Караколдогу митинг: Каптагаев барымтадан бошотулду, милиция митингчилерди кууп таратты

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев «Кумтөрдүн» улутташтырылышын талап кылган митингчилердин төрт сааттык барымтасынан бошотулду. Милиция Ысык-Көл обладминистрациясын басып алууга аракет кылган демонстранттарды кубалап таратты.

Караколдогу «Кумтөр» кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митинг милиция менен митингчилердин тирешүүсүнө алып келди, анын жүрүшүндө эң аз дегенде төрт адам жабырланган.

Жыйынтыгында, көпчүлүгү Жети-Өгүз районунан келген митингчилер укук коргоо органдары тарабынан Каракол шаарынын сыртына сүрүлүп чыгарылды.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө Караколдун борбордук аянтына чогулган 300-500дөй киши Ысык-Көл облустук администрациясын эки жолу басып алууга аракет кылышты.

Ошондой эле алар алгач чабуул жасашып, андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алып алышкан.

Демонстранттар аны төрт саат бою «Фольксваген Венто» унаасында кармашып, мезгил-мезгили менен унааны өрттөй тургандыктарын айтып коркутушкан.

Каптагаев бошотулду, кээ бир маалыматтар боюнча, ал митинг катышуучуларынын өзүлөрү тараптан, башка маалыматтар боюнча, милициянын операциясынын жүрүшүндө бошотулган.

7-октябрь күнү кечки саат 9дардагы обладминистрацияны экинчи жолу басып алуу аракетинен кийин митинг катышуучулары Караколдун борбордук аянтынан милиция тарабынан таратылды.

Арматура зымдары жана күйүүчү кошундулар куюлган бөтөлкөлөр менен куралданган алар милицияган дагы бир сааттай аянтка чектеш көчөлөрдө каршылык көрсөтүп турушту.

Ысык-Көл облусунун борборундагы абал болжол менен түнкү саат 11лерде тынчтандырылды.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы Кылмык кодексинин төрт беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Алардын ичинде адамды барымтага алуу жана өмүрүнө опуза кылуу кылмыш белгилери дагы бар.

Ишти андан ары иликтөө менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алектенет.

Ички иштер министрлиги митингдин «бир нече агрессивдүү катышуучусу» кармалгандыгын билдирүүдө, бирок алардык саны канча экенин ачыкка чыгарбай эле.

Милиция тарабынан таркатылганына карабастан митинг максаттарынын жарымына жетти.

Бийлик тарабынан айтылып жаткан 50%дын ордуна «Кумтөр» ишканасындагы Кыргызстандын үлүшүнүн 70%га көтөрүлүшүн талап кылуу менен митингдин катышуучулары парламенттин комитеттеринин биринин өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн эртең чогулуш өткөрүүсүнө жетишишти.

Мүмкүн боло турган өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн себеби — «Кумтөр» боюнча «пайдасын келишим».

Автор: Шахида Дүйшеева, Айшоола Айсаева жана Карина Дитковская

Алгачкы материал:

Караколдо «Кумтөр» кенин улутташтыруу талабы менен өтүп жаткан митингде үч киши өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге кол салууга аракет кылышты. Анын жыйынтыгында өкмөттүн өкүлү галстугу жок калды, митинг уланып жатат.

Жергиликтүү журналист Кундуз Сырдыбаева өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өтүп жаткан митингдин катышуучулары кол салганын Kloop.kgнин редакциясына билдирди. Анын айтымында, митингдин катышуучуларынын көбү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан келишкен.

«Үч киши Каптагаевдин галстугун жулуп алышып, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысына.

Ысык-Көл облустук ИИБсинин басма сөз кызматы Каптагаевге кол салуу болгондугу тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты. Милициянын версиясы боюнча, жаштар өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен «жогорку тон менен үнүн көтөрүп» сүйлөшүшкөн, бирок күч колдонууга барышкан эмес.

«Жөн гана Саруу айылынан келген жаштар аны менен [өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен] жогорку тондо сүйлөшүп, суроо берип кыйкыра башташты, бирок аларды митингчилердин өзүлөрү эле токтотуп коюшту», — деди ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок Kloop.kgнин редакциясы Кундуз Сырдыбаевадан алган сүрөт тескерисинче болгонун күбөлөндүрүүдө — ал сүрөттө өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн галстугун жулуп алып жаткан учур тартылып алынган.

Кол салуу аракеттерине карабастан Каптагаев Караколдун борбордук аятында калды – анда болжол менен 300дөй киши «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышын талап кылып жатышат.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын басма соз катчысы Назира Муканбетованын айтымында, азыр Караколдо абал «туруктуу».

«Алар [уюштуруучулар] митинг өткөрө тургандыктары жөнүндө бизге өткөн жумада кабарлашкан, азыр тынчтык митинги өтүп жатат. Учурда митингге 300дөй киши катышып жатат», — деди Муканбетова Kloop.kgге берген маегинде.

Күбөнүн айтымында, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан болжол менен жыйырмадай атчан адам, алардын артынан 10дой унаадан турган колонна Караколду көздөй багыт алышкан.

Бул «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингдердин алгачкычы эмес — өткөн жылы бул митингдер Бишкектеги парламент имаратынын алдындагы кагылышууга, андан ары оппозициялык депутаттардын «бийликти кулатуу аракеттери» үчүн кармалышына жана аларга карата өкүмдүн чыгышына алып келген болчу.

Ошондой эле «Кумтөр» маселеси үстүбүздөгү жылдын май айынынын аягында Жети-Өгүз районундагы митингдин чыгышына себеп болгон. Ал митингдин жүрүшүндө «Кумтөр» кени электр жарыгысыз калтырылган болчу.

Авторлор: Кубан Макешов жана Шахида Дүйшеева

Сүрөттүн автору: Кундуз Сырдыбаева