Курманжан датканын болочоктогу финн президенти тарткан акыркы фотосүрөттөрү

1906-жылдын жайында Орус империясынын башкы штабы тарабынан Кытайга экспедицияга жөнөтүлгөн полковник Карл Густав Маннергейм учурдагы Кыргызстандын аймагында да болуп кайткан. Ошто жана Алайда ал бир нече уникалдуу фотосүрөттөрдү тарткан, алардын арасында Курманжан датканын да акыркы сүрөттөрү болгон.

Башкы штаб орус армиясынын полковниги Маннергеймди Жапониянын таасири канчалык экенин билүү тапшырмасы менен Кытай имапериясына жашыруун сапарга жөнөткөн. Анда Жапония Орусиянын негизги геосаясий душманы болуп турган.

Маннергейм 1906-жылы поезд менен Самаркандга чейин келип, андан ары ат менен учурдагы Ош облусунун аймагына келген.

Оштон алыс эмес жерден ал Курманжан датка менен жолуккан.

Солдон оңго: Француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө
Солдон оңго: Француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө

Kloop.kgнин редакциясы Маннергейм тарабынан тартылган уникалдуу сүрөттөрдүн бир бөлүгүн  мыкты сапатта алууга жетишти. Мындай сапатта алар алгачкы жолу жарыяланып жатат:

Орус аскерлерине каршы XIX кылымдагы каршылык көрсөтүүлөрдү жетектеген Курманжан датка аскерлери кыйла жоготууларга дуушар болгондон кийин, 1876-жылы Орус имапериясы тарапка өтүүгө макул болгон.

Маннергейм Курманжан датка менен анын өтө карыган кезинде, өлөөрүнө жарым жыл калганда жолуккан. Анда ал Оштон алыс эмес жайгашкан Мады айылында жалгыз жашоо мүнөзүн кечирип жаткан.

Курманжан датка жаш курагына карабастан  — ал анда 94 жашта болчу — Маннергеймди атка ээр токуй ала тургандыгы менен таң калтырган.

Курманжан датка ат үстүндө. Карл Густав Маннергеймдин сүрөтү.

Экспедициянын катышуучулары Ошто Кытайдын чөлдөрүнө болчу оор саякат үчүн зарыл болгон шаймандарды, жабдыктарды даярдашкан. Андан сырткары Өзгөн базарынан жүк жүктөө үчүн бир нече жылкы сатып алышкан.

Базар в Оше. Фото: Карл Густав Маннергейм
Оштогу базар. Карл Густав Маннергеймдин сүрөтү.

Акырында ал жылкылардын бири Пекиндин өзүнө чейин жеткен. Маннергейм Борбордук Азиядагы жергиликтүү уруулардын меймандостугу үчүн аларды өтө сыйлачу жана алардын маданиятын, салт-санаасын да жактырчу.

Алай кыргыздары. Карл Густав Маннергеймдин сүрөтү
Алай кыргыздары. Карл Густав Маннергеймдин сүрөтү

Экспедициянын жүрүшүндө ал 1300дөн ашык фотосүрөт тартып келген.

foto-Mannergejma-013фото Маннергейма 013foto-Mannergejma-022-e1389087893230

Анын Кытайга болгон экспедициясы орус армиясы тарабынан өтө ийгиликтүү деп бааланган. 1917-жылдагы Октябрь революциясына чейин Маннергеймдин мартабасы өтө тездик менен жогорулап, генерал-лейтенант наамына чейин жеткен.

Маннергейм 1918-жылы Хельсинкидеги жеңиш парадында башчылык кылууда

Революциядан кийин ал туулуп өскөн Финляндия өлкөсү көз карандысыздыкка жетип, өлкөдө социалисттик «кызылдар» менен консервативдүү «актардын» ортосундагы жарандык согуш башталган — анда Маннергейм «актардын» армиясын башкарып, жыйынтыгында жеңишке жеткен.

Финляндияны регент катары бир нече жыл убактылуу башкарган соң ал 1920-жылдары саясаттан четтеп бир нече жолу Азияга барып келген, бул жолкусунда ал учурдагы Индиянын, Непалдын, Мьянманын жана Ирактын аймагында болуп кайткан.

Ал согуштук ишмердүүлүгүнө 1939-жылдын соңунда, Экинчи дүйнөлүк согуштун алгачкы жылдары СССР Финляндияга кол салгандан кийин кайрадан кайтып барууга мажбур болгон.

Маннергейм 1940-жылы
Маннергейм 1940-жылы

Маннергейм жогорку башкы командачы болуп, финн армиясын башкарып калат. Анын башкаруусунда армия душмандарынын сандык жактан көп экендигине карабастан узакка созулган кышкы кармашта Кызыл армиянын чабуулун кайтара алган.

Аны менен катар Маннергейм өзүнүн оңчул көз карашына карабастан өз өлкөсүн улутчулдар менен байланыштырбоо чечимине келип, Германия менен кызматташуудан баш тарткан — ал 1942-жылы июнда Адольф Гитлер жеке өзү Хельсинкиге барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө да макул болбой койгон.

Ошол эле жылы Финляндиянын бийлиги ага армиянын маршалы деген эң жогорку наамды ыйгарган.

1944-жылы өлкө президенти Ристо Рютти Германия менен болгон карама-каршылыктуу макулдашууга кол койгондон кийин финн парламенти аны кызматынан кетирген.

Маннергейм президенттик резиденциядан чыгып келе жатат, 1946-жыл

Андан соң депутаттар Маннергеймди өлкөнүн кийинки президенти болууга көндүрүшкөн, анткени алар аны СССР менен биротоло жарашууга бара ала турган жалгыз адам катары көрүшкөн.

Маннергейм эки гана жыл Финляндиянын президенти болгон жана ал президенттик мөөнөтүндө өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алган.  Бирок анын Советтер Союзу менен болгон жарашуусунан улам өлкөнүн аянты кыйла азайган.

Ал 1946-жылы кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетип, 1951-жылы Швейцариянын Лозанне шаарында дарыланып жаткан кезинде каза болгон.

Сүрөттөр үчүн Kloop.kgнин редакциясы «Музей демилгелеринин борбору» коомдук фондусуна жана жеке Аида Алымовага ыраазычылык билдирет.

Автор: Камила Баймуратова