Атамбаев «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамга каршы чыкты

Президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агент» статусун берүү жөнүндөгү мыйзамдын Кыргызстанда кереги жок экенин билдирди. Президенттин пикири боюнча, эки депутат тарабынан сунушталган идея парламентте колдоо таппайт.

Атамбаев журналисттерге «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамга вето кое тургандыгын айтып түшүндүрдү.

Өлкө башчысы парламент баары бир ал сунушту колдобойт деп эсептейт.

«Жогорку Кеңеште туура ой жүгүрткөн депутаттар көп», — деди Атамбаев журналисттерге.

«Бизде белгилүү бир уюмдар тарабынан каржыланып, алардын тапшырмасын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдар бар. Чындыгында бул туура. Мындай практика АКШда да, Россияда да бар. Бирок бизге баары бир андай мыйзамдын кереги жок деп ойлойм», — деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги президенттин айткандарын.

Мындай пикирин Атамбаев Бельгияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында билдирди. Анда өлкө башчысы Европа биримдиги жана НАТОнун лидерлери менен да жолуккан.

Россия мыйзамынын көчүрмөсү

Турсунбай Бакир уулу башында турган депутаттар тарабынан Кыргызстандын бир нече мыйзамына, анын ичинде «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөрүүлөрдү киргизүү идеясы 10-сентябрь күнү сунушталган.

Алар чет өлкөлөрдөн каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агент» статусун берүүнү сунушташкан.

Сунушталган чараларга ылайык, коммерциялык эмес уюмдар статусту алуу менен бирге мамлекеттик органдар тарабынан көбүрөөк текшерүүгө алынат.

Дээрлик толугу менен Россия депутаттарынын сунушунун көчүрмөсү болгон Бакир уулунун десилгеси укук коргоочулар тарабынан катуу сынга алынды.

«Фридом Хаус» уюму мындай мыйзам күчүнө кирген Россиянын мисалына таянып, ал жакта «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам «жалган айыптоолор менен» жүздөгөн коммерциялык эмес уюмдардын текшерилишине себеп болуп калганын билдирген.

Өз кезегинде 18-сентябрь күнү Кыргызстан укук коргоочуларынын биримдиги Бакир уулунун өзүн «чет элдик агент» деп табуу чакырыктары жазылган пресс-релиз тараткан.

Биримдикте эсептешкендей, депутат мамлекеттик бюджеттен айлык алат, өз кезегинде ал жарым-жартылай чет элдик донорлордун гранттарынын эсебинен түзүлгөндүктөн Бакир уулу өзүнүн мыйзам долбоорундагы критерийлерге өзү туура келип калат.

Автор: Бектур Искендер