Фоторепортаж: Өзгөндөгү атактуу таш, же “ташка айланган койлор”

Оштун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө “Карынбайдын таштары” аттуу таштар бар. Бул жерди көбү уламыштардан эле уккан, көбү жанынан көрө элек. Кыргызстандын бүт аймактарынан бул жерден ташты ташып кетишип, ар түркүн нерселерге пайдаланышат. 

Мында атайын фоторепортаж гана берилди. Жакын арада Жалпак-Таш айылы боюнча атайын иликтөө да жарык көрөт. 

Жалпак таш

Жалпак таш (1)

Жалпак таш (8)

Жалпак таш (3)

Мында учурда таш ташыган 18 ишкана бар. Иштеп жатканы 6 таш өндүрүүчү  ишкана, 2 цех бар заводдордо өздөрү өндүрүшөт, алар даяр продукция чыгарат.

Таш ташып кетип аткан ишканалар жерине жараша гектарга, сотыхка карап, айыл өкмөткө 12% налог төлөшөт. 6% мамлекетке 6% Жалпак-Таш айылынынын бюджетине түшөт.

Жалпак таш (5)

Жалпак таш (10)

Жалпак таш (9)

Жалпак таш (22)

Жалпак таш (25)

Статистикалык маалыматтарга ылайык, бул жердеги таштар 3 кылымга жетет.

Жалпак таш (28)

 

Жалпак таш (23)

Жалпак таш (24)

Жалпак таш (14)

Жалпак-Таш биринчи жолу 1978-79-жылы геологиянын балансына 80 гектар өткөрүлгөн. Бул жер Сары-Таш  кыргыз географиялык экспедициясы жардамында ачылган. Андан кийин Жалал-Абат кыш заводу да мында изилдөө иштерин жүргүзгөн.

Жалпак таш (32)

Жалпак таш (30)

Жалпак таш (25)

Жалпак таш (20)

Мында учурда болжол менен 150дөй киши иштейт. Жалпысынан 100дөй оор жүк ташуучу унаалар таштарды жер-жерлерге жеткиришет. Таштарды үй курууга, дубал курууга жана башка курулуш иштерине иштетишет.

Жалпак таш (27)

Жалпак таш (19)

Жалпак таш (11)

Легендарлуу таштын кантип пайда болгонун эл оозунда толтура жомок менен айтып келишет. Алардын эң атактуусу "Карынбайдын ташы" уламышы. "Илгери, Карынбай деген ач көз киши болгонэкен. Ал кудайдан жүз миңдеген мал, дагы ушунча жылкы бер дептир. Анан малынын туягын карап, дагы ушунча болсо дейт имиш. Дагы ошончо мал берсе, буттарын карап алып дагы дейт экен... Айтымында, анын малы сансыз болуп, бир сайды түгөтө ичип салышчу экен. Бирок Карынбай ошого да шүгүр кылбай, эч ким менен бөлүшкөн эмес. Жадакалса бир коюн да сойгонго ичи оорунган  эч качан тойбостугунун айынан бардык малдары ташка айланып калган экен. Карынбайдын өзүн болсо жер жутуп кетиптир. Ошол окуя ушул жерде болуп, анын койлору ушул таштарга айланып калган дешет"...

Фоторепортаждын автору: Айгерим Абибиллаева.

Редактор: Эрнист Нурматов.