Саруулуктар айылга кирген милиционерлер «элдик соттун» алдында жооп берээрин билдиришүүдө

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында митингке чыгып жаткандардын өкүлү айылга кирүүгө аракет кылган милиция кызматкерлери «элдик соттун» алдында жооп бере тургандыктарын билдирди.  Демонстранттар буга чейин Сарууда «өзгөчө абал» жарыялашкан болчу.

Саруудагы нааразычылык акцияларынын лидерлеринин бири, жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты Замир Миндибаев Kloop.kgге берген маегинде айылда митингчилер тарабынан 10-декабрда жарыяланган «өзгөчө абал» күчүндө экенин билдирди.

Анын айтымында, эгер түндө милиционерлер же атайын кызматтын өкүлдөрү Сарууга кирип, жергиликтүүлөрдөн кимдир бирөөсүн кармоого аракет кылышса кармалган укук коргоо кызматкерлери «элдик соттун» алдында жооп беришет.

«Эгер түндө Саруу айылынын аймагына атайын кызматтагылар кирсе алар элдик соттун алдында жооп берүүлөрү керек болот», — деп билдирди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Маекти толугу менен угуу:

 

Ал ошондой эле укук коргоо органдарын ташбараңга ала тургандыктарын айтып коркутту.

«Уруксатсыз» өзгөчө абал

Саруу айылында митингке чыгып жаткандар айылын эки күндөн бери өзүлөрү жарыялаган «өзгөчө абалда» кармап турушат. Алар балдардын кечки саат ондон кийин көчөгө чыгуусуна, а унаалардын түнкү саат он экиден эртең мененкиге чейин жүрүүсүнө тыюу салып жатышат.

Миндибаевдин айтымында, алар милиция үстүбүздөгү жылдын октябрында өткөн митинг маалында Ысык-Көл облустук администрация имаратын басып алуу аракети боюнча сурак берүү үчүн төрт саруулукту берүүнү талап кылгандан кийин ушундай кадамга барышкан.

Милиция буга чейин саруулуктардын бул аракетин туура эмес деп, ал эми өзгөчө абалды  «уруксатсыз» деп атаган.

Бүгүн ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы кандай болгон күндө да укук коргоо органдарында Сарууга кол салуу ниети жок экенин билдирди.

«Эгер Саруу айылынын жашоочуларынын бул аракетинен башка адамдар жабыр тарта турган болсо, анда албетте биз адекваттуу чараларды көрөбүз», — деп кошумчалады ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.

Улутташтырууну талап кылгандар

Саруунун жашоочулары — алардын районунда жайгашкан «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өтүп жаткан митингдердин эң активдүү катышуучулары.

Үстүбүздөгү жылдын октябрынын башында саруулуктардан турган топ митинг өткөрүү үчүн Каракол шаарына барышкан, анда демонстранттар тарабынан Ысык-Көл обладминистрация имаратын басып алуу аракети болуп, алар милиция тарабынан кууп таратылган.

Анда укук коргоо органдары тарабынан демонстранттардын 23ү кармалган, алардын 13ү бүгүнкү күнгө чейин камакта, аларга каршы дароо бир нече берене боюнча кылмыш иши козголгон.

Өз кезегинде бул окуядан кийин эми Саруу айылынын жашоочулары эки себеп менен — «Кумтөр» жана айылдаштарынын камакка алынышынан улам дайыма митинг уюштуруп келишүүдө.

Саруулуктар кээ бир нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө Ысык-Көлдү бойлой кеткен негизги унаа жолду тосушкан, бирок алар 23-декабрга чейин — «Кумтөр» кимге тиешелүү болушу керектиги тууралуу маселе чечилгенге чейин — бул ыкманы колдонбостуктарын билдиришип, убада беришкен.

Автор: Бектур Искендер