Ошто самолет менен “ЗАГСка” чыгышты

Шаардыктарды мындан аз күн мурда самолет менен “ЗАГСка” чыккандар таң калтырды. Тойдун каарманы болгон эки жаш – Мухаммед-Али Маткалыков жана Гүлшат Жапаркулова саат 15:00дө кадимки эле Екатеринбург-Ош учагынан үлпөт кийимдери менен келип түшкөн. Самолеттон түшөөрү менен эле аларды атайын дайындалган автоунаа менен күтүп алынган.

Ушундайча өзгөчө той өткөргөндөрдү үй-бүлөсү атайын унаа менен тосуп алышкан жана бул өзгөчө тойго кызыккандар бат эле чогулган. Эки жаш чыгып тосмодон өткөндөн соң, алар жандуу музыканын коштоосунда бир канча жерге “кызыл килем” үстүндө басып келген. Андан соң келген коноктордун жети нанга ооз тийүүсү жана аларга жагымдуу гүл дестелердин берилген.

Той (4)

Үйлөнүп жаткан жигит Мухаммед-Али Маткалыков, кубанычын койнуна баткыра албайт:

«Алгач бизге иним чалып, аэропортко кыргыз улуттук үлпөт кийиминде келишибизди айтты. Екатеринбургдагы орус эли биздин кийген улуттук кийимибизди суктануу менен карашты. Алар самолетто “ЗАГСка” чыккан жубайларды биринчи жолу кезиктиргенин айтып, бизге белек тартуулашты. Биз келинчегим жана карындашым үчөөбүз аэропорттон чыкканыбызда үй-бүлөм, жана элдер өзгөчө шаң менен тосуп алганы аябай таң калтырды. Тосуп алуу  жөнүндө биздин кабарыбыз жок болчу»,-дейт Маткалыков.

Той (5)

Ош шаарына биринчи жолу келгенин айткан келинчек, бул жактын кооздугуна суктанганын да баса белгилеп өттү. Гүлшат Дүйшөнкулова:

«Мен Бишкек шаарынан болом. А Ош шаарына биринчи жолу келип турган кезим. Аябай кооз шаар экен, мага өтө жакты. Кыргыз эли илгертен  меймандос келет эмеспи, каада-салтты сактаган аэропорт кызматкерлери биз чыккан жолду чүпүрөк менен тосуп алышкан экен, мага ошол жери аябай жакты»,-дейт Гүлшат.

Той (3)

Кайталангыс, аэропорттун тарыхындагы жок нерсени уюштурган Мухаммед-Алинин бир тууган  иниси Азирет-Али  болгон. Ал бул идеясын көптөн бери ойлоп  жүрүп,  эми гана анын иш жүзүнө ашып турганына кубанычта экендигин билдирди:

“Алгач эле мен аэропорттун башчысы менен сүйлөштүм. Бул нерсени ата-энеме жана байкемдерге күтүлбөгөн окуя кылайын дегем, бирок атама айтууга туура келип, берген  кеңештери менин идеямды дагы да өркүндөттү. Тосуп алууга болсо баары кошулуп 70 000 сом акча сарптадык”,-дейт.

Той (2)

Бул жерде жүргөн күбөлөр да көргөндөрүнө таң калып турушкан экен:

“Биз байбичем менен бул жерге уулумду узатканы келгенбиз, “ЗАГС” болуп жатканын угуп дароо эле келсек, өзүмдүн эле классташым Айниса менен Салайдинбек аганын балдары экен. Алардын чет өлкөдөн келгенине карабай  кыргызча кийимде  чыкканы, биз көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Дагы бир нерсени баса белгилеп кетким келип жатат, кадимки “Хаммер Лимузин” маркасындагы унаалар эң сонун болгон. Себеби анын үстүндө кыргыздын куттуу желеги желбиреп турат. Аябай толкундандым, ылайым эле ушундай патриот үй-бүлөлөр көбөйө берсе экен»,- деп билдирди Бөрүбай Акимов.

Той (1)

Эки жаштын ата-энеси сагынып күткөн балдарын  чыдамсыздык менен күтүп алып, толкундоо менен тосуп алгандыгын айтышты. Уулдун атасы Салайдинбек:

“Балдарымды сагыныч менен күтүп алуу, алардын тою мен үчүн эгиз бакыт болду, мен өзүмдүн бактылуу ата экенимди сезип жатам”,-деди.

Той (6)

“Мен балдарымды толкундоо менен тосуп алдым. Бул күн мага өзгөчө болду. Биз тойду алгач Ош шаарынын ыйык жерлеринде, андан кийин салт боюнча айылда, Ноокатта уланттык”,-деди андан ары күйөө баланын апасы Айниса.

20130810_152016

Тойлордо өзгөчө “ЗАГСка” чыгуу жагынан Ошто күн санап атаандашуу күчөп баратат. Кээ бир той кылган жаштар кадимки арабада, ат менен, автобус менен жана велосипед менен чыккан учурлары бар.

Автор: Мукадам Маткалыкова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку. Самолеттон сүрөттөр тартылбай калган.