Бостондогу жардырууларды уюштурууга шектелип жаткандардын бири Кыргызстанда туулган

suspects1and2

Америка полициясы Бостон марафонунда 15-апрелде болгон терактты уюштурууга шектелип жаткандардын аты-жөнүн билдирди  — болжолдуу түрдө алар Түндүк Кавказдан чыккан Джохар жана Тамерлан Царнаевдер. Орусиянын ММКлары Царнаевдин үй-бүлөсү Дагестанга 2001-жылы Кыргызстандан көчүп баргандыктарын билдирип жатышат.

Американын массалык маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, учурда полиция болжол менен 15-апрелде Бостондо болгон эки жардырууну уюштургандардын бири болгон 19 жаштагы Джохар Царнаевди издеп жатат. Шектелип жаткандардын экинчиси катары Царнаевдин агасы Тамерлан айтылууда.

Американын “Вашингтон пост” басылмасы Джохар Царнаевди кармоо боюнча операция 18-апрелден бери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирүүдө – дал ошол күнү Бостондон алыс эмес Кембридждеги Массачусетск технологиялык институтунда ок атуулар болгондугу тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Атышуулардын жүрүшүндө окуу жайдын коопсуздук кызматындагы полиция кызматкери оор жараат алып, кийинчерээк ооруканадан каза болгон.

Ок атуулардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири - Тамерлан Царнаев өлгөн — божомолдоолор боюнча, аны бир туугандар уурдап качкан унаа менен качып кетүүгө аракет кылып жаткан Джохар тепселеп кеткен.

Экинчи шектүүнү издөө Кембридждин батышыраак жагындагы Уотертаунда жүргүзүлүп жатат. Басылманын маалыматы боюнча, Уотертаундун жашоочуларына үйлөрүнөн алыс чыкпоо сунушталган, шаарда коомдук транспорттор жүрбөй эле, көчөлөр полиция тарабынан тосулган.

suspects-in-crowd-1
Федералдык тергөөлөр бюросу Бостондогу терактка шектелгендердин сүрөттөрүн сайтына жайгаштырган. Болжол менен сүрөттөгүлөрдүн сол тарабындагысы Джохар жана оң жактагысы Тамерлан Царнаевдер

Кыргызстандан барган

Джохар Царнаев жөнүндө толук маалыматты биринчилерден болуп англис тилдүү RussiaToday басылмасы жазган. Анда журналисттер анын “Вконтакте” социалдык түйүнүндөгү баракчасына шилтеме жасап, Бостондо жашай тургандыгын жана 2001-жылы Махачкаланын №1 мектебинде окугандыгын жазган.

Джохар Царнаев, «Вконтакте» социалдык түйүнүндөгү профилинин сүрөтү
Джохар Царнаев, «Вконтакте» социалдык түйүнүндөгү профилинин сүрөтү

Орусиялык  “Эхо Москвы” радиосунун кабарчысына берген маегинде аталган мектептин директорунун катчысы Джохар Царнаев үй-бүлөсү менен 2001-жылы Кыргызстандан Махачкалага көчүп баргандан кийин чындыгында эле ал жакта окугандыгын билдирген.

Американын Эн-Би-Си телеканалы да полицияга шилтеме жасап, Джохар Царнаевдин Кыргызстанда туулгандыгын билдирүүдө. Басылманын маалыматы боюнча, анын байкеси Тамерлан Орусияда туулган.

Кыргызстандагы чечен диаспорасынын башчысы Аднан Джабраилов Kloop.kgге берген маегинде чындыгында эле өлкөдө Царнаевдердин үй-бүлөсү жашагандыгын ырастады.

Ал үй-бүлө Токмок шаарында жашап, анан Чеченстандын Грозненск районундагы Старые Таги айылына көчүп кеткендиктерин билдирди.

«Алардын бардыгы тең мурун эле көчүп кетишкен, аты-жөндөрүн унутуп калдым», — деди Джабраилов.

Диаспора башчысы Джохар менен Тамерланды билбей тургандыгын айтты, бирок алар ал тааныган Царнаевдердин балдары болушу мүмкүн деп болжолдоду.

Бир тууган Царнаевдер америка полициясы тарабынан 15-апрель күнү Бостон марафонундагы теракты уюштурган деп шектелип жатышат.

Аралыгы бир нече секундду түзгөн жардыруулар Бостон убактысы боюнча 15:00дордо, болжол менен катышуучулардын алгачкылар марага жетип, акыркылары жакындап калганда болгон.

Жалпысынан, жардыруулардан үч киши каза болуп, 170тен ашыгы жараат алышкан.

Авторлор: Анна Лелик жана Александра Ли

Сүрөт АКШнын Федералдык тергөөлөр бюросунун расмий сайтынан алынды