«Эл аралык мунапыс»: кыргыз соттору кыйноолорго каршы күрөшүүдө алсыз

py-tki

Кыйноолор жана мыкаачылык менен мамиле кылуунун башка түрлөрү Кыргызстанда кеңири жайылган бойдон калып, алар менен күрөшүүдө сот системасы алсыз болууда — бул тууралуу «Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюмунун 2013-жылдагы отчетунда жазылган.

Укук коргоочулар кыйноолор боюнча БУУнун атайын докладчысы Хуан Мендестин маалыматтарына таянып жатышат. Отчетто мындай деп жазылган:

«2010-жылдын июнундагы окуяларга байланышкан соттордо судьялар менен прокурорлор жактоочулардын же айыпталуучулардын кыйноолор болуп, жаман мамилелер жасалып аткандыгы боюнча даттанууларына көз жумуп коюп жатышат».

Отчетко ылайык, Кыргызстандын өкмөтү бир тараптуулугу үчүн докладчыны айыптап, Башкы прокуратура арыздардын бардыгын карап чыгып, ишендире турган далилдерди таппагандыгын билдирген.

«Эл аралык мунапыс» ошондой эле 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кыргыздарга караганда өзбек азчылыгы көбүрөөк сот жообуна тартылып жаткандыгын билдирди.

«Негизинен өзбек азчылыгынын өкүлдөрүн негизсиз камакка алуу 2012-жылы кадимки көрүнүштөй эле сезилип калгандай, 2010-жылдын июнь окуясы боюнча уланып жаткан тергөөнүн алкагында өзбек азчылыгына карата жасалган мыйзам бузуулар тууралуу үзгүлтүксүз билдирүүлөр келип жатты», — деп жазылган отчетто.

Уюм милицияны өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган өзбек улутундагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча да бийликтин аракеттерин сынга алууда.

«Эл аралык мунапыс» Кыргызстандагы оң тенденцияларды да — алардын ичинде Россиянын жараны Усмонжан Холмирзаевдин өлүмүнө себепкер болушкан төрт милиция кызматкеринин үстүнөн башталган сот процессин белгилеген.

Укук коргоо уюму ошондой эле 2010-жылы июнь окуясы боюнча кармалып, кийинчерээк бошотулуп акчалай компенсация алган этникалык өзбек Фаррух Гапиров менен болгон окуяны да эскерген.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев жеткиликсиз болууда.

Өткөн жылдын февралында башка, «Хьюман Райтс Уотч» (HRW) эл аралык уюму өзбек азчылыгынын укуктарын коргоодо Кыргызстандын иши ордунан чыкпай калганын билдирген.

«2010-жылдагы коогалаңды иликтөө ордунан жылбай эле. Негизинен өзбек улутундагылардын үстүнөн өткөрүлүп жаткан процесстер эл аралык сот акыйкаттыгынын стандарттарын бузуу менен жүргүзүлүп жатат», — деп эсептейт HRW.

Анда Кыргызстандын укук коргоо органдары ал сын менен макул болушкан эмес.

«Бизде, милиция кызматкерлеринин арасында, улуттар боюнча бөлүнүү жок», — деген Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү.

Автор: Зарема Султанбекова