Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялардын көбү Кулматовдун талапкерлигин колдошту

«Замандаш-Современник» жана «Ата-Мекен» фракциялары Социал-демократтар (КСДП) тарабынан Бишкектин мэрлигине талапкер катары сунушталган Кубанычбек Кулматовду колдошту. Өз кезегинде бул практика жүзүндө Чүй облусунун губернаторун 15-январда өтө турган шайлоодо жеңиш менен камсыз кылат.

«Замандаш-Современник» партиясы Кулматовду колдой тургандыгы жөнүндө 13-январда өткөн коалициялык көпчүлүктүн жыйынынан кийин билдирди.

Партия мындай чечимди үч күн мурун көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу ыктымалдыгы тууралуу билдиргенине карабастан кабыл алды.

Бирок «Замандаштын» басма сөз катчысы Константин Конкин Кулматовду колдогондуктарына карабастан мэр шайлангандан кийин фракция тарабынан коалициядан чыгуу маселеси кайрадан карала тургандыгын билдирди.

«Көпчүлүк коалициясы таркайбы же таркабайбы мэрди шайлоодон кийин белгилүү болот», — деди Конкин.

Ошондой эле Кулматовду коалициянын жыйынына катышкан «Ата-Мекен» фракциясы да колдой тургандыгын билдирди.

Ошентип, Чүй облусунун губернаторун шаардык кеңештеги төрт фракциянын үчөөсү колдой тургандыгын билдиришти, алардын арасында мэрликке Кулматовдун талапкерлигин сунуштаган КСДП фракциясы дагы бар.

Жогорудагы үч фракциянын депутаттарынын жалпы саны — 34. Кулматовду шаардык кеңеште 11 орунга ээ оппозициялык «Республика» фракциясы гана колдогон жок.

Эгер эч кандай күтүүсүз окуя болбой, колдой тургандыктарын билдирген үч фракциянын депуттарынын бардыгы тең Кулматовдун талапкерлиги үчүн добуш беришсе анда ал Бишкектин мэри болуп шайланат.

Бишкектин мэрлигине башка талапкерлер сунушталган эмес.

Буга чейин оппозициялык «Республика» партиясы өз талапкерин сунуштоодон эч пайда чыкпастыгын көзү жетип жатканын жана ал баары бир көпчүлүк депутаттардын колдоосун таппай тургандыгын билдирген болчу.

«Республика» мыйзам долбоорун Бишкек менен Оштун мэрлерин ал шаарлардын жашоочулары өзүлөрү шайлагыдай кылып өзгөртүү сунушун киргизген.

Өз талапкерин көрсөтүү укугуна ээ Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев да ал мүмкүнчүлүгү менен пайдаланган жок.

Бишкектин мэрин шайлоо буга чейинки калаа башчысы Иса Өмүркулов кызматынан кеткенден дээрлик бир жарым ай өткөндөн кийин болгону жатат.

Өмүркулов жер мыйзамын бузган деп айыпталгандан кийин кызматынан кеткен — экс-мэр ресторандар менен май куюуучу жайдын курулушу үчүн Бишкектин түштүгүндөгү сейил бактын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деп шектелүүдө.

Автор: Шерзод Бабакулов