«Каржылоонун жоктугунан» улам Кыргызстан мектептеги билим берүүнү баалоо рейтингине катышпай калды

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржылоонун токтотулушунан улам  Кыргызстан мектептеги билим берүүнү баалоочу PISAнын дүйнөлүк рейтингине катышпай калды. Буга чейин өлкө ал рейтингде эки жолу акыры орунга ээ болгон.

Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Динара Акматбекова Kloop.kgге берген маегинде банк чындыгында эле өлкөнүн мектептеги билим берүүнүн деңгээлин баалоочу эң абройлуу рейтинг болуп эсептелген PISAга катышуусун каржылоону токтоткондугун билдирди.

Ал түшүндүргөндөй, Кыргызстандын PISA-2006 жана PISA-2009га катышуусу банк тарабынан «Айылдык билим берүү» долбоорунун алкагында каржыланган жана ал долбоор 2011-жылы аяктаган.

«Ал программа 2011-жылы аяктаган. Андан соң министрлик андан аркы каржылоого сурам жөнөткөн жок», — деди Акматбекова.

Дүйнөлүк банктын өкүлү өлкөнүн билим берүүнү баалоо рейтингине катышуусу үчүн канча сумма керектелээрин айтып бере алган жок.

Рейтингди өткөрүү менен алектенген Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюмдун (OECD) расмий сайтында PISA-2015ке катышуу үчүн каттала турган жаңы өлкө төрт жылга 182 миң евро төлөшү керектиги жазылган.

PISA үч жылда бир жолу өткөрүлөт, ага 15 жаштагы мектеп окуучулары катышышып, алардын математика, окуу жана табият илимдери боюнча билим деңгээлдери бааланат.

Тестирлөөнүн жыйынтыктарын иштеп чыгууга дээрлик бир жылга чукул убакыт талап кылынат, ошондуктан PISA-2012нин жыйынтыктары 2013-жылдын декабрынын башында гана белгилүү болду.

Реформалардан улам баш тартуу

Кыргызстан 2012-жылкы рейтингге катышкан өлкөлөрдүн тизмесинде жок болуп чыкты, бирок бийликтегилер өлкөнүн ага катышпай калуусунун себеби катары каржылоонун токтотулушун айтышпай эле.

Буга чейин билим берүү министри Канат Сыдыков өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүү тармагындагы реформалардан улам Кыргызстандын PISAнын рейтингине катышуусу өлкөнүн өзүнүн демилгеси менен токтотулгандыгын айтып түшүндүргөн болчу.

«Биз бул тармакта реформаны 2011-жылы баштаганбыз, бирок эки жылдын ичинде негизги бөлүгүн түп тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Ушул себептен биздин өлкө окуучулардын жетишкендиктерин баалоочу эл аралык PISAга катышпай эле. Эгер бизде жаңы китептер болбосо биз дүйнөлүк рейтингде акыркы орундарда кала беребиз», — деп жазган анда «Вечерний Бишкек» гезити Сыдыковдун айткандарын.

Кыргызстандын мектеп окуучулары PISAнын рейтингинде эки жолу акыркы орунга ээ болушкан
Кыргызстандын мектеп окуучулары PISAнын рейтингинде эки жолу акыркы орунга ээ болушкан

Кыргызстан PISAнын 2006чы жана 2009-жылдардагы рейтингинде 65-орунга ээ болуп, эки жолу тең акыркы орун алган. Өз кезегинде ал жыйынтык өлкөнүн ичинде көптөгөн сындарды, терс пикирлерди жараткан.

Кыргызстанда PISAны өткөрүүгө жардам берген Билим берүүнү баалоо жана окутуунун усулдары уюмунун өкүлү Инна Валькова андагы жыйынтыктар өлкөнүн мектеп окуучуларынын билим деңгээлинин төмөн экендигин ырастагандыгын айтат.

Анын айтымында, тестирлөө өлкөнүн окуучуларынын 80 пайызынын билим деңгээли  «базалыктан төмөн» экендигин көрсөткөн.

Бирок ал Кыргызстан PISAнын рейтингине башка өлкөлөр менен атаандашуу үчүн эмес, а өзүнүн билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү аныктоо үчүн катышкандыгын билдирди.

Валькова өлкөнүн PISA-2012ге катышууга аракет кылбагандыгына өкүнүүдө.

«Эгер Кыргызстан рейтингке үчүнчү жолу катышканда өлкөбүздөгү билим берүүнү баалоо курсун толугу менен аяктамак, анткени 2006-жылы илимий билим берүү гана, 2009-жылы окуу жана сабаттуулук эле бааланган. Ал эми 2012-жылы математика боюнча баалоо жүргүзүлмөк», — деп түшүндүрдү ал.

Катышуунун өзү жетишкендик

«Билим берүү  демилгелерин колдоо фонду»  уюмунан Наталья Колесникова рейтингдин эки басылмасында тең өлкөнүн акыркы орун алып калышына кыргызстандыктар өзгөчө деле көңүл  бурбашы керек деп эсептейт.

Анын пикиринде, Кыргызстандын ал бүткүл дүйнөлүк изилдөөгө катышуусунун өзү эле «жылыш болгон» — эреже катары анда Түндүк Американын, Европанын жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрү катышышат.

«Кыргызстан ушундай өлкө бар экенин билдирүү үчүн кайраттуулук, эрдик көрсөттү жана билим берүү тармагында бир нерсени өзгөртүүгө аракеттенип, дүйнөлүк рейтингде өз ордун билүүнү көздөп жатат», — деди ал.

Азырынча Кыргызстандын PISA рейтингине качан кайтып бараары белгисиз,  бирок өлкө кийинки, 2015-жылкы катышуучулардын тизмесинде жок.

Декабрдын башында гана жыйынтыкталган PISA-2012нин рейтингинде эң мыкты жыйынтыкты Кытайдын Шанхай шаарынын окуучулары көрсөтүштү.

Ошондой эле PISA-2012нин жыйынытыгында, Вьетнамдын мектеп окуучулары биринчи эле катышуусунда  Франция, Улуу Британия, Орусия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн барган курдаштарынан ашып, 17-орунга ээ болуу менен рейтингдин тарыхында болуп көрбөгөндөй, күтүлбөгөн жыйынтык көрсөтүштү.

Автор:  Бексултан Искендеров