Атамбаев Улуу Британияны Максим Бакиевди калкалап жатат деп айыптады

doroga

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев мурунку президент Курманбек Бакиевдин Улуу Британияда жашап жаткан уулу Максим Бакиевге карата «кош стандарттуулук» жасалып жаткандыгы үчүн чечкиндүү түрдө каролдукту сынга алды. Кыргызстанда Максимге каршы экономикалык кылмыштарды жасаган деген шек менен кылмыш иштери козголгон.

Британдык «Гардиан» басылмасы Атамбаев Улуу Британияга каршы«каардуу сөздөрүн» айтып баштады деп жазды — президент өлкөнү Кыргызстандын миллион долларлык каражатын тоноп кеткен адамды калкалап жатат деп айыптады.

«Улуу Британия Муаммар Каддафи менен Башар Асаддын уулдарын баш калкалаттыбы? Бул жерде Кыргызстанга карата эмнеге кош стандарттар? Британ бийлиги Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө жардам берүүнү каалап жаткандыктарын айтышууда. Бирок бул жалган. Силер бизди тоноп кеткен адамды баш калкалаттыңар. Уурдалган ал каражатты биз таза шайлоо өткөрүү үчүн пайдалансак болмок», — деп жазат гезит Атамбаевдин айткандарын.

Президент британ бийлигинин аракеттерин түшүнбөй жаткандыгын билдирди.

«Мен 20 жылдан бери оппозицияда жүрүп, демократия үчүн күрөшүп келгем, бирок мен демократия жөнүндө жакшы-жакшы сөздөрдүн артында өтө булганыч калптардын жаткандыгын болжолдогон да эмесмин. Бул үрөй учурарлык нерсе. Британия демократияны негиздөөчүлөрдүн бири жана биз анын Кыргызстанга каршы мындай аракеттерин түшүнө албай атабыз. Мен Улуу Британия үчүн уялып жатам. Мен саясатчылардын мынчалык уятсыз жана коррупциялашкан болоорун күткөн эмесмин», — деди Атамбаев.

«Гардиан» Максим Бакиевдин өзүнөн комментарий ала албагандыгын жазган.

Kloop.kgге Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинен бүгүн кыргыз президентинин айткандары боюнча комментарий бере турган адамдардын жоктугун айтып, эртең байланышууну сунушташты.

Экс-чиновник жана мурунку президенттин уулу

Максим Бакиев – Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кичүү уулу.

Атасы өлкө башчысы болуп турганда Максим Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп турган.

2010-жылдын 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүш болуп, Курманбек Бакиев бийликтен кеткенден кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевге карата кылмыш ишин козгогон.

Ал кызмат абалынан пайдаланып кылмышка катышкан, мамлекеттик насыяны максатсыз пайдаланып, мыйзамсыз алынган акча каражаттын легалдаштырган жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталган.

2010-жылдын май айында ал Интерполдун изи боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган — 2010-жылдын 14-июнунда ал Улуу Британиянын «Фарнборо» аэропортуна ижарага алган жеке учагы менен келип конгондо британ чек ара агенттиги тарабынан кармалган.

Кийинчерээк мурунку президенттин уулу өмүрү үчүн чочулап Улуу Британиядан саясий башпаанек сурап кайрылган. Бакиевге ал өлкөнүн аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

2013-жылдын мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку президенттин уулуна карата үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.— сот аны «Түндүк электр» ишканасын сатуу менен мамлекетке 133 миллион долларлык мүлктүк зыян келтирген, ошондой эле «коррупцияга» жана «кылмышка катышууга» күнөөлүү деп тапкан.

Максим Бакиев 7-апрель окуялары боюнча өтүп жаткан соттук процессте сырттан өтүп жатат.

Америка Максимди АКШнын мыйзамдары менен тыюу салынган инсайдерлик маалыматтардын негизинде каржы келишимдерди түзгөн деп айыптаган. Бирок ага карата АКШда козголгон иш 2013-жылдын май айында токтотулган.

Автор: Зарема Султанбекова