Сох анклавынын жанындагы жаңжал: барымтадагы 16 кыргызстандык бошотулду [16:47де жаңыланды]

bishkek-atight_10349

Кыргызстандын чек ара кызматы өзбек айылынын жашоочулары менен Кыргызстандын чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан кийин барымтага алынган 16 кыргызстандык өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен бошотулгандыгын билдирди.

16:47 Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев бошотулган кыргызстандыктардын абалы «канааттандыраарлык» деп бааланып жаткандыгын айтты.

Алар менен дарыгерлер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү маектешишет. Чек ара кызматы барымтадагылардын кандай шарттарда кармалгандыктары тууралуу кийинчерээк билдирээрин айтып, убадалады.

Мамбеталиев өкмөт үйүнүн алдындагы митингде:

agt_109

16:40 Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев бошотулган кыргызстандыктар чек арадан өткөрүлгөндүгүн Kloop.kgге билдирди.

16:20 Барымтадагылар бошотулду.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев барымтада 16 киши болгондугун билдирди.

Бишкектеги митинг катышуучулары таркап кетишти.

16:13Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев жакынкы сааттарды барымтадагы кыргызстандыктар бошотулушу керектигин Kloop.kgнин кабарчыларына кабарлады.

Анын айтымында, барымтадагылардын саны 15-20 киши. Өзбекстандын укук коргоо органдары аларды Хушяр айылдык ооруканасына алып барып, жергиликтүү тургундардан кайтарып жатышат.

«Хушярда кырдаал оор  — биздин 15-20дай жараныбыз айылдык ооруканада, аларды Өзбекстандын Сох районунун укук коргоо структуралары кайтырып жатышат», — деди ал.

16:07 Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев Өзбекстандын жарандарынын жарадар болгондугу тууралуу өзбек бийлиги таркаткан маалыматты четке какты.

Анын айтымында, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери адамдарга карата ок чыгарган эмес, эскертүү катары асманга гана атышкан.

Мамбеталиев Кыргызстандын өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы, ошондой эле эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчылары жолугуша тургандыктарын Kloop.kgге ырастады.

16:02 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев Ош шаарында Сох анклавындагы окуя боюнча эч кандай митингтин жоктугун жана жалпысынан шаарда кырдаал туруктуу экендигин билдирди.

16:00 Өзбекстандын Чек ара кызматы таркаткан пресс-релизде «Чарбак» чек ара заставасынын аскерлери электр чубалгыларын өзбек тарапка кабарлабастан өз алдынча орнотуп башташкан, деп жазылган.

Бирок буга чейин Кыргызстан өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев кыргыз чек арачылары бардыгын өзбек тарап менен макулдашкандыгын Kloop.kgге билдирген.

Өзбекстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, алардын чек ара кызматкерлери кыргыз аскерлерин токтотуп, жаңжалдын чыгуусунун алдын алууга аракет кылышкан.

«Бирок, кыргыз тарап кеңешпестен эле ал аймактын Өзбекстанга тиешелүү экендигин билип туруп электр чубалгыларын тартуу иштерин уланткан, бул өз кезегинде Кыргызстандын аскерлери менен Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосундагы кагылышууну пайда кылган», — деп жазылган билдирүүдө.

Пресс-релизге ылайык, кагылышуунун жыйынтыгында кыргыз чек арачылары курал колдонуп, Өзбекстандын беш жаранын жарадар кылышкан. Алардын абалдары өтө оор деп бааланууда.

Өзбекстандын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

15:36 Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг катышуучулары премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин чыгышын талап кылып жатышат.

Чогулгандардын алдына өкмөт башчысынын ордуна ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев чыгып, өлкөнүн түштүгүндө кырдаал «туруктуу» экендигин айтты.

15:32 Бишкекте - Ак үйдүн алдында 80дей киши чогулду.

aght_109

Алар шаардын түндүгүрөөк жагындагы өкмөт үйүнүн жанына келишти.

Митингтин катышуучулары бийликтин Сох анклавындагы окуяга анын башталганына бир сутка болгондо гана көңүл бургандыгына нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу Kloop.kgнин аянттагы кабарчысы Алексей Ким билдирүүдө.

Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын алдына парламенттеги оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын депутаттары Улугбек Кочкоров менен Курманбек Осмоновдор чыгышты.

Эки парламентарий тең митингтин катышуучуларынын талаптарын парламент жыйынында билдирүүнү убадалашты.

15:13 Кыргызстан өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде учурда Баткен облусунда кырдаал «туруктуу» экендигин билдирди.

«Учурда Баткен облусундагы кырдаал көзөмөлдө, укук коргоо органдарынын бардыгы күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат [...] Эч кандай митинг жок», — деди ал.

Бердишев кыргыз жана өзбек тараптарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жаңы гана башталгандыгын кошумчалады.

«Өзбек тараптын өкүлдөрүн көпкө күттүк. Алар азыр гана келип сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди басма сөз катчы.

15:07 Сох анклавындагы окуяларга байланыштуу Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат:

bishkek-aght_109

bishkek-atight_109

Сүрөттүн автору: Алексей Ким, Kloop.kg

14:27 Аты-жөнүн айткысы келбеген Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери учурда Хушяр айылынын жашоочулары тарабынан «сабалган» милиция кызматкери ооруканада экендигин билдирди.

«Дарыгерлер анын абалын ортодон оорураак деп баалап жатышат», — деди ал.

13:58 Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин басма сөз катчысы Мелисбек Эржигитов учурда Сох анклавында сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын жана кененирээк маалыматты бир аздан кийин бере тургандыгын айтты.

Ал Сатыбалдиевдин жаңжал боюнча көз карашы кандай экендиги тууралуу комментарий бере алган жок.

13:48 Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, бүгүн күндүн экинчи жарымында жолугушуу тууралуу макулдашышты, деп билдирүүдө мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттиги.

«Кырдаалды турукташтыруу максатында КРнын Чек ара кызматынын жетекчилиги менен Өзбекстандын УККсынын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин жетекчилигинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду, ошондой эле жаңжалдын курчуп кетишине жол бербөө боюнча чек ара өкүлдөрү макулдашууга келишти», — деп жазат «Кабар» агенттиги Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчылыгынын билдирүүсүн.

Аңгыча, өлкөнүн түштүгүнө Кыргызстандын ички иштер министри Шамиль Атаханов учуп кетти.

13:19 Ташкент шаарынын Алексей аттуу жашоочусу өзбек маалымат каражаттарында жаңжал тууралуу эч кандай маалымат жок экендигин Kloop.kgге билдирди.

13:07 «АКИпресс» маалымат агенттиги 7-январга караган түнү барымтадан бошотулган жарандардын тизмесин басып чыгарды.  Бирок агенттик маалымат булагын билдирбей эле.

Ал тизмеге ылайык, бошотулган 14 кишинин 13ү аялдар менен кыздар жана дагы бирөө 2003-жылы туулган жаш бала.

12:40 Азырынча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда.

12:32 Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев Сох анклавында атышуулар болгондугу тууралуу жазган «Киртаг» агенттигинин маалыматын четке какты.

«Атышуу болгон эмес. Чек ара заставасына миңден ашык [өзбек] киши жакындап келгенде биздикилер жөн гана эскертүү катары асманга ок чыгарышкан. Жарат алгандар жок», — деди ал.

12:15 «Киртаг» маалымат агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап Сох анклавынын аймагында кыргыздар менен өзбектердин ортосунда атышуу болгондугун билдирүүдө. Такталбаган маалыматтар боюнча, анын жыйынтыгында эки киши каза болгон.

11:37 Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев кыргызстандыктар Өзбекстандын алты жаранын барымтага алган деген «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын маалыматын четке какты.

«Андай болгон эмес», — деди Бердишев.

Анын айтымында, барымтага алуу бир тараптан гана болгон — Хушяр айылынын жашоочулары Сох аркылуу өтүп бара жаткан кыргызстандыктарды жана ага чектеш жайгашкан бир катар кыргыз айылдарынын жашоочуларын барымтага алышкан.

11:32 «Вечерний Бишкек» гезитинин маалыматы боюнча, кечээ Кыргызстандын жашоочулары алты өзбекстандыкты барымтага алышкан, бирок сүйлөшүүлөрдөн соң бардыгы бошотулган.

«Вечерний Бишкек» бул маалыматты берүүдө Баткен облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме жасоодо, бирок маалымат тактала элек.

11:19 Тактоо: барымтага алуу фактысы боюнча буга чейин Kloop.kgге билдиришкендей төрт эмес, эки кылмыш иши козголгон.

Бул маалыматты Kloop.kgге Баткен облустук прокуратурасынан ырасташты.

Прокуратуранын кызматкерлери кылмыш иштеринин чоо-жайын айтуудан баш тартышты.

11:15 Мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттиги барымтадагылардын саны 22 деп билдирүүдө.

«Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов, Баткен облусунун губернатору Жеңишбек Разаков жана Баткен районунун акимдери Сох өзбек анклавында барымтага алынган 22 кыргызстандыкты бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө», — деп жазды «Кабар» агенттиги.

11:09 Окуя болгон жерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков, Кадамжай районунун бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын башчылары келишти.

11:01 Баткен облустук прокуратурасы өзбектердин Сох анклавында Кыргызстандын жарандарынын барымтага алынышы фактысы боюнча төрт кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Kloop.kgнин журналисттерине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев билдирди.

Ал кылмыш иштер кайсыл беренелер боюнча козголгондугун так айтып берген жок.

10:56 Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде барымтадагылар кандай шартта кармалып тургандыктарын айтып берди:

«Бошотулгандардын айткандары боюнча, барымтадагылар муздак жер төлөдө кармалууда. Учурда калган жарандарыбызды бошотуп алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деди Бердишев.

10:51 Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Сох анклавындагы окуя баюнча комментарий берген жок.

Kloop.kgнин кабарчысына өзбек ТИМинин кызматкерлери «азыр басма сөз катчы жок» деп билдиришти.

10:46 Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишевдин берген маалыматы боюнча, барымтага жалаң жарандык адамдар алынган.

Бул жаңжал 6-январь күнү күндүз Хушяр деген өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам пайда болгон.

«Өзбекстандын жарандары бардыгын талкалай башташты. Ал жерге биздин аймактык милиционер келип, алардын бул аракеттери мыйзамга ылайык келбестигин айтып түшүндүрдү, бирок алар милиционерди сабап салышты. Бир унааны талкалап, Кыргыз Республикасынын аскерлерине да кол салуулар болду», — деди Бердишев Kloop.kgге берген маегинде.

10:40 Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде учурда барымтада 20дай киши калгандыгын билдирди, бирок алардын так санын тактап айтып бере алган жок.

Анын айтымында, алгач барымтага Кыргызстандын 40тай жараны алынган, бирок Сох анклавы менен Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү бийликтеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин 14 киши бошотулган — негизинен алардын көбү аялдар менен балдар болгон.

Бердишевдин айтымында, учурда барымтада эркектер гана калды.

Барымтадагылардын бардыгы Сох өзбек анклавы менен чектеш жайгашкан Чарбак айылынын тургундары.

10:19 Сох өзбек анклавындагы кырдаал түшүнүксүз бойдон калууда. Азырынча расмий бийлик кеңири комментарий бербей эле, «Азаттык» радиосу өзбек аймагында Кыргызстандын 13 жаранын барымтага алынгандыгын кабарлоодо.

Кыргыз чек арачылары менен Сохтогу Хушяр айылынын тургундарынын ортосундагы жаңжалдын чыгуусуна чек арачылардын чек ара заставасына электр чубалгысын тартышы себеп болгон.

«Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаровдун маалыматы боюнча, кечээ эртең менен аталган айылдын миң чакты тургуну кайрадан чогулуп, тозотко электр зымын алып келген мамыларды оодарып салышкан. Жаалданган тургундар аны менен эле тим болбой жолдон өтүп бараткан эки автоунааны токтотуп, аларды талкалашкан. Ошондой эле коңшу Кыштут айыл өкмөтүнүн аймактык милиция кызматкери сабалып, анын унаасы талкаланган», — деп билдирет «Азаттык».

Авторлор: Мария Гребнева жана Александра Ли