Бишкек шаардык кеңеши: «Замандаш» коалициядан чыгуу маселесин талкуулаган, бирок чечим кабыл ала элек

«Замандаш-Современник» фракциясы Бишкек шаардык кеңешиндеги башкаруусу коалициядан чыгуу жөнүндөгү маселени талкуулаган, бирок акыркы чечим мэрди шайлоо күнү, 15-январда кабыл алынат.

«Замандаш-Современник» партиясынын басма сөз катчысы Константин Конкин Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде чындыгында эле Бишкек шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалициянын курамынан чыгуу маселесин талкуулангандыгын ырастады.

Эгер партия коалициянын курамынан чыга турган болсо шаардык кеңештеги башкаруусу коалиция автоматтык түрдө таркап кетет.

Учурда көпчүлүк коалициясынын курамында эки фракция бар: шаардык кеңеште 21 депутаты бар Социал-демократиялык партия (КСДП) жана 6 оруну бар «Замандаш» партиясы. Жалпысынан шаардык кеңеште 45 депутат бар.

9-январь күнү кечинде «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы «Замандаш-Современник» партиясы  «коалициядан чыгууну көздөп жаткандыгын» жазып чыккан, бирок Конкиндин айтымында, бул маселе боюнча азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.

«Ооба, бул маселе чынында эле фракция жыйынында талкууланган, бирок акыркы чечим кабыл алынган эмес», — деп билдирди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Конкин коалициянын тагдыры 15-январда, калаа башчысын шайлоо күнү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында чечиле тургандыгын кошумчалады.

Эгер «Замандаш» коалициядан чыкса ал шайлоонун жыйынтыктарына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мэрлик орунга талапкер катары КСДП тарабынан сунушталган Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Кулматов гана жалгыз катышат.

Эгер ал «Замандаштын» депутаттарынын добуштарын албай кала турган болсо, анда шаар башчысы болуп шайлануу үчүн зарыл болгон сандагы добушка ээ болбой калышы мүмкүн.

Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев Kloop.kgге берген маегинде алар коалиция боюнча өнөктөштөрүнөн көпчүлүктүн курамынан чыгуу ыктымалдыгы жөнүндө расмий маалымат албагандыктарын билдирди.

«Эгер алар чыгууну көздөп жатышкан болсо сөзсүз расмий түрдө маалымдашмак», — деди ал.

«Замандаштын» көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу ыктымалдыгы тууралуу кандай ойдосуз? Сиздин оюңузча ал Бишкек мэрин шайлоонун  жыйынтыктарына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Өз пикириңизди матералдын төмөн жагындагы пикир калтыруу бөлүмүнө калтырыңыз.

Автор:  Амина Сулеева