Жалал-Абад облусу: Дарыяга күйүүчү май ташыган унаа кулап түшкөндөн кийин балыктар өлө баштады

26-ноябрда Чычкан дарыясына күйүүчү май ташуучу унаа кулап түшкөндөн кийин андагы балыктар массалык түрдө өлүп баштады — бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

eff5c59ed0020fe733499ebe94a7172b (1)

Учурда окуя болгон жерде атайын экологиялык кызматтын адистери суу жаныбарларын өлүмдөн алып калуунун үстүндө иштеп жатышат.

40 тонналык  күйүүчү май ташуучу унаа дарыяга 26-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу күйүүчү жана майлоочу майларды ташып бара жатып кулап түшкөн.

a8343e15498e64024eb692c873a6254c (1)

Анын 20 метрлик бийиктиктен кулаганынан улам цистерналары тешилип, күйүүчү май сууга кошулуп кеткен.