Депутаттар чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агент» статусун берүүнү сунуштап жатышат

Парламенттин бир нече депутаты чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агент» статусун берүү жана аларга бийлик тарабынан көзөмөлдү күчөтүү боюнча Кыргызстандын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин коомдук талкууга алып чыгышты.

Эгер демилге колдоо тапса биринчи кезекте «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» жана «Юридикалып тараптарды мамлекеттик катто жөнүндөгү» мыйзамдарга, ошондой эле Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилет.

Катарында коммерциялык эмес уюмдарды сынга алып келген депутат Турсунбай Бакир уулу бар демилгечилер тобу алар тараптан сунушталып жаткан чаралар коммерциялык эмес уюмдар тармагынын «ачык болушуна» алып келет деп эсептешет — бул тууралуу мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылган.

Азырынча Kloop.kgнин редакциясы мыйзам долбоорунун автору болгон депутаттардын биринен да комментарий ала алган жок.

Жаңы чараларга ылайык, «чет элдик агент» статусун саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар гана алышат, бирок алардын ишмердүүлүктөрүнүн түрүн уюм өзү эмес мамлекет аныктайт.

«Коммерциялык эмес уюмдар анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарына карабастан, мамлекеттик органдар тарабынан чечимдердин кабыл алынышына таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштуруу жана өткөрүүгө катышса (каржылоо жолу менен да) саясий ишмердүүлүккө катышты деп таанылат», — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.

Андан сырткары сунушталган өзгөртүүлөр коммерциялык эмес уюмдарга карата мамлекеттик органдардын көптөгөн жаңы чараларды колдонушуна уруксат берет — алсак, өзүнүн уставдык максаттарына дал келбесе аны жабуу, ошондой эле уюмдун иш-чарасына бийлик өкүлдөрүнүн катышып текшерүүгө алуу укуктары.

Демилге «колдоо таппайт»

Жарандык сектор менен саясий талдоочулар эгер мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе мамлекеттин көңүлүнө жакпаган коммерциялык эмес уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүсүнө жол берээрин билдиришип, бул идеяны катуу сынга алышты.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова бул идеяны «конституцияга каршы келген идея» деп атады.

Ал Kloop.kgнин журналисттерине берген маегинде Кыргызстанга чет элдик каражаттарды тартууга Бакир уулунун өзүнүн байланышы бар экенин белгиледи. Айтымында, эл өкүлү негизинен гранттарды АКШ менен Европа өлкөлөрүнөн алып жаткан коммерциялык эмес уюмдардан айырмаланып каражатты Сауд Аравиясынан алат.

«Андан көрө Бакир уулу Сауд Аравиясынан алып жаткан акчаларын сарптасын», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Исмаилова бул демилгенин парламенттен өтпөстүгүнө ишенет.

Россия идеясынын көчүрмөсү

Бакир уулу менен анын кесиптештеринин идеясы — Россиянын мыйзамына киргизилген ушундай эле өзгөртүүлөрдүн дээрлик көчүрмөсү.

2012-жылдын июлунан баштап Россиянын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамында ушуга окшогон чаралар иштеп баштаган, ошондой эле анда «чет элдик агент» статусун алуу үчүн дээрлик кыргыз депутаттары сунуштагандай эле шарттар каралган.

Россиялык укук коргоочулар жаңы мыйзам мамлекеттин мыйзам бузууларына көзөмөл жүргүзүүгө багытталган укук коргоо ишмердүүлүгүн да өз ичине камтып, «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгүн өтө эле кеңири түшүндүрөөрүн айтып нааразы болушкан.

Kloop.kgнин редакциясы түшүнгөндөй, Кыргызстанда жаңы чаралар ишке аша турган болсо бул жерде да жогорудагыдай абал пайда болушу мүмкүн.

Саясий талдоочу Марс Сариев өлкөгө Россиянын демилгелерин кайталоого болбойт деп эсептейт.

«Кыргызстан — Россия менен тең эмес. Кыргызстан — жарандык коому дээрлик толугу менен чет элдик гранттарда кармалып турган кичинекей мамлекет», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Анын кесиптеши Марат Казакпаев да ушундай эле пикирди карманат.

«Коммерциялык эмес уюмдардын көбү мамлекет жетпеген жерлерде өтө жакшы жардам беришет, — деп эсептейт ал. — Бул демократиядан кетенчиктөө болот, жарандык коомдун андан аркы өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат».

Авторлор: Бектур Искендер жана Мария Гребнева