Саруунун жашоочулары Балыкчы-Каракол унаа жолун тосушту

Демонстранттар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу жана Дархан айылдарынын ортосундагы көпүрөнү таштар менен тосуп алышты. Алар «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен Караколдо өткөн митинг маалында кармалган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып жатышат.

Митингчилер Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу жана Дархан айылдарынын ортосундагы жолду тосуп алышты — бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, митингге болжол менен 30-40 чамалуу киши катышып жатат, алар жолду таштар менен тосуп коюшкан.

Митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев менен жолугушууну талап кылып жатышат.

«Бизге белгилүү болгондой, алар чогулуп жатканда мыйзам бузбай тургандыктарын айтышкан. Бирок биз силер менен жолду тосуу мыйзам бузуу экенин жакшы билебиз. Алар акция тууралуу Жети-Өгүз райондук администрациясына эсертишкен», — деди администрациянын басма сөз катчысы.

Анын айтымында, демонстранттар «Кумтөр» кенинин улутташтырылышын жана октябрдын башында Караколдо өткөн митинг маалында кармалган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып жатышат.

«Алар жолду тосуу менен «Кумтөр» маселеси чечилип калбасын түшүнбөй жатышат», — деп эсептейт Муканбетова.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасындагы маалыматка ылайык, Эмилбек Каптагаев убактысы жок болгондуктан бүгүн демонстранттар менен жолугууга бара албайт.

Учурда анда милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү митингчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат — бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде демонстранттар тарап баштагандыктарын, бирок жол дагы деле жабык бойдон турганын билдирди.

«АКИпресс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча жолдун тосулган жеринде 50 чамалуу унаадан турган тыгын пайда болгон.

Саруулуктар «Кумтөрдүн» улутташтырылышы үчүн

Саруу айылы акыркы эки жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешүүлөрдүн негизги темасы болуп калган «Кумтөр» алтын кени менен бир райондо жайгашкан.

Оппозиция канадалык «Центерра Голд» компаниясынын башкаруусундагы кендин улутташтырылышын талап кылып жатат.

Кенди мамлекеттин менчигине өткөрүү идеясынын тарапташтары күзүндө «Кумтөр» боюнча бир нече митингдерди өткөрүшкөн.

7-октябрда «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен Караколдо өткөн митингге негизинен Саруу айылынын жашоочулары катышышкан.

Анда саруулуктар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди төрт саатка барымтага алуу менен облустук администрация имаратын эки жолу басып алууга аракет кылышкан, бирок жыйынтыгында милиция аларды кууп тараткан.

Ошол эле түнү 23 киши кармалган, алардын 13ү бүгүн да камакта. Аларга каршы Кылмыш кодексинин барымтага алуу сыяктуу бир нече беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөттө: Октябрдын башындагы жолдун тосулушу, автору: Мария Колесникова