ТИМ: Бостондогу жардыруулардан Кыргызстандын жарандары жабыр тартышкан жок

gknb-clash

Бостон марафонундагы жардыруулардан каза болгондордун жана жараат алгандардын тизмесинде кыргызстандыктар жок, деп билдирди ТИМ. Жардыруулар 15-апрель күнү болгон.

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинин болжолдуу маалыматы боюнча, Бостондогу жардыруулардан каза болгон жана жараат алган кыргызстандыктар жок.

Жалпысынан, жардыруулардан үч киши каза болуп, 140тан ашыгы жараат алышты, деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Жардыруулар Бостон убактысы боюнча 15:00дордо, болжол менен жеңүүчүлөр финишке жеткенден эки саат өткөндө, бирок катышуучулардын акыркылары финишке жете электе болгон.

Алар эки «кубаттуу механизмдин» жардамы менен ишке ашырылган, — деп билдирүүдө Би-Би-Си АКШнын полициясына шилтеме жасап.

Кийинчерээк, америка полициясы Кеннеди атындагы китепканада да жардыруу болгонунун билдирген. Бирок ал үч жардырууну бири-бирине байланыштырыштыбы жокпу азырынча түшүнүксүз бойдон калууда.

Дагы деле марафондогу жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Полиция да азырынча бул иш боюнча эч кимди кармай элек.

Бостон марафону АКШдагы ири спорт мелдештеринин бири, ал жыл сайын өткөрүлүп турат. Быйыл мелдешке катышуу үчүн 27 миң киши келген.

Автор: Тилек Бейшеналиев

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды