Бишкек: Маршруттук такси күйүп кетти, жабырлангандар жок

IMG_0064_

Жүргүнчүлөрү бар №215 маршруттук такси Бишкектин Манас проспектисинде өрттөнүп баштаган. Өрттүн чыгышына зымдардын тийишүүсүнөн чыккан жалын себеп болгон. Каза болгондор жок.

Ичинде жүргүнчүлөрү бар «Мерседес-Бенц 602» үлгүсүндөгү маршруттук таксидеги өрт 7-февраль күнү болжол менен саат 20:30дарда башталган — бул тууралуу өрткө каршы кызматтын диспетчери Айгерим Турсуналиева билдирди.

«Биздин балдар барганда өрттү өчүрүп жатышыптыр. Жабыркагандар жок, жүргүнчүлөрдүн бардыгы сыртка чыгып кеткен», — деди ал.

Турсуналиеванын айтымында, өрт - өрт өчүрүү кызматы баргандан кийин он беш мүнөттө толугу менен өчүрүлгөн, бирок бул убакыттын ичинде мотор отсеги менен унаанын салону күйүп кеткен.

Окуянын күбөсү Дмитрий Сагайдак ал жерге тез жардам унаасы менен Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери келип жаткандыгын көргөн.

«Мен түтүн менен отту көрдүм. Унаа күйүп жаткандыгын байкадым, бирок кайсы үлгүдөгү унаа экенин так көрө алган жокмун», — деди күбө.

Тез жардам кызматынан Манас проспектисиндеги маршруттук таксинин өрттөнүшү боюнча чакыруу катталбагандыгын билдиришти.

«Мүмкүн ал башка тез жардам кызматы болгон чыгаар, азыр жеке кызматтар көп эмеспи», — деди тез жардам кызматынын өкүлү.

Автор: Алексей Ким