Евробиримдик Кыргызстанга 1 миллиард сом бөлөт

5-02-2012_many_kirgyz_som_5000_1000_100_200_elyor_nematov_kloop_bishkek_kirgyzstan-11

Бөлүнө турган каражат өлкөнүн социалдык жана экономикалык керектөөлөрүнө, ошондой эле уран калдыктарын сактоочу жайларына жумшалат, деп билдирди Евро биримдиктин Кыргызстандагы өкүлү.

Каражатты бөлүү тууралуу макулдашууга кол коюлду, деди Евро биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын кызматкери Данияр Жакыпов.

Ал жалпысынан 19,6 млн евро (1 млрд сомдон көбүрөөк каражат) бөлүнө тургандыгын айтты, бирок өлкө казынасына ал каражаттын качан келип түшөөрү азырынча белгисиз.

Ал каражаттын 13 млн евросу социалдык коргоо стратегиясынын ишке ашырылышына, 4,5 миллиону – Жалал-Абад облусунун экономикалык өнүгүүсүнө сарпталат. Калган каражат Жалал-Абад облусунун Шкафтар жана Нарын облусунун Миң-Куш айылдарындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга жумшалат, деп түшүндүрдү Жакыпов.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Маалымат, эл аралык кызматташуу жана гуманитардык жардам башкармалыгынын башчысынын орун басары Чолпон Мамбеталиева бөлүнгөн каражаттын эсебинен Кыргызстандагы эң төмөнкү айлык маянанын өлчөмүн көбөйтүү пландалып жаткандыгын Kloop.kgге билдирди. Бирок мекеме азырынча алардын канча суммага көбөйтүлөөрүн билбейт.

Мамбеталиева учурда эң төмөнкү айлык маянанын көлөмү 580 сомду түзөөрүн кошумчалады.

Ошондой эле грант катары бериле турган каражаттын эсебинен балдарды коргоо жана социалдык мекемелерди өнүктүрүү үчүн да акча бөлүнөт.

Жалал-Абад облусунун аппарат жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров Kloop.kgге берген маегинде аларда экономикалык көйгөйлөр көп экендигин билдирди.

«Облуста ирригациялык системаны өнүктүрүү зарыл. Айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн да жогорулатуу керек. Иштебей туруп калган ишканалар дагы бар, аларга каражат бөлүп жаңы кубаттуулукта ишке берсе болот. Суу менен камсыз кылууну жакшыртып, ички жолдорду оңдоп, жаңыларын куруу керек», – деди Абдыкадыров.

Калдыктарды сактоочу жайларды колдонуу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Анаркул Айталиев Kloop.kgге берген маегинде мекеме үчүн ал каражаттар өтө пайдалуу болоорун айтты.

«Биринчи кезекте уран калдыктарын сактоочу жайлардын жергиликтүү жашоочулар менен айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеши үчүн. Мында изилдөө, лабораториялык жана калыбына келтирип куруу сыяктуу ири суммадагы каражат сарптала турган иштер талап кылынат», – деди Айталиев.

Ал бөлүнгөн каражаттар дал Шкафтар менен Миң-Куш үчүн жумшаларын билдирди. Айтымында, учурда аталган калдык сактоочу жайлар көбүрөөк коркунуч туудурууда.

Автор: Мария Гребнева