Электр энергиясын өчүрүү болжол менен эки күндөн кийин токтотулат

bishkek-at-night_10349

Декабрдын аягында бузулуп калган Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегатты 4-январга карата оңдоп бүткөрүү пландалып жатат, деп билдирди «Электр станциялар» ишканасынын жетекчилиги. Ал бузулуу өлкө боюнча электр энергиясынын өчүрүүлүсүнө алып келген.

«Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун орун басары Жолдошбек Назаров учурда күндөп-түндөп оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын жана агрегатты эки күндүн ичинде ишке берүү пландалгандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Биздин адистер көйгөйдү тез аранын ичинде эле аныктап, агрегаттын ишин токтотушту. Авариялык өчүрүү болгон жок. Оңдоо иштери жүрүп жатат», — деди Назаров.

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Алексей Бородин бузулуп калган гидроагрегат оңдолуп, андагы көйгөйлөр жоюлгандан кийин электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр токтотула тургандыгын билдирди.

«Эгер Токтогул ГЭСиндеги жабдуулардын бардыгы иштеп турса электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болбойт», – деди ал.

Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттардын бири 27-декабрда иштен чыккан. Мындан улам электр энергиясын берүүдө өлкө боюнча эки сааттан ашпаган чектөөлөр киргизилген.

Бул быйылкы жылы кыргызстандыктардын электр жарыгын берүүдөгү көйгөйлөргө биринчи жолу туш келиши эмес.

Декабрдын ортосунда Кыргызстандын түндүгүндөгү электр желелер газдын өчүрүлүшүнөн улам пайда болгон ашыкча жүктөлүштөрдү көтөрө албай, электр жарыгы өчүрүлгөн.

Автор: Мария Гребнева