Ысык-Көл облусу: Айылдык кеңештин депутатына кол салуу анын «профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу

800px-Issyk_Kul_at_sundown

Ысык-Көл облустук ИИБсинин кызматкерлери Бостери айылдык кеңешинин депутаты Чынаркүл Молдошевага кол салуунун негизги себеби катары анын «профессионалдык ишмердүүлүгүн» эсептеп жатышат. Учурда жарадар депутат Улуттук госпиталда дарыланууда, абалы «туруктуу» деп бааланып жатат.

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан Бостери айылдык кеңешинин депутаты Чынаркүл Молдошевага кол салуу жума күнү, 3-августта болгон.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан түнкү саат 23:00дөрдө белгисиз адамдар Молдошеванын короосунан депутатты көздөй ок чыгарышкандыгын билдиришти.

Ысык-Көл ИИБсинин улук тескөөчүсү Сталбек Усубакуновдун айтымында, депутаттын маңдайына ок тийип, Улуттук госпиталга жеткирилген.

Молдошевага хирургиялык операция жасашып, окту алып чыгышкан. Депутаттын абалы «туруктуу» деп бааланып жатат, деди Усубакунов.

Комментарий алуу үчүн Улуттук госпиталдын Нейротравма бөлүмүнүн дарыгерлери жеткиликсиз болууда.

Себеп – «профессионалдык ишмердүүлүк»

Сталбек Усубакунов «Kloop.kgге» берген маегинде кол салуунун себептери катары бир нече версия каралып жатканын билдирди. Айтымында, алардын негизгилеринин бири болуп анын Бостери айылдык кеңешиндеги профессионалдык ишмердүүлүгү эсептелүүдө.

«Ал өз айыл аймагындагы коррупциялык схемалар тууралуу үзгүлтүксүз ачык билдирип келген. Ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына болгон криминалдардын таасири, алар менен болгон байланыштары жөнүндө айткан», – дейт Усубакунов.

Ал кошумчалагандай, буга чейин Молдошеванын арызы боюнча мурунку айыл башчыларына карата эки кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн шектүү адамдардын аты-жөнү ачыкталбай эле.

Автор: Ольга Барвинская

Редактор: Улугбек Акишев