундарына отурушту, добуш берүү жакында башталат.

11:02 Бишкек: Ошто добуш берүү жүрүп жаткан чакта Бишкекте жаңы гана депутаттарга бюллетендерди даярдап жатышат.

10:52 Ош: Кабарчыбыз Дастан Үмөтбай уулу билдиргендей, кээ бир депутаттар кесиптештеринин кимге добуш бергендиктерин билүү үчүн алардын бюллетендерин көрүүгө аракет кылып жаткышат.

10:46 Ош: Депутаттардын добуш берүүсү тартылган алгачкы сүрөттөр:MG_7269 MG_727310:45 Ош: Шаардык кеңештин депутаттары кезек менен урнага келип, бюллетендерин таштап жатышат. Бирок «Улуттар биримдигинин» депутаттары добуш берүүгө катышышпай эле! Алар талапкерлерге сөз бербей койгондуктарына каршы нааразычылыктарын билдиришип, жыйындар залынан чыгып кетишти.

10:42 Ош: Бишкектеги депутаттар Кулматовдун талапкерлигин талкуулап, ага суроо бергиче Ошто — талапкерлерге сөз айтуу мүмкүнчүлүгү, суроолор берилбестен эле — добуш берүү башталды.

10:40 Бишкек: Шаардык кеңештин жыйынында 20 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

10:36 Ош: Адамдар борбордук аянтка топ-топ болуп, ошондой эле жалгыз да келип жатышат.

Дастан Үмөтбай уулу мэриянын имаратынын төртүнчү кабатынан борбордук аянтты көздөй бара жаткан адамдарды сүрөткө тартып алган:MG_725610:31 Ош: Учурда борбордук аянтта 3000ден ашык адам чогулду, алардын 70ке чукулу атчандар. Ош мэриясынын имаратын 400дөй милиция кызматкери кайтарып турат.

10:27 Бишкек: Кулматов кандай гана «толук негиздүү» арыздануу болбосун чиновниктердин аесуздан кызматтан кетирээрин убадалады.

10:22 Бишкек: Кулматов муниципалдык жерлерди сатуунун тарапташы эмес экенин айтты. Аны менен катар ал мэрия өзүнүн ар бир кадамын шаардык кеңештин депутаттары менен макулдашаарын убадалады.

«Мэриядан чыгып жаткан кандай гана кагаз болбосун силер менен макулдашылат», — деди ал депутаттарга.

10:19 Ош: Эсеп комиссиясы куулуктарга жол бербөө максатында бюллетендерди белгилеп жатышат.

Ал ортодо Оштун борбордук аянтыа чогулган адамдардын саны уламдан-улам көбөйүп жатат.

10:16 Ош: Оппозициялык талапкер Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттары өз ара ички маселелерди талкуулоо үчүн Ош шаардык кеңешинин жыйындар залынан чыгып кетишти.

10:11 Ош мэриясынын имаратынын ички короосу:MG_723610:07 Бишкек: Кулматов мэр болуп шайлангандан 100 күн өткөндөн кийин шаардыктардын алдында аткарган иштери боюнча отчет бере тургандыгын айтып убада берди.

10:01 Ош: Эсеп комиссиясы депутаттарга таратыла турган бюллетендерди санап жатышат. Бюллетендердин саны туура — 45 болуп чыкты.

09:57 Ош: Ош шаардык кеңешинин депутаттары талапкерлердин шайлоо алдындагы сөздөрүн угуу керекпи деген маселенин айланасында талашып-тартышып жатышат.

Ош шаардык кеңешинин жыйындар залында тартылган алгачкы сүрөттөр:MG_7233 MG_723409:54 Бишкек: «Ата-Мекен» жана «Замандаш» партиялары кезек менен Кулматовду колдоп сөз сүйлөштү. Бардыгы тең күтүлгөндөй.

09:49 Азыр Ош шаарынын борбордук аянты ушундай көрүнүштө:MG_7220Оштун мэрин шайлоо өтүп жаткан имаратты ушинтип кайтарып жатышат:MG_722609:43 Оштогу шайлоо пландалган убакыттан эрте башталды.

09:39 Кулматов сүйлөп бүттү. Сөз беш партиянын лидерлерине берилди, КСДП баштады.

09:37 Кулматов: «Шаардагы көйгөйлөр тууралуу чексиз айта берсе болот. Мен иштөөгө даяр экендигимди ырастайм».

09:36 Кулматов архитектура эстеликтерин сактап калуу жөнүндө айтып жатат.

09:33 Кулматов Бишкекти кантип тартипке келтире тургандыгын айткыча Ошто мэрди шайлоого жарым саат калды.

Бишкектен айырмаланып ал жакта эки талапкер көрсөтүлгөн, шайлоо кызуу өтчүдөй. Биздин кабарчыбыз Дастан Үмөтбай уулу оппозициялык талапкердин тарапташтары Ош мэриясынын имаратынын алдына чогулуп баштагандыктарын билдирүүдө.

09:29 Кулматов Бишкектеги көйгөйлөрдү санап, аларды чечүү үчүн өз варианттарын сунуштап жатат. Негизги көңүлдү ал Бишкектеги «транспорттук көйгөйлөргө» бөлүүдө.

Ошондой эле ал борбордо «өтө начар архитектуралык чечим» болуп эсептелген имараттар курулуп жатканын мойнуна алды.

09:27 Бишкектин мэрлигине жалгыз талапкер болгон Кубанычбек Кулматов сөз сүйлөп жатат:

«Бишкектиктер күн сайын көйгөйлөргө кабылып, күн сайын келечекке ишенип, үмүт артып келишет. Келгиле шаардын келечеги үчүн бирге жоопкерчиликти алалы».

09:25 КСДПнын өкүлү сүйлөп жатат. Ал мэрликке эмне себептен Кубанычбек Кулматовду көрсөткөндүктөрүн түшүндүрүп жатат:

«Биз биринчи кезекте шаардыктар үчүн ыңгайлуу, жайлуу шарттарды түзүп бере турган адамды тандап жатабыз. Биздин көз карашыбыз боюнча, бул кызматка Кулматов ылайыктуураак талапкер».

09:22 Катчылар менен эсертөө комиссиясы аныкталды.

09:20 Гимн бүттү, шайлоонун жол-жоболору башталды. Алгач катчылар меен эсептөө комиссиясын тандашат.

09:18 Башталды. Кыргызстандын гимни болуп жатат.

09:13 Депутаттардын көпчүлүгү өз орундарына отурушту.

09:05 Алгачкылардан болуп Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары добуш беришет. Алар шайлоону 9:00 баштоолору керек болчу, бирок депутаттар жаңы гана жыйындар залына чогула башташты.

Ошто шайлоонун башталышы саат 10:00гө белгиленген.