Өкмөт «Кумтөрдүн» акцияларынын 67 пайызын талап кылбайт

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд» компаниясы  «Кумтөр» алтын кенине теңме-тең үлүштө ээлик кылуу боюнча макулдашууга келгендиктерин билдирди. Кыргызстан соттук териштирүүлөрдөн качып кутулуу үчүн акциялардын 67 пайызын талап кылбайт.

Өкмөттүн бул чечими парламент депутаттарынын 2013-жылдын октябрындагы талаптарына каршы келет, анда депутаттар Кыргызстан биргелешкен жаңы «Кумтөр» ишканасында акциялардын 67 пайызына ээлик кылуусу керектигин талап кылышкан болчу.

Өкмөт парламенттин ал талабына 23-декабрга чейин жооп бериши керек болгон.

Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев журналисттер менен болгон жолугушуусунда өкмөт менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы «Кумтөрдөгү» акцияларга теңме-тең — 50-50 пайыздан ээлик кыла тургандыктарын билдирди.

Премьердин айтымында, «Центерра» менен өкмөттүн ортосундагы сүйлөшүүлөр сегиз айга созулган жана ал убакыттын ичинде Кыргызстан парламент жактырбай койгон меморандумдун алгачкы вариантына салыштырмалуу бир топ өзгөртүүлөргө жетишкен.

Алсак, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан 2026-жылга карата өз үлүшүн көбөйтө алат деген чечимге келишкен.

«Мен жыйынтыктардын болушунча пайдалуусуна жетишкендигибизге ишенем. Айтылып жаткандай 67 пайызга жеткен жокпуз, бирок меморандумдагы позициябызды жакшырта алдык», — деди өкмөт башчысы.

Буга чейин оппозиция эгер өкмөт 23-декабрга карата 67 пайыздык үлүшкө жете албаса «Кумтөрдүн» улутташтырылышын талап кылган жаңы митингдерди уюштура тургандыктарын билдирген болчу.

Соттук териштирүүлөрдөн кооптонуу

Сатыбалдиев «Центерра» менен болгон сүйлөшүүлөр улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүлгөндүгүн билдирип, ынандырууга аракет кылууда.

Анын айтымында, өкмөт акциялардын 67 пайызы тууралуу парламент тарабынан сунушталган вариантты караган эмес, анткени андай болгондо Кыргызстанга  эл аралык деңгээлде «Центерра» менен соттук териштирүүлөргө барууга туура келип калмак.

Оппозиция кендин улутташтырылышын талап кылып баштаган 2012-жылдан бери «Кумтөргө» ээлик кылуу маселеси Кыргызстандын саясатында негизги орунду ээлеп келет.

Өкмөт оппозициянын бул талабына жооп катары 2013-жылдын июнунда биргелешкен жаңы ишкана түзүү сунушталган жаңы меморандум сунуштаган.

Бүгүнкү күндө «Кумтор Оперейтинг Компани» компаниясы  толугу менен «Центерра Голдго» таандык, өз кезегинде анын акцияларынын 33 пайызы Кыргызстандын өкмөтүнө тиешелүү.

Эгер «Кумтөр» боюнча жаңы макулдашуу күчүнө кирсе Кыргызстан «Центеррадагы» акцияларынан баш тартып, биргелешкен жаңы ишканада үлүшкө ээ болот.

Автор: Бектур Искендер