Бишкек-Ош каттамы боюнча учуу эки эсеге арзан болот

Кыргызстанда иштеп жаткан алгачкы бюджеттик «Пегасус Азия» авиакомпаниясы Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда жаңы каттам ачат, билет баалары атаандаштарыныкына караганда болжол менен эки эсе арзан болот.

«Пегасус Азия» Кыргызстандын ири шаарларынын ортосундагы алгачкы каттамын 20-декабрда аткарат.

Билетти тураткаруучулардан алган учурда анын баасы бир багытты көздөй 1000 сомдон жогору болот, бул башка атаандаш компаниялардыкынан дээрлик эки эсеге арзан.

Эгер билеттерди «Пегасустун» расмий сайты аркылуу сатып алса андан да аразаныраак, бир багытты көздөй 500дон жогорку баада тапса болот.

«Пегасус Азия» түркиялык «Пегасус» авиакомпаниясына тиешелүү, ал өз кезегинде «лоу-костер» же болбосо бюджеттик авиакаттам болуп эсептелинет — компания билеттерин арзан кылуу үчүн жүргүнчүлөрдү ташууда болушунча үнөмдүү болуп, чыгымын азайтууга аракет кылат.

«Пегасус» Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы лоу-костер болду.
«Пегасус» Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы лоу-костер болду.

Бул «Пегасус Азиянын» Кыргызстанда аткарган алгачкы каттамы эмес — 2013-жылдын мартынан баштап анын учактары Бишкек жана Стамбул шаарларынын ортосунда учуп башташып, арзаныраак баалары менен «Түрк аба жолдоруна» олуттуу атаандаштык жаратышкан.

Авиакомпаниянын Kloop.kgнин кабарчысы менен маектешкен кызматкери Бишкек-Ош-Бишкек каттамы жарнамалык жүрүш эмес экенин жана баалар узак мөөнөткө сакталаарын билдирди.

«Бизде бизнес-үлгүбүз ушундай», — деди ал.

Таксиден арзан

Бишкек-Ош каттамы үчүн билеттер 18-декабрдан сатыла баштады. Авиакомпаниянын өкүлүнүн айтымында, алгачкы суткада эле биринчи каттамдын билеттеринин 40 пайыздан ашыгы сатылып кеткен.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алгачкы мезгилдерде шаарлар ортосунда күнүнө кеминде эки жолудан каттам аткарып турушат.

Бул каттамдын пайда болушу атаандаш авиакомпанияларга гана эмес таксисттерге дагы олуттуу сокку урат — «Пегасустун» билеттери кышында эки шаардын ортосунда такси менен жүргөндөн арзаныраак болушу мүмкүн.

Бюджеттик авиакомпаниянын атаандаштары арзан авиакаттамдын пайда болушу боюнча азырынча комментарий бергилери келбей эле — Kloop.kgнин журналисттерине «Авиатрафик» жана «Кыргызстан» авиакомпанияларынын өкүлдөрү жаңы каттам боюнча билдирүү жасабай тургандыктарын айтышты.

Урматтуу окурмандар! Биз бул материалды болушунча баланстуу, эки тараптуу кылууну каалайбыз. Эгер сиз атаандаш авиакомпаниялар менен байланышта болсоңуз, ошентсе дагы биз менен маек курууну кааласаңыз bektour@kloop.kg электрондук дареги аркылуу биз менен байланышыңыз.

Автор: Тилек Бейшеналиев