LG менен Samsung ийилме экрандуу смартфондорду чыгарат

Түштүк кореялык электроника алптары LG менен Samsung смартфондор үчүн дүйнөдөгү эң алгачкы ийилме экрандарды чыгарууну баштады. Мобилдик колдонмо дүйнөлүк рынокто жакынкы айларда пайда болот.

LG жана Samsung компаниялары смартфондор үчүн ийилме экрандарды сериялуу өндүрүшкө киргизди. Учурда эки компания тең OLED органикалык жарык диоддорунун негизинде иштеген технологияны колдонуп жатышат.

Бул жаңы технология тууралуу LG билдиргенге чейин бир нече күн мурун Samsung корпорациясы да ушундай эле кадамга бараарын жарыялаган болчу.

Samsungдун смартфону Galaxy Round деген аталышка ээ болот жана ички түзүлүшү боюнча ал Galaxy Note 3кө окшош болот.

LGнин G FLex смартфондору Samsung Galaxy Roundдан айырмаланып турат — LGнин сайтында алардын смарфондор үчүн чыгарыла турган жаңы экрандары Samsung сунуштап жаткандай вертикалдуу эмес, горизонталдуу ийилээри жазылган.

LG жаңы экраны 6 дюймдук болгонуна карабастан дисплейи дүйнөдөгү эң жеңил — болгону 7,2 г —  болоорун билдирүүдө. Салыштыруу үчүн Samsung Galaxy S 3түн салмагы 133 граммды түзөт.

Бирок эксперттердин баары эле мындай экрандардын кардарды өзүнө тартаарына ишене беришпейт.

«LG компаниясы мындай кадамга өзүнүн жаңы технологияларды иштеп чыгууга жөндөмдүү экенин көрсөтүү үчүн, ошондой эле башка өндүрүүчүлөрдөн айырмалануу үчүн барды деп эсептейм», — деп жазган Би-би-синин орус кызматы консультациялык Informa фирмасынын кызматкери Дэвид Макквиндин айткандарын.

«Массалык колдонуучуну ийилме экран идеясы өтө кызыктырат деп ойлобойм. Бирок ошондой болсо да смартфонду деформациялоо мүмкүнчүлүгүнө жетип, аны чындыгында эле ийилгич кыла алышса башка кеп», — деген Макквин.

Уюлдук телефондордун “Мостовой” интернет-дүкөнүнүн соода-сатык боюнча менеджери Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстанга смартфон дүйнөлүк рынокко чыккандан бир нече жума өткөндөн кийин келээрин билдирди.

“Алсак, iPhone колдонуучуларга 20-сентябрда тааныштырылган, ал бир аптадан кийин эле ЦУМда сатыкка коюлду. Андай моделдер өтө тез пайда болот”, — деди консультант.

“Светофор”интернет-дүкөнүнүн кызматкери да жаңы моделдер негизинен Бишкекке бир-эки жуманын ичинде келээрин билдирди.

Samsung менен LG смартфондорго ийилме экран жасагандан сырткары 55 дюймдагы «ийилген» OLED-сыналгыларын да чыгарат.

Автор: Мария Гребнева