Мырзакматов Ош шаарынын мэри кызматынан алынды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мелис Мырзакматовду Ош шаарынын мэри кызматынан алуу жөнүндөгү буйрукка кол койду. Бийликтегилер муну алдыдагы түштүк борбордун мэрин шайлоо менен байланыштырып жатышат.

Мырзакматовдун Ош шаарынын мэри кызматынан алынгандыгы тууралуу өкмөттүн 5-декабрда тараткан билдирүүсүндө жазылган.

Анда өкмөт башчысынын мындай кадамга барышынын себептери кабарланган эмес, бирок кийинчерээк премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов бир нече басылмаларга берген маегинде бул Ош шаарынын мэрин шайлоо менен байланыштуу экенин билдирди.

Шайлоого чейин Ош мэринин милдетин Алимжан Байгазаков аткарат, бирок азырынча шайлоонун качан болоору белгисиз - аталган шаарлардын башчыларын шайлоо президент Атамбаев Бишкек жана Ош шаарларынын статустары жөнүндөгү жаңы мыйзамга кол коймоюнча өткөрүлбөйт.

Эржигитов Kloop.kgнин кабарчылары менен болгон маегинде Мырзакматов Ош шаардык кеңешин шайлоо болгон 2012-жылдын мартынан бери кызматтык ордун «милдетин аткаруучу» деген кошумча ат менен алып жүргөнүн белгиледи.

Бул өз кезегинде премьер-министр Мырзакматовду шаардык кеңеш менен макулдашпастан эле кызматтан ал ала тургандыгынан кабар берет.

Мырзакматовдун өзү ага журналисттер телефон чалып баштаганга чейин кызматтан алынгындыгы туура билбегендигин айтты.

Kloop.kgнин кабарчылары телефон аркылуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматкери менен байланышканда ал да бул жаңылык тууралуу кабардар эмес экенин билдирди.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдурасулова Мырзакматовдун алынышын анын шайлоого катыша тургандыгына байланышкан формалдуулук болушу мүмкүн деп божомолдойт.

«Сыягы, ал өзү да мэрликке талапкерлигин коет болушу керек, мыйзамга ылайык, шайлоодо административдик ресурстун колдонулбашы үчүн ал кызматынан кетиши керек», — деп жазган ал «Фэйсбук» социалдык түйүнүнө.

Бирок Социал-демократтар партиясынан (КСДП) депутат Абдыманап Кутушев «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде Мырзакматовдун кызматтан алынышы анын Ош шаарында өтүп жаткан оппозициянын митингиндеги «шайкеш келбеген» билдирүүлөрүнө байланыштуу экенин билдирген.

«Кандай гана баскычтагы мамлекеттик кызматкер болбосун анын өлкөнүн бөлүнүп-жарылышына алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү жасашына жол берүүгө болбойт», — деп жазган интернет-басылма депутаттын айткандарын.

Бийликти сындоо

Былтыркы шайлоодон кийин шаардык кеңештин жаңы курамы дароо эле мэрди шайлоо менен алектениши керек болчу, бирок Бишкек жана Ош шаарларынын макамдары жөнүндөгү мыйзам долбоорунун көпкө каралышынан улам шайлоо кийинкиге жылдырылып келүүдө.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса Ош шаарынын мэрлигине премьер-министр эле эмес парламенттин фракциялары да талапкер көрсөтө алышат.

Мырзакматов акыркы күндөрү борбордук бийликти саясатчыларды коррупция үчүн камоодо «тандап мамиле кылып жатат» деп айыптап келген.

Ал коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары уюштурган митингде сөз сүйлөп, бийликтегилерди калыстык үчүн социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбековду да камакка алууга чакырган.

Шейшемби күнү премьер-министр Сатыбалдиев Мырзакматовдун билдирүүлөрүнө нааразы экенин ачык эле айтып, аны «өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого» чакырган.

Аны менен катар апта башында Ош мэринин партиясы «Улуттар биримдиги» алдыдагы шаар башчысын шайлоонун алдында партиянын шаардык кеңештеги депутаттарына карата бийлик тараптан басым жасалып жатканын билдирип чыккан.

Мырзакматовдун партиясынын депутаттары Ош шаардык кеңешиндеги орундардын жарымынан бир аз көбүрөөгүн (45 орундун 23үн) ээлеп турат.

Автор: Бектур Искендер