Бишкектин мэри Иса Өмуркулов кызматынан кетти [+ видео]

Борбордун түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын чегин мыйзамсыз ырастаган деп айыпталып жаткан Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов кызматынан кеттибул тууралуу ал 4-декабрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Кызматтан кеткендиги тууралуу Өмүркулов 4-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Бирок мэр бул ага каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу эмес экенин айтты.

«Ар бир адамдын ишмердүүлүгү токтошу керек. Кызматтан кетишимдин мага каршы козголгон кылмыш ишине таптакыр байланышы жок», — деди ал.

Бишкектин мэри борбордун түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын чегин мыйзамсыз ырастаган деп шектелип жатат.

Башкы прокуратура билдиргендей, Бишкектин башчысы 2010-жылы сейил бактын чегин ырастоо тууралуу жарлык чыгарган. Анда анын аянты башкы планда көрсөтүлгөн 48 гектардан 35 гектарга чейин азайтылган.

Башкы прокуратура ал жарлыгын чыгарууда Өмүркулов кызмат абалын ашыкча пайдаланган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Өмүркуловго жана мэриянын бир нече чиновнигине каршы кылмыш иши Кылмыш кодекстин 305-берененин 2-бөлүмү менен каралган «жер мыйзамын бузуу» боюнча козголгон.

Башкы прокуратура билдирүүсүндө сейил багынын аймагынан чыгарылган жерлердин катарында кафе, ресторан жана май куюучу жайлар курулган тилкелер бар болгондугун жазган. Эгер аталган тилкелер сейил багынын аянты боюнча калганда андагы курулуштардын бардыгы мыйзамсыз деп табылмак..

«Муну менен [Өмүркулов] сейил багынын ичиндеги объектилердин капиталдык курулушун легалдаштырып, андан ары шаардык парк аянтынан курулуш үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шарт түзгөн», — деп билдирген Башкы прокуратура.

Тартипке ылайык, сейил багынын аянтын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу аркылуу гана азайтууга мүмкүн болчу.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев