Бийликтегилер Мырзакматовдун Оштогу митингде сүйлөгөн сөздөрүнө нааразы [+ видео]

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун түштүк борбордо өткөн митингдеги билдирүүлөрүнө комментарий берип жатып аны өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого чакырды.

Сатыбалдиев Мырзакматов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө анын коррупцияга шектелип кармалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтарынын Оштогу митингиндеги билдирүүлөрүн сынга алды — бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер Ош шаарынын башчысын өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого жана ага жүктөлгөн милдеттерди «кыңк этпей» аткарууга чакырды.

Азырынча өкмөт башчысына Мырзакматовдун билдирүүсүнүн кайсыл бөлүгү жакпай калгандыгы белгисиз.

Оштун мэри 2-декабрдагы митингде элдин алдында сүйлөп жатып Келдибековду «коррупцияга» күнөөлүү эмес деп эсептей турганын билдирген.

http://www.youtube.com/watch?v=rh_yu-3oM7o

«Эгер Акматты соттошсо мен Чыныбай [Турсунбеков] дагы бар экенин билем. Эгер аны да камакка алышса анда биз туура дейт элек», — деди ал.

Жалпысынан Мырзакматов өз сөзүндө бийликчил социал-демократтар партиясын сындап, милиция кызматкерлерин демонстранттарга карата зомбулук көрсөтпөөгө чакырган.

«Элдин баары КСДПны колдобойт, а тескерисинче КСДПны жаман көрүшөт. Милиционерлердин аксакалдарды түртүп жаткандарын көрүп жүрөгүм ооруп кетип жатат. [...] Урматтуу погончондор, апаларды, аталарды, элди сыйлагыла. Шайтанга кызмат кылбагыла», — деп билдирген Оштун мэри.

Борбордук бийликке айтылган дооматтар

Мелис Мырзакматов Бишкектеги борбордук бийлик менен бир тараптуу эмес мамиледе экендиги менен белгилүү.

Ал Оштун мэри болуп өлкөнү 2010-жылы бийликтен кеткен президент Курманбек Бакиев башкарып турганда эле дайындалган жана бийлик алмашкандан кийин кызмат ордун сактап калган чиновниктердин бир болуп саналат.

Бийликке келген убактылуу өкмөт Мырзакматовду кызматтан алууга аракет кылган, бирок ал көптөгөн адамдардын катышуусундагы митингдер жана парламенттеги оппозициялык партиялардын Оштун мэрин колдошу сыяктуу катуу каршылык көрсөтүүлөргө туш болгон.

2012-жылдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо мэрдин «Улуттар биримдиги» партиясы Ош шаардык кеңешиндеги орундар үчүн болгон жарышта жеңишке жеткен.

Мындан кийин Мырзакматовдун өз позициясын сактап калышы күтүлүп жаткан, бирок Бишкек жана Ош шаарларынын статустары жөнүндөгү жаңы мыйзамдын кабыл алынышынан улам бир жылдан бери шаар башчысын шайлоо жылдырылып келүүдө.

Ал ортодо «Улуттар биримдиги» партиясы анын шаардык кеңештеги депутаттары мэрди шайлоонун алдында бийлик тарабынан басымдарга дуушар болуп жаткандыктарын билдирип, ишендирүүгө аракет кылып баштады.

«Бийликтегилердин жалгыз максаты шаардык кеңеште «Улуттар Биримдиги» партиясынын депутаттарынын азыраак отурушу, аны менен бирге алдыдагы шайлоодо партия лидери Мелисбек Мырзакматовго бут тосуу. Учурдагы бийлик бардык бийлик бутактарында алардын тарапташтарынын отурушу үчүн болгон аракеттерин көрүп жатат», — деп билдирген партиянын басма сөз кызматы Ошто ири митингдер башталаган 2-декабрь күнү.

Мырзакматовдун партиясы тарабынан айтылган айыптоолор боюнча комментарий алуу үчүн өлкө башчысынын басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов жеткиликсиз болууда.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов бийликтин дарегине айтылган айыптоолор боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев