«Улуттар Биримдиги» борбордук бийликти партиянын депутаттарын «куугунтуктап» жатат деп айыптады

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы анын Ош шаардык кеңешиндеги депутаттары түштүк борбордун башчысын шайлоонун алдында коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп жаткандыктарын билдирди.

Өз билдирүүсүндө “Улуттар Биримдиги” Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандын саясий адамдарына карата кылмыш иштерин козгоп, “тандалма саясат” жүргүзүп жатканын жазган.

«Кыргызгаздын» бир долларга сатылышы жана болбогон суммага берилген «Кумтөр» тууралуу билдирүүлөр бийликтегилердин кыжырын келтирип жатат. Алар тараптан Саруу айылынын жашоочуларына карата басым жасоолорго каршы чыккан Жогорку Кеңештин депуттарына басым көрсөтүүлөр болуп жатат», — деп жазылган партиянын кайрылуусунда.

Ошондой эле партия Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу «Улуттар Биримдигинин» депутаттарынын “саясий куугунтуктоолорго, психологиялык жана моралдык басымдарга” туш болуп жаткандыктарын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.

«Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов шаардык сот тарабынын белгисиз себептер менен шарттуу түрдө бир жылга кесилди. Андан сырткары «Улуттар Биримдиги» партиясынан шаардык кеңештин дагы беш депутатына кылмыш кылмыш иштери козголгон», — деп билдирди «Улуттар Биримдиги»

Кайрылууда өзбек улутундагы депутаттарга карата да коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы жазылган.

«Бийликтегилердин жалгыз максаты шаардык кеңеште «Улуттар Биримдиги» партиясынын депутаттарынын азыраак отурушу, аны менен бирге алдыдагы шайлоодо партия лидери Мелисбек Мырзакматовго бут тосуу. Учурдагы бийлик бардык бийлик бутактарында алардын тарапташтарынын отурушу үчүн болгон аракеттерин көрүп жатат», — деп жазган партия өкүлдөрү.

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын негизги талаптары төмөндөгүлөр:

  • Оштун мэрин шайлоого чейин партия депутаттарынын дарегине жасалып жаткан коркутуулар менен саясий басымдарды токтотуу;
  • Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ишин «саясий көз караштар боюнча» жүргүзбөшү керек;
  • Депутаттар Акматбек Келдибеков менен Нариман Түлеевге каршы козголгон кылмыш иштерин адилеттүү карап чыгуу;
  • «Кумтөр» алтын кени боюнча маселелер өлкөнүн кызыкчылыгында чечилиши керек;
  • «Кумтөрдүн» кызыкчылыгын коргоп жаткан Саруу айылынын жашоочуларына карата коркутуп-үркүтүүлөрдү, зордук-зомбулуктарды токтотуу.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн өлкө башчысынын басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов жеткиликсиз болууда.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов саясий партиянын кайрылуусу боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Автор: Шахида Дүйшеева

Сүрөттө: М.Мырзакматов Оштогу жергиликтүү кеңешти шайлоодо, 2012-жыл